АКШнын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча атайын өкүлү Сержио Гор Кыргызстан Американын виза тартиби катаалдашкан өлкөлөрдүн тизмесине кирип калганына түшүндүрмө берди. Ал 4-февралда Бишкекте "Борбор Азия + АКШ" форумунда сүйлөгөн сөзүндө бул мыйзамсыз миграцияга байланыштуу аргасыздык болгонун айтты.
Вашингтондун өкүлү АКШнын администрациясы акыркы убактарда миграция көзөмөлүн күчөтүп келе жатканы - кайсы бир мамлекеттерге каршы эмес, улуттук коопсуздукту камсыздоо максаты экенин белгиледи.
"АКШ акыркы айларда киргизген виза саясаты кайсы бир өлкөгө багытталган эмес. Азыркы учурда биздин дүйнө жүзү боюнча кайра каралып жаткан жалпы виза саясатыбыз бар. Мисалы, жаңы күрөө 70 өлкөгө карата колдонулууда. Тилекке каршы, акыркы бир нече жылда АКШ мыйзамсыз миграция боюнча чоң көйгөйгө туш болду, биз муну көзөмөлгө алуу үстүндө иштеп жатабыз. Бул АКШга мыйзамсыз өткөн жүздөгөн же миңдеген адамдар эмес, миллиондогон адамдар жөнүндө сөз болуп жатат. Бул кадамдар мыйзамсыз миграцияны токтотууга жана виза көзөмөлүн күчтөндүрүүгө багытталган", - деди Сержио Гор.
Дипломат ошол эле учурда иммиграцияны чектөө экономикалык кызматташтыкка таасир этпеши керектигин белгиледи. АКШ Борбор Азия аймагындагы өлкөлөр менен экономикалык алаканы өнүктүрүүгө ынтызар экенин айтып, мындай саясат бардык тараптарга пайдалуу болорун белгиледи.
АКШнын Мамлекеттик департаменти 75 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык виза берүүнү убактылуу токтотуу чечимин кабыл алганы 14-январда белгилүү болгон. Маалыматка ылайык, 75 өлкөнүн арасында Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Орусия, Грузия, Молдова, Сомали, Ооганстан, Иран, Египет, Ирак жана башкалар бар.
6-январда эле АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Кошмо Штаттарга кирүү үчүн күрөө төлөй турган мамлекеттердин тизмесине Кыргызстанды кошкону маалым болгон.
Мамдепартаменттин сайтында белгиленгендей, тизмедеги мамлекеттердин жарандары B1/B2 (туристтик жана иш сапар визасы) визаларын алуу үчүн арыз тапшырып, жарактуу деп табылса 5, 10 же 15 миң доллар өлчөмүндө күрөө (visa bond) төлөөгө милдеттүү болот. Күрөөнүн көлөмүн маектин жүрүшүндө консул аныктайт.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 15-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында АКШ өкмөтү менен визага күрөө талап кылынган жаңы жобо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан. (ErN/ZKo)
Шерине