Мурдараак Борбор Азиядагы мамлекеттер менен АКШнын президенттери эки ирет жолуккан, бизнес чөйрөнүн кездешүүсү ошонун уландысы болуп калды.
Кошмо Штаттар менен коңшу беш мамлекеттин экономикалык алакасында жылыштар бар. Бирок америкалык бизнес алыскы чөлкөмгө толук ишене элек, бул айрыкча онлайн соода жаатында көбүрөөк байкалат. Мындан сырткары экономикалык кызматташтыкка визалык чектөө да өз кедергисин тийгизиши мүмкүн.
Экинчи форумдун дүбүртү
B5+1 бизнес форумуна АКШнын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Кыргызстандын экономика, өндүрүш, соода жана инвестиция министрлери, алты өлкөнүн ишкерлери келишти.
Форумдун биринчи күнү – 4-февралда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Борбор Азияны бирдиктүү, келечектүү экономикалык аймак катары белгилеп, эл аралык бизнести кызматташууну жана инвестицияны кеңейтүүгө чакырды.
“2025-жылдын 6-ноябрында Вашингтондо өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Америка Кошмо Штаттарынын лидерлеринин саммити кызматташуунун ачык жана амбициялуу векторун белгиледи. Бүгүнкү күндө биз бул векторду конкреттүү мазмун менен толтуруп, идеяларды демилгелерге, байланыштарды туруктуу өнөктөштүккө, ниеттерди өлкөлөрүбүздүн өнүгүүсү үчүн иштеген чечимдерге айландыруубуз керек”, – деп белгиледи ал.
Форумда беш өлкөнүн расмий өкүлдөрү ар кимиси өз мамлекеттериндеги салыктык жана башка жеңилдиктерди санап, инвестиция салууга мүмкүн тармактарды сунуштап жатышты. Дээрлик баары финансы, кен казуу, энергетика, курулуш, жогорку технологиялар, авиация, агроөндүрүш, айыл чарба жана башка тармактарды океандын ары жагынан келген ишкерлерге сунуштап жатышты.
Бул жолку форумга АКШ президентинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Сержио Гор жана бир нече америкалык компаниянын өкүлдөрү катышты. Трамп администрациясындагы олуттуу кызматты ээлеген аткаминердин сапары форумдун маанисин билдирерин айтып жатышты.
Өзбекстанда туулуп өскөнү айтылган Сержио Гор Кошмо Штаттардын учурдагы бийлиги Борбор Азия чөлкөмүнө көңүл бурууну күчөтөрүн убада кылды:
"Мен президент Трамптын түз тапшырмасы менен келдим. Америка Кошмо Штаттары бул чөлкөм менен иштешүүнү каалайт. АКШ Борбор Азияны артыкчылыктуу багыт катары көрөт жана азыркы администрациянын алдыдагы үч жылында ушул багытты кеңейтүүнү көздөйбүз. Узак убакыт бою Америка Кошмо Штаттары бул чөлкөмгө жетиштүү көңүл бурган эмес. Президент Трамптын жетекчилиги алдында биз муну өзгөртүүгө умтулабыз. Былтыр Ак үйдө өткөн C5+1 жолугушуусу бул иштин демилгеси түз эле сүйрү залдан башталарын көрсөттү. Бул өз ара пайдалуу өнөктөштүк. Бизде эң мыкты технология, эң жогорку мүмкүнчүлүк бар жана аларды бул өлкөлөр жана аймактагы өнөктөштөр менен биргеликте өнүктүрүүнү каалайбыз”.
Форумга алты мамлекеттеги 211 компаниянын жана уюмдун 400гө жакын өкүлү катышты.
4-февралдагы жыйында кен иштетүү, айыл чарбасы, туризм, финансы системасы боюнча кызматташуу талкууланды. 5-февралда болсо электрондук коммерция жана маалыматтык технологиялар тармагы менен транспорт жана логистика тармагы каралды.
Биринчи күнкү жыйындагы темаларды “Азаттык” буга чейин талдаган, бул ирет экинчи күнкү темаларга басым жасайбыз.
Жогорку технологиялар тармагынын арышы
Форумга катышкандар Борбор Азиядагы мамлекеттерде интеллектуалдык эмгек менен чыгарылып жаткан өндүрүмдөрдү, анын ичинде программаларды жана башка кызмат көрсөтүүлөр АКШга экспорттолуп жаткан мисалдарды келтирип, анын күңгөй-тескейин талдашты.
Бул жаатта беш өлкөдө тең ийгиликтер бар. Бирок мүмкүнчүлүккө жараша биз Кыргызстандын мисалын гана баяндайбыз.
Демек, компьютер менен интернет Ала-Тоого жетип, кыргыз программисттери бирдеме жарата баштаган алгачкы жылдары адистер ар башка компанияларга иштечү жана ошондуктан алар көрсөткөн кызматтын эсебин табуу кыйын.
Программист Азиз Абакиров баштаган топ чуркап жүрүп, 2011-жылы мыйзам кабыл алынып, 2013-жылы Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы негизделген. Ага IT жана ага үзөңгүлөш тармакта иштегендер бириктирилип, салыктык жеңилдиктер берилген. Мына ошондон тартып программисттердин ишин баалоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Албетте, башында парктын резиденттери да аз болчу, жылдан жылга өстү. Бирок эгер 2013-жылы паркка катталгандар 14,4 млн сомдук өндүрүм чыгарса, он жылдан кийин – 2023-жылы 7,8 млрд сомдук кирешеге чыгышкан. Соңку жылдардын жыйынтыгында болсо киреше мындан да өстү. Эң башкысы өндүрүмдөрдүн көбү океандын ары жагына кетүүдө.
Жогорку технологиялар паркынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Азиз Абакиров “Азаттыкка” курган маегинде буларга токтолду:
“2024-жылдын жыйынтыгында биздин парктын жүгүртүүсү 11 млрд сомдон ашты. 2025-жылдын эсеби жакын арада чыгат, албетте, мындан көбүрөөк. Мурда биздин резиденттер өндүрүмдөрүн 60тай мамлекетке экспорт кылса, азыр 70 өлкөгө экспорт кылып жатышат. Экспорттолгон өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат, жалпы экспорттун 30% түзөт. Азыр бул B5+1 форумунун алкагында IT тармагындагы америкалык ири компаниялар менен келишимдерди түзүүнү сүйлөштүк. Кошмо Штаттардын силикон өрөөнүнө 100дөн ашык стартапты сунуштаганбыз. АКШ менен иштешүүдө потенциал мындан да чоң. Биздин максатыбыз 2030-жылга чейин 1 млрд долларлык өндүрүм чыгарууга жетишүү. Ошондо, элестетиңиз, 30% продукция АКШга жөнөтүлсө бул деген 300-350 млн доллар дегенди түшүндүрөт”.
Албетте, Кыргызстанда Жогорку технологиялар паркына кирбеген да программисттер жана IT компаниялары көп. Тилекке каршы, алардын кирешесин жалпылаштырып карап, талдоо кыйынга турат.
Креативдүү экономика тармагынын секириги
Өлкөдө IT тармагынан башка – интеллектуалдык эмгекке жана талант-өнөргө негизделген дагы бир аянтчаны – Креативдүү индустриялар паркын ишкер Данияр Аманалиев баштаган топ негиздеди. Узак убакыт талкуудан кийин 2022-жылы мыйзам кабыл алынып, 2023-жылы ачылган жана 2024-жылы алгачкы жемишин бере баштаган. Мунун принциби деле программисттердикине окшош, салыктык жана башка жеңилдиктер берилет, болгону, паркка мүчө болуп, эсеп-кысабын эркин жүргүзүшү керек.
Креативдүү индустриялар паркына архитектор, дизайнер, блогер, музыкант, журналист жана ошондой эле жарнама, графика, анимация, жалпысынан 15тен ашык багытта иштегендер мүчө болушкан. Алар өндүрүмдөрүн жергиликтүү базарга да чыгарат, чет элге да экспорт кылышат.
Бул парктын жалпы жүгүртүүсү 2024-жылдын алты айында 250 миллион сом болсо, 2025-жылы 12 айда 1,9 млрд сомго чыкты. Бул да Кыргызстандын шартында чоң секирик болуп калды. Эң кызыгы, өндүрүмдүн бир бөлүгү чет жакка, анын ичинде АКШга экспорттолот.
Креативдүү индустриялар паркынын Байкоочулар кеңешинин башкаруучусу Данияр Аманалиев ат жалындагы маегинде буларды айтып берди:
“Кыргызстандын эң чоң компаниясы кайсы? Эң чоң компания азыр D Billions. Бул YouTube порталындагы канал. Мен муну эки эле факты менен ырастап берейин. Биринчи факт – алар үч жылдын ичинде 20 млрд көрүүгө жетише алышты. Бул YouTube'дун рекорду. Америкалык портал мына ушул рекордду ырастаган атайын рекорд беришти, себеби видеохостингдин тарыхында эч бир канал үч жылдын ичинде мындай көрсөткүчкө жетишкен эмес экен. Экинчи факт – булар YouTube'да үч каналды бирдей алга жылдырып, үчөө тең бриллиант баскычка жетишти. Бул деген алардын ар биринде он миллиондон ашык катталуучу бар. Андан башка Кыргызстанда дагы эки бриллиант баскыч бар. А жалпы Борбор Азияда канча бриллиант баскыч бар, билесизби? Болгону беш, башкача айтканда, баары Кыргызстанда. Демек, Кыргызстанда бир өзгөчөлүк бар, экспорттолчу нерсе бар. Биздин паркта эмне көп экспорт болуп жатса, мына факты – YouTube өндүрүмдөрү. Мындан сырткары IT адистер да бизде резидент болуп саналат, алар да экспорт жасап жатышат. Мындан сырткары архитекторлор өз долбоорлорун чет өлкөгө, анын ичинде АКШга сатууда. Кино өндүрүшчүлөрүбүз жана башка резиденттерибиз да өндүрүмдөрүн экспорттоодо”.
Арийне, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан мунай, газ жана башка кен байлыктарга бай. Алар канчалык максаттуу иштетилип жатат, ал өзүнчө маселе, бирок аталган тармактар бул өлкөлөрдүн экономикасында көбүрөөк үлүшкө ээ. Алдыңкы жылдары алар мындан жетиштүү пайда көрсө болот. Тажикстан менен Кыргызстандын жагдайы мындан башкачараак.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын экономикасынын 45-50% тейлөө, 12-15% өндүрүш, 12-15% айыл, токой, балык чарбалары, 7-10% курулуш түзөт. Калган 10% башка тармактар.
Мындайча айтканда, өндүрүш менен айыл чарба тармактары сыртка көбүрөөк экспорт жасай алышы мүмкүн. Олуттуу реформалар менен бул түзүм өзгөрбөсө, Кыргызстан алдыңкы жылдары деле ушундай көрүнүш менен кала бериши мүмкүн эле. Ошондуктан Кыргызстан интеллектуалдык эмгекке жана талант менен өнөргө негизделген экономика менен гана экспортун көбөйтүүгө умтулушу керек. Креативдүү же жаратман экономиканын мааниси ушунда.
Кыргызстандын электрондук коммерция потенциалы
Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан өнүккөн өлкөлөр менен кызматташып жаткан дагы бир тармак бул электрондук коммерция. Тагыраагы – маркетплейстер аркылуу алып-сатуу.
Интернетте соода жүргүзгөн аянтчалар адистик тилде жалпысынан агрегаторлор (лат. aggregatio – “жыйноо, топтоо”) деген аталышка ээ.
Мунун биринчи түрү – маркетплейс (англ. market” – “базар”, “place” – “жай”) деп аталат. Бул аянтчада компаниялар жана адамдар товар сатат же кызмат көрсөтөт жана жеткирүүнү сайтка ээлик кылган компания аткарат. Экинчи түрү – классифайд (англ. classified – жарыя). Ал жөн гана кулактандыруулардын жана жарыялардын онлайн тактайчасы (доска объявлений).
Борбор Азия өлкөлөрүндө, анын ичинен Кыргызстанда америкалык Amazon, Etsy, eBay, Walmart, Target кытайлык Alibaba, AliExpress, JD.com, Taobao, Pinduoduo, түркиялык Trendyol жана орусиялык Wildberries, Ozon, “Яндекс.Маркет” маркетплейстери колдонулуп келет.
Иш жүзүндө кыргызстандыктар мунун көпчүлүгүнөн негизинен сатып алуу гана жүргүзөт. Саналуу бөлүгүнө гана өз товарын киргизип, сата алат.
Кыргызстандын Электрондук коммерция ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Күрөңкеев буларга токтолду:
“Кыргызстанда электрондук коммерцияны перспективдүү деп эсептесек болот. Дүйнөлүк ЮНКТАД рейтинги боюнча биздин өлкөнүн бул жааттагы деңгээли 96-орунда турабыз. Биздин алдыбызда Казакстан, артыбызда Өзбекстан менен Тажикстан турат. Кыргызстандын ички электрондук соода жүгүртүүсү жыл сайын орточо 600 млн АКШ долларын түзөт. Сырткы электрондук соода жүгүртүүбүз 1 млрд доллардын тегерегинде деп эсептесек болот. Бул Кыргызстан 8-10% гана колдонуп жаткан мүмкүнчүлүк, биз алдыңкы жылдары 90-95% тереңдетсек болот”.
Америкалык маркетплейстерден да сатып алууда көп маселе жок. Банк картаны же башка төлөм каражатын байлап, маркетплейстерден каалаган товарыңды сатып алсаң, жеткирүү кызматтары аны Кыргызстанга алып келип беришет.
Товар сатууга келгенде көйгөй бар. Мындан Amazon аянтчаларында Кыргызстанда туруп эле катталып, товар сатуу мүмкүнчүлүгү бар болчу жана 2023-жылдан баштап ал токтоп калган. Ал эми Etsy жана eBay сайттарында катталып, сатыкка чыгууга мүмкүнчүлүк бар.
Орусиялык Wildberries менен Ozon маркетплейстери Кыргызстанда товарларды бөлүштүрүүчү борборлорун жана логистикалык жайларын ачкан. Бул өлкөдөгү өндүрүшчүлөргө аларга толук катталып, аянтчада товар сатуусуна мүмкүнчүлүк берет. Бирок бул маркетплейстердин мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Эгер кыргыз ишкерлери америкалык маркетплейстерге катталып, товар сата башташса бул башка деңгээлди ачмак.
Айбек Күрөңкеев алардын уюмуна мүчөлүк кылган компаниялар бул жаатта аракеттерди көрүп жатканын белгиледи:
“Биз соңку жылдары америкалык компаниялар менен тынымсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келебиз. B5+1 форумунун алкагында да Google, Meta жана башка компаниялардын өкүлдөрү келишти, жолугушуулар өттү. Биздин максат - кыргызстандык, борборазиялык ишкерлерге Amazon, Etsy, eBay маркетплейстери жана PayPal, Stripe деген финансылык системалар туташып, мүмкүнчүлүк түзүү. Муну үчүн электрондук коммерцияга адистешкен логистикалык парк куруу идеясы бар. Ал комплекс импорт, экспорт, транзит боюнча жүктөрдү жеңил жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берген аянтча болушу керек. Ал бир нече платформаларга иштей бермек. Кыргызстанга ушундай ири платформа суудай керек болууда. Анткени биз ошол эле америкалык Amazon, Walmart сыяктуу компаниялардан “Биздин ишкерлерди эмнеге каттабай жатасыңар?” деп сураганыбызда алар “Кыргызстандын базары биз үчүн кичинекей болуп жатат” деп айтууда. Биз чоң логистикалык жай ачсак, анда америкалык, кытайлык же башка соода аянтчалары менен да иштешип, аларга катталууга мүмкүнчүлүк ачылмак”.
Борбор Азиянын калган төрт өлкөсүндөгү онлайн соода
Казакстандын ички электрондук соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2024-жылы 6,8 млрд долларга жеткен, 2025-жылдыкы так эмес. Бул Борбор Азиядагы эң чоң көрсөткүч.
Экинчи орунда Өзбекстан турат. Бул өлкөнүн Перспективдүү долбоорлор боюнча улуттук агенттигинин маалыматына ылайык, бул өлкөдө ички электрондук соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 млрд долларга жеткен. Бейрасмий маалыматтарга таянсак, 2025-жылы бул сумма 2 млрд долларга жетиши мүмкүн экен.
Тажикстанда онлайн сооданын көлөмү 20-30 миллион доллар деп саналса, Түркмөнстандыкы 300 миллион доллар деп каралат экен.
Өзбекстандын Электрондук коммерция жана санариптик экономика ассоциациясынын төрагасы Музаффар Азамов “Азаттыкка” курган интервьюсунда чөлкөмдөгү ар бир өлкө бул тармакта өз мүмкүнчүлүгүнө жараша кыймылдап жатканын белгилейт. Ал инвестицияларды бириктирип, мыйзамдарды шайкеш келтирсе жылыш болорун жана дүйнөлүк деңгээлге чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтууда:
“Электрондук коммерциянын маселеси анын ичинде эмес, сыртында. Ар башка мамлекеттик органдар өз ыйгарым укуктарына жараша чечимдерди кабыл алышат да, анын аягы онлайн соодага тескери таасир этет. Мисалы, Өзбекстанда чекене, дүң соода кайсы бир деңгээлде мыйзам менен көзөмөлдөнөт. Бирок жалпы соода жөнүндө бирдиктүү мыйзам жок. Кыргызстанда, Тажикстанда жана Түркмөнстанда да жок. Казакстанда “Соода ишмердиги жөнүндө” мыйзам бар, бирок аны коё туралы. Мында ар башка музыкант ар башка аспапта бир ырды чертип жатышат, бирок аларга дирижёр жок дегендей эле салыштырса болот. Жалпы мыйзам мына ошол дирижёр сыяктуу эле болуп бермек. Анда сооданын ар кайсы түрлөрү – классикалык чекене сооданы, дүң сооданы, электрондук сооданы, биржалык сооданы, баалуу кагаздар соодасын, камсыздандыруу базарындагы сооданы жөнгө салуучу бирдиктүү, макулдашылган эреже-нормалар жазылышы керек. Эгер бардык мамлекеттер ушул жааттагы мыйзамдарын шайкеш келтирип чыгышса, анда электрондук коммерция жаатындагы соодагерлер жеңил иштей башташмак”.
Дүйнөлүк маркетплейстерден сырткары Борбор Азия өлкөлөрүнүн ар биринин өзүндө да жергиликтүү электрондук соода аянтчалары жолго коюлууда. Өзбекстанда Uzum Market, Казакстанда Kaspi.kz, Тажикстанда Somon.tj, Түркмөнстанда Gerekli деген маркетплейстер популярдуу экен.
Кыргызстандын өзүндө да кадимки интернет дүкөндөн кеңейип, маркетплейске айланган Svetofor.info, Max.kg, Neman.kg, Stores.kg, Caravan Store сервистери иштеп келет. Ошондой эле Shoppix.kg, Kivano.kg, Aliboss.kg, Kupi.kg сыяктуу интернет-дүкөндөр, Namba One, Mbank, О!Маркет, BTB Market жана башка сервистер да өздөрүн маркетплейс катары сунуштап келатышат. LEMON Shopping деген да маркетплейс жаңы ачылган.
Мындан сырткары Кыргызстанда кыска жарыяларды жайгаштырган веб-баракчалар ондоп саналат. House.kg, Bazar.kg, Lalafo, TezKabar, Mashina.kg, Turbo.kg, Autobaza.kg, Auctionauto.kg, Avtogid.kg, Car.kg, Diesel.elcat.kg деген сайттар классифайд аянтчасы катары иш алып барат.
Экспорт, импорт жана логистика
Эгер классикалык соодага келе турган болсок, Евразия өнүктүрүү банкынын маалыматтарына ылайык, АКШнын Борбор Азия өлкөлөрү менен соодасы 2024-жылы 7 млрд доллардын тегерегинде болгон. Мунун 5,5 млрд доллары Казакстанга туура келет. Өзбекстан 1 млрд долларлык соода кылса, Кыргызстан 373 млн, Тажикстан 172 млн, Түркмөнстан 218 млн долларлык соода кылган.
Бишкек менен Вашингтондун соодасынын негизин импорт түзөт. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, Кыргызстан мурдагы жылдары АКШдан 100 млн доллардын тегерегинде товарларды ташып келип турган. Кыргыз тарап 2023-жылы 430 млн долларлык, 2024-жылы 254 млн долларлык товар импорттогон. Бул өсүш Украинадагы согуштан улам болушу мүмкүн.
Ошол эле кезде Кыргызстан АКШга акыркы жылдары болгону 5-7 миллион долларлык гана товарды сата алган. Мында өсүү таптакыр аз болгон.
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз экспорт” борборунун директору Урмат Такиров Кыргызстандан океандын ары жагына товар жөнөтүү үчүн логистиканы өнүктүрүү маселеси каралып жатканын билдирди:
“Кыргызстанда 2030-жылга чейин экспортту өнүктүрүү боюнча улуттук программа бар. Мунун алкагында биз экспортту диверсификациялоонун үстүндө иштеп жатабыз. Айталы, 2026-жылы Европа базарына чыгуу үчүн бир нече B2B платформасына катышабыз. Мындан сырткары Араб булуңундагы мамлекеттерге да барып, экспорттук жыйындарга катышабыз. Мунун баары Кыргызстандын компанияларын ошол жактарга тааныштырып, экспортту көбөйтүү үчүн жасалып жаткан аракет. Биздин кийим тигүүчү компанияларды үч жылдан бери Дубайда өтүп жаткан эл аралык көргөзмөгө алып барып, араб мамлекеттерине экспортко чыгууга умтулуп жатабыз. Ал эми АКШга экспорттоону көбөйтүү үчүн логистиканы өнүктүрүү зарыл. Бүгүнкү күндө кээ бир компаниялар тери жана жүндөн жасалган товарларды жөнөтүп жатышат. Бизде көп товарларды жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк болбосо да, орусча айтканда “нишалык” товарларды экспорттоого мүмкүнчүлүк бар. Бирок мамлекет экспортту диверсификациялоого болгон аракеттерин көрүп жатат, буга биздеги жеке компаниялар да даяр болушу керек. Алар ишкананын ичиндеги процесстерди жогорулатып, ишинин жана товарларынын сапатын жакшыртышы зарыл. АКШнын, Евробиримдиктин сертификациялоо, стандартташтыруу талаптарына жооп бере алгыдай товарларды өндүрө баштоосу зарыл”.
Кыргызстан АКШдан көбүнчө транспортторду жана алардын тетиктерин, учуучу аппараттарды, электрондук жабдууларды, ичимдиктерди, тамак-аш азыктарын жана башка нерселерди сатып алат.
Бишкек кайра океандын ары жагындагы соода өнөктөшүнө текстиль буюмдарын, тамак-аш азыктарынын түрлөрүн, кургатылган жемиштерди, жабдууларды жана башка нерселерди экспорттойт.
Кыргызстандын мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев АКШнын технологиясын алып, ошонун натыйжасында кайра экспортко жетишсек болот деп эсептейт:
“Америка менен иштешүүгө негизи биз көбүрөөк кызыкдарбыз. Анткени АКШнын көп тармактардагы, анын ичинде айыл чарба тармагындагы технологиялары аябай алдыга кеткен. Керек болсо Европага да салыштырмалуу бир топ өнүгүп кеткен. Мисалы, Кыргызстанда мөмө тармагында, кулпунайдын түшүмдүүлүгү гектарына 10 тонна болуп атса, АКШнын Калифорния штатында анын түшүмдүүлүгү 70 тонна. Бул деген 7 эсе көп. Ошол эле күрүчтү, буурчакты, же башка нерселерди эң негизги экспорттоочу өлкө болуп саналат. Күрүчтүн мекени болгон Кытай, Вьетнам, Таиландга чейин күрүчүн экспорттошот. Ошону үчүн биз алардын технологияларын, техникасын, селекциясын алып келип, бул жакта өздөштүрүүбүз кажет. Ошондо түшүмдүүлүктү жогорулатуу менен өздүк бааны түшүрүп, дүйнөлүк базарда биз өз өндүрүмүбүздү экспортко чыгара алабыз. Зарыл болсо кайсы бир азыктарды кайра АКШга да экспорттой алабыз. Мисалы, биз Америкадан көчөттөрдү алып келип жатабыз. Салыштырмалуу андан аябай көп түшүм алып жатабыз. Мындан сырткары биз Кыргызстанда өндүрүлгөн сарымсакты АКШга жөнөтө баштадык. Мында так ошол мен айткан технологияны колдонуу менен жыйынтыкка жетип жатабыз. Албетте, АКШ менен Кытайдын соода согушу да бизге мүмкүнчүлүктөрдү ачып берүүдө. Кошмо Штаттары Кытай айыл чарба азыктарына 45% бажы төлөмүн киргизгенден кийин АКШ бизнеси Кытайдан башка базарларды издей баштады. Муну Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан пайдаланып кетишибиз керек”.
Ыктымал тоскоолдуктар
Башка маселе, ишкерлер канчалык аракет кылып, канчалык умтулбасын, тоскоолдуктар жок эмес. Анын бири виза.
Айталы, АКШнын Мамлекеттик департаменти 75 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык виза берүүнү убактылуу токтотуу чечимин кабыл алганы 14-январда белгилүү болгон.
Маалыматка ылайык, 75 өлкөнүн арасында Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Орусия, Грузия, Молдова, Сомали, Ооганстан, Иран, Египет, Ирак жана башкалар бар.
Арийне, 6-январда эле АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Кошмо Штаттарга кирүү үчүн күрөө төлөй турган мамлекеттердин тизмесине Кыргызстанды кошкону маалым болгон.
Иш жүзүндө Борбор Азиянын үч мамлекетине визалык чектөө кирип отурат. Бир жагынан минтип визалык чектөө киргизилип жатса, экинчи жагынан бизнестик кызматташтыкты күчөтүү чакырыгы ташталып жатканы кандай? Виза болбосо ишкерлер океандын ары жагына кантип бара алышмак эле? Соңку форумдагы басма сөз жыйында журналисттер АКШнын өкүлүнө мына ушундай суроо беришти.
АКШнын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча атайын өкүлү Сержио Гор Вашингтон Кыргызстанды виза тартиби катаалдашкан өлкөлөрдүн тизмесине киргизгенине түшүндүрмө берди. Ал бул мыйзамсыз миграцияга байланыштуу аргасыздык болгонун айтты.
Вашингтондун өкүлү АКШнын администрациясы акыркы убактарда миграция көзөмөлүн күчөтүп келе жатканы кайсы бир мамлекеттерге каршы эмес, өзүнүн улуттук коопсуздугун камсыздоо максаты экенин белгиледи.
"АКШ акыркы айларда киргизген виза саясаты кайсы бир өлкөгө багытталган эмес. Азыркы учурда биздин дүйнө жүзү боюнча кайра каралып жаткан жалпы виза саясатыбыз бар. Мисалы, жаңы күрөө 70 өлкөгө карата колдонулууда. Тилекке каршы, акыркы бир нече жылда АКШ мыйзамсыз миграция боюнча чоң көйгөйгө туш болду, биз муну көзөмөлгө алуу үстүндө иштеп жатабыз. Бул АКШга мыйзамсыз өткөн жүздөгөн же миңдеген адамдар эмес, миллиондогон адамдар жөнүндө сөз болуп жатат. Бул кадамдар мыйзамсыз миграцияны токтотууга жана виза көзөмөлүн күчтөндүрүүгө багытталган", – деди Гор 4-февралда Бишкекте "Борбор Азия + АКШ" форумундагы басма сөз жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.
Дипломат ошол эле учурда иммиграцияны чектөө экономикалык кызматташтыкка таасир этпеши керектигин белгиледи. АКШ Борбор Азия аймагындагы өлкөлөр менен экономикалык алаканы өнүктүрүүгө ынтызар экенин айтып, мындай саясат бардык тараптарга пайдалуу болорун белгиледи.
С5+1 форматы алкагында бир тараптан Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын жана экинчи тараптан АКШнын президенттери алгач 2023-жылы сентябрда жолуккан. Ошол кездеги АКШ президенти Жо Байден менен жолугушуу Нью-Йорк шаарында өткөн. Иш жүзүндө бул чөлкөм тарыхында ушундай форматтагы биринчи жыйын болуп калган.
Экинчи ирет 2025-жылдын ноябрында беш мамлекеттин лидерлери Американын жаңы президенти Дональд Трамп менен жолугушту.
Англисче business деген сөздүн баш тамгасынан аталган B5+1 форуму ошол форматты улай, кызматташууну ишкердик багытына буруу далалаты. Бизнес форум биринчи ирет 2024-жылы Казакстандын Алматы шаарында өткөн. Бишкектеги форум 2026-жылдын 4-5-февраль күндөрү уюштурулду.
Шерине