Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Орусиянын кеминде 53 аймагында бензин чектөө менен сатылууда

Москва. Мунай ишканасы өрттөнүүдө. Иллюстрация сүрөт.
Москва. Мунай ишканасы өрттөнүүдө. Иллюстрация сүрөт.

Орусияда көптөгөн аймактарда Украинанын соккуларынан улам мунай ишканалары жабыркап, бензин сатууга чектөө киргизилүүдө. 23-июндан тартып Воронеж облусунда "Лукойл" компаниясынын май куюучу жайларында, "Коммерсант" басылмасы жазгандай, бир машинеге 30 литрден, ал эми дизель отуну 60 литрден ашык эмес сатылат.

Омск облусунда бийлик бензинди бир кардарга 40 литрден ашырбай сатуу чечимин "жасалма ажиотаж жана чайкоочулук болуп кетпеши үчүн" деп түшүндүрүүдө.

Иркутск облусунун башчысы Игорь Кобзев айрым май куюучу жайларда чектөө киргизилсе, кээ бирлери жабылууга аргасыз болгонун билдирди.

Саратовдо бир машинага 30 литрден көп эмес бензин сатуу тууралуу чечим жарыяланды.

Ушундай эле чектөөлөр Амур, Тамбов, Липецк, Тула, Тверь жана Владимир облустарында катталууда.

The Bell басылмасынын эсептөөсүнө караганда, июнь айынын орто ченинде кара май рыногундагы чектөө Орусиянын кеминде 53 аймагында, Украинанын орус бийлиги аннексиялап алган облустарында жарыяланган.

Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачып, анын аймагын күн сайын дрон жана ракета менен аткылап келатканына бешинчи жыл болуп баратат. Соңку жылдары Орусиянын өзүнүн аймагы да бутага көп алынууда. Украина Орусиядагы чабуулдарга адатта комментарий бербейт, болгону, Москванын согуш машинасын токтотуу үчүн анын мунай жана аскердик продукция чыгаруучу ишканаларын жарактан чыгаруу керек деп эсептей турганын айтып калат.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG