Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:47

"Мурдагыдай схема бул жакта иштебейт". Прагада такси бизнесинде алектенген өзбекстандыктар тобу кармалды

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Чехиянын борбор калаасы Прагада Uber жана Bolt аркылуу такси кызматын көрсөткөн айрым жеке фирмаларга байланыштуу ири кылмыштын бети ачылды. Чехиянын полициясы, Бажы кызматы жана Салык башкармалыгы жүргүзгөн биргелешкен операциянын жыйынтыгында он адам камалды.

Шектүүлөрдүн сегизи чет өлкөлүк жаран, экөө Чехиянын жараны экени маалым болду. Чех маалымат каражаттары чет өлкөлүктөрдүн баары Өзбекстандын жарандары экенин жазышты.

Uber жана Bolt системасындагы өзбектердин бизнеси

Чехияга иштегени келген өзбекстандыктар үчүн кирешелүү жана туруктуу жумуш булактарынын бири бул такси айдоочулук.

Көптөгөн мигранттар Uber жана Bolt мобилдик тиркемелери аркылуу жүргүнчү ташуу менен алектенишет.

Бирок Чехиянын укук коргоо органдары бул тармакта ири каржылык схемалар жашырылганын аныкташты.

Жүргүнчү ташуу кызматында салык төлөөдөн качкан деп шектелген бир топ өзбек жарандары камакка алынды.

Чехиянын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш борбору, Бажы кызматы жана Каржы органдары биргелешип жүргүзгөн «Салык кобрасы» аттуу атайын операциянын алкагында жалпысынан 10 адамга айып тагылды.

Чех полициясы кармалгандар кайсы өлкөнүн жарандары экенин ачыктаган жок. Бирок айрым чех басылмалары алардын арасында Өзбекстандын жарандары бар экенин жазышты. Прагадагы өзбек коомчулугунун өкүлдөрүнүн айтымында, камакка алынгандардын сегизи Өзбекстандын жараны болушу мүмкүн.

Чех полициясы операция учурунда тартылган видеолорду жарыялады. Анда куралчан атайын күчтөр бир нече үйдө тинтүү жүргүзүп жатканы чагылдырылган.

Полициянын маалыматына караганда, рейддердин жүрүшүндө документтер жана электрондук түзмөктөр алынган. Ошондой эле 6 миллион крондон ашык накталай акча жана 8 миллион крондон ашык каражат топтолгон банк эсептери аныкталган.

Мындан тышкары, чех маалымат каражаттары бул кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө тиешелүү бир катар автоунаалар да камакка алынганын жазышты.

Чех полициясынын расмий билдирүүсүндө мамлекеттин бюджетине келтирилген аныкталган чыгымдын көлөмү 300 миллион крон экени айтылды. Бул болжол менен 14 миллион долларды түзөт. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө бул сумма дагы көбөйүшү мүмкүн экени белгиленүүдө.

«Уюшкан топ 2022–2026-жылдары такси кызматын көрсөткөн санариптик платформалар аркылуу жүргүнчү ташуу тармагында иштеген компаниялардын тармагын түзүп, башкарып келген. Бул түзүмдүн негизги максаты салык милдеттенмелерди системалуу түрдө азайтуу жана атаандаштарга салыштырмалуу мыйзамсыз экономикалык артыкчылыкка ээ болуу болгон», – деди Чех полициясынын басма сөз катчысы Ярослав Ибегей.

Тергөө материалдарына ылайык, эки уюшкан топ 2022–2026-жылдары санариптик платформалар аркылуу жүргүзгөн ишмердүүлүгүнөн түшкөн чыныгы кирешесин салыктан жашырып келген.

Бул үчүн уюшкан кылмыштуу топтордун жетекчилери «флотилия» деп аталган системаны колдонушкан.

Флотилиялар кандай иштейт?

«Флотилия» – жүздөгөн автоунааны башкарган жана айдоочуларды жумушка алган жеке компания.

Алар Uber жана Bolt сыяктуу эл аралык платформалар аркылуу такси кызматын пайдаланууну каалаган кардарларды таап, кызмат көрсөтүшөт.

Айдоочулардын айтымында, жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК) катары катталган көптөгөн флотилиялар дээрлик бирдей схема менен иштеп келишкен.

Башкача айтканда, Uber же Bolt аркылуу табылган кардар төлөгөн каражаттан бул платформалар өз кызмат акысынын үлүшүн кармап калышат. Ал адатта 10–20 пайызды түзөт.

Өзбекстандык жана Борбор Азиядан келген башка да айдоочуларды жумушка алган флотилиялар болсо мунун үстүнө дагы өздөрүнүн комиссиясын кошушкан. Ал дагы 5–9% тегерегинде болгон.

«Флотилиялар айдоочуларды жумушка алганда көбүнчө өздөрүнө тиешелүү даяр автоунааны берип, таксист болуп иштөө үчүн талап кылынган “сары карточканы” да жасап беришчү. Айдоочулардан “салыгыңарды өзүбүз төлөп беребиз” деп 5–9% чейин акча алышчу. Бирок, эми билип жатабыз, алар салык төлөбөстөн өздөрүнө калтырып жүрүшүптүр, ал эми биз муну билген эмеспиз», – деди аты-жөнүн атагысы келбеген айдоочулардын бири.

Мурда Чехияда такси айдап иштеген анжияндык Хаётулла Байбаев 2016–2019-жылдары азыр тергөө жүрүп жаткан флотилиялардын биринде иштегенин эскерет.

Анын айтымында, учурда чех укук коргоо органдары текшерип жаткан айрым такси флотилиялары айдоочулардан салык үчүн алынуучу төлөмдү 5% чейин түшүрүп, атаандаштарын рыноктон сүрүп чыгарууга аракет кылышкан.

Эң негизгиси, айдоочулардын эмгек акысы көп учурда накталай акча түрүндө төлөнүп келген.

«Автоунаанын бир жумалык ижара акысын төлөчүбүз. Бир жумада эсепке түшкөн акчадан фирма өзүнүн пайызын кармап калып, калганын ар жума сайын эсептешип берип турчу. Ал жерде жүздөн ашык өзбек, украин, азери жана башка улуттун өкүлдөрү иштечү. Бир жумада 10–15 миң крон тапсак, пайызын кармап калып, калганын накталай беришчү», – дейт Хаётулла Байбаев.

Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, шектүүлөр ушундай жол менен бири-бири менен байланышкан ондогон компаниялардын тармагын түзүшкөн. Мыйзамсыз бизнестин бети ачылып калбашы үчүн алар бир-эки жылдан кийин компанияларды жаап, ордуна жаңыларын ачып турушкан.

Ушундай ыкма менен алар салыктык текшерүүлөрдөн качууга жетишкен. Андан тышкары, салык органдары текшерүү баштаган учурда, компаниялардын айрымдары иш жүзүндө жок болуп калган.

Өзбекстанга кайтып кеткен «флотилиячылар»

Учурда өзбекстандык «флотилиячыларга» байланыштуу жүрүп жаткан тергөөнүн чоо-жайын билген чехиялык адвокат бул компаниялар көбүнчө ишке эч кандай тиешеси жок адамдардын атына катталганын билдирди. Анын айтымында, ал адамдардын көбү азыр Чехияда эмес. Адвокат аты-жөнү жашыруун калуусун суранган.

«Чех полициясы Өзбекстанга суроо-талаптарды жөнөтүп жатат. Бирок ал адамдар бир нече жыл мурда эле Чехиядан кетип, мекенине кайтып кетишкени белгилүү болууда. Алардын көбү өз атына компания ачылганын билбегенин айтып жатышат. Бул адамдар мыйзамсыз ишке өз каалоосу менен аралашканбы же алданып калышканбы, муну тергөө аныкташы керек», – деди адвокат.

Анын айтымында, учурда камакка алынган он адамга коюлуп жаткан айыптар далилденсе алар 10 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

«Чех полициясы салыктан качуу жана салык төлөбөө фактылары боюнча иликтөө жүргүзүп, көптөгөн мыйзам бузууларды аныктады. Азыр кеминде эки флотилиянын документтери текшерилип жатат. Бул, албетте, биз үчүн жагымсыз көрүнүш жана мигранттардын жашоосуна да терс таасирин тийгизет. Бирок постсоветтик өлкөлөрдө колдонулган айрым схемалар бул жерде иштебейт, полиция аларды тез эле аныктайт» - дейт Прагада жашаган юрист Абдусами Рахмонов.

Чехиянын расмий статистикасына ылайык, акыркы жылдары айрыкча Прагада такси айдоочуларынын саны кескин көбөйгөн.

Шаар бийлигинин маалыматына караганда, Uber жана Bolt сыяктуу санариптик платформалардын кеңири жайылышы үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары арасында такси айдоочусу болуп иштөөгө болгон кызыгууну да күчөткөн.

Айрыкча Украина, Өзбекстан жана Нигериянын жарандары арасында таксист болуп иштегендер көп экени белгиленет.

Расмий маалымат боюнча, Чехияда берилген 14 миң 808 такси айдоочулук уруксаттын дээрлик 6 миңи Украина жарандарына, 1153ү Өзбекстандын, ал эми 117си Нигериянын жарандарына таандык.

Прага шаарынын бийлиги айрым чет өлкөлүк айдоочулар калааны жакшы билбегенин, жол кыймылынын эрежелерин жетиштүү деңгээлде өздөштүрбөгөнүн жана бул жол коопсуздугуна терс таасир тийгизип жатканын белгилейт.

Ошондой эле айрым учурларда алардын чех тилин жетиштүү билбегени жана транспорт каражаттарын башкаруу көндүмү жетишсиз экени да жол кыймылынын коопсуздугуна таасир этери айтылууда.

Элчилик өзбекстандыктарды эскертүүдө

Такси тармагындагы камоолордон кийин Өзбекстандын Чехиядагы элчилиги өз жарандарын жергиликтүү мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырды.

Ушул максатта элчилик менен консулдук бөлүмдүн кызматкерлери Прагадагы «Түркстан эл аралык маданий борборуна» барып, ал жерде чогулган өзбекстандыктар менен жолугушуу өткөрүштү.

Бул жолугушууга «Азаттыктын» өзбек кызматынын кабарчылары да чакырылган.

Жолугушууда такси кызматында иштеген жарандарга мыйзамдуу негизде иштеген компаниялар менен гана кызматташуу, салыктык милдеттенмелерин өз убагында аткаруу жана эмгек менен миграция мыйзамдарын сактоо зарылдыгы түшүндүрүлгөн.

«Биз үчүн эң маанилүү маселе – Чехияда жашап жана эмгектенип жаткан Өзбекстандын жарандарынын укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана коопсуздугун камсыз кылуу. Ошол эле учурда ар бир жаран жашап жаткан өлкөнүн мыйзамдарын, салыктык тартиптерин, эмгек эрежелерин жана лицензиялык талаптарын так сактоого милдеттүү» - деди Өзбекстандын Чехиядагы консулу Дилшод Собиров.

Консулдун айтымында, Өзбекстандын тиешелүү органдары өз жарандарынын мыйзамсыз такси бизнесине тиешеси тууралуу маалыматтарды да иликтеп жатат.

«Айрыкча белгилей кетчү нерсе, адамдын күнөөсү соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен гана аныкталат. Ошондуктан бардык учурларда күнөөсүздүк презумпциясы сакталууга тийиш. Эгер Өзбекстандын жарандары бул иш боюнча катышуучу катары тартылган болсо элчилик өзүнүн консулдук ыйгарым укуктарынын чегинде керектүү укуктук жана консулдук жардам көрсөтүүгө даяр. Мындай учурларда жарандар же алардын жакындары элчиликтин консулдук бөлүмүнө кайрылса болот», – деди ал.

Дилшод Собиров азырынча Прагада мыйзамсыз такси ишмердүүлүгүнө өзбек жарандарынын катышы боюнча кошумча маалымат берген жок. Атап айтканда, канча өзбекстандык тергөөгө тартылганы, канчасы камакка алынганы же аларга кандай конкреттүү айып тагылганын.

Чехияда эрежелер өзгөрүүдө

Учурда Чехия парламенти жол транспорту тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди.

Жаңы эрежелерге ылайык, такси айдоочулары Чехияда же Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн биринде берилген айдоочулук күбөлүккө ээ болушу керек. Такси лицензиясы өлкөдө мыйзамдуу жашоо мөөнөтү аяктаганга чейин гана жарактуу болот, айдоочу расмий катталган такси автоунаасын гана колдоно алат. Мындан ары муниципалдык полиция да такси унааларын текшерүүгө укук алат.

Бул жаңы эрежелер быйыл июль айынан тартып күчүнө кирери күтүлүүдө.

«Такси тармагында олуттуу өзгөрүүлөр болот. Салык төлөбөстөн жана тиешелүү документтерсиз иштөө токтойт. Мисалы, Uber жана Bolt менен байланышкан иштерде полиция салык төлөө системасын көзөмөлгө алат. Жаңы тартип боюнча 2021-жылга чейин чыгарылган автоунаалар такси катары кабыл алынбайт, ошондой эле айдоочулардын иш убактысы да жөнгө салынат», – дейт Абдусами Рахмонов.

Чехияда Uber жана Bolt мобилдик тиркемелери менен байланышкан компаниялар өткөн жылы болжол менен 6,5 миллиард крон киреше тапканы айтылууда.

Бүгүнкү күндө Чехияда 30 миңден ашуун такси айдоочусу иштейт. Алардын басымдуу бөлүгү Прагада жайгашкан.

Расмий маалыматтарга ылайык, Чехияга көптөгөн айдоочулар Чыгыш Европа, Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн келишет. Алардын арасында Өзбекстандын, Ирактын жана мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдүн жарандары көп.

Чехиядагы бул окуя санариптик такси экономикасы аркылуу ишке ашырылып жаткан заманбап салыктык кылмыштардын кеңири тараганын көрсөтүп турат.

Чехиянын укук коргоо органдары учурда тергелип жаткан өзбекстандык флотилиялардын ишин санариптик экономика доорунда уюшкан салыктык кылмыштуулукка каршы жүргүзүлгөн эң ири операциялардын бири катары баалоодо.

Азырынча бул тергөө качан аяктай турганы жана анын жыйынтыгында канча өзбекстандык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн экени тууралуу маалымат жок. Бирок тергөөгө жакын булактардын айтымында, сөз кеминде ондогон адамдар жөнүндө болуп жатат. Консулдук жардам көрсөтүлүп жатканы тууралуу маалымат такталган жок.

Макаланын автору Ҳурмат Бобожон/Озодлик

Кыргызчага которгон Элиза Кененбаева

Шерине

XS
SM
MD
LG