"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
7-ноябрда Польшанын Краков шаарында белгисиз куралчан адам автоунаадан туш келди ок чыгарып, алты кишинин өмүрү кыйылды. Reuters агенттиги 16 адам жарадар экенин кабарлады. Кылмышка шектүү полициянын огунан жаракат алып, кармалып, ооруканага жеткирилди.
Европадан Азияга чейин козголгон "Gen Z" же Z мууну эмнеге нааразы? Интернеттин доорунда чоңойгон муун көчөгө чыгып, эмне өзгөрткүсү келет? 2050-жылга карай Борбор Азия калкынын жарымын 30га чейинки жаштар түзүп калат. Чөлкөмдөгү өлкөлөр жаштардын ой-мүдөөсүн орундата алабы?
Атайын кызматтын дарегине даттануулар ачык айтылып жатат. Абактагы ишкер Имамидин Ташов президентке кайра кат жазды. Украинанын Камышеваха кыштагына жасалган аба соккуларынан 30 дай киши каза болду.
26-октябрда Ирандын расмий өкүлдөрү Сауд Арабиясы, Пакистан жана Түркиянын өкүлдөрү менен жолугушту. Мекке коргонуу альянсына мүчө бул үч мамлекеттин өкүлдөрү аймактагы чыңалууну басаңдатуу маселесин талкуулашты.
Дүйнөнүн ар кайсы жеринде пайда болуп жаткан талаштуу "Русский дом" же "Орус үйү" борборлору эмне менен алектенет? Кыргызстандын эки жериндеги "Русский домдун" катарына Москва каржылаган жаңы долбоорлор кошулууда. "Орус үйлөрү" маданий диалог аянтчасыбы же геосаясий таасирдин бир бөлүгүбү?
Абактагы саясатчы Темирлан Султанбеков менен ишкер Имамидин Ташов акыйкаттыкты талап кылып президент Садыр Жапаровго кайрылды. Орусиячыл пропагандалык мүнөздөгү “Евразия” фонду Кыргызстандын аймактарына кулачын жаюуда. Бул фонд каржылаган борбор эми Нарынга ачылды.
Камактагы активист Тилекмат Кудайберген уулун сот үй камагына чыгарган жок. Садыр Жапаров өкмөт менен чоң кеңешме өткөрүп, алдыдагы беш жылга карата пландарын айтып берди. Владимир Путин менен Стив Уиткофф жолукту. Ал ага чейин Ослодо Украинанын лидери Владимир Зеленский менен сүйлөшкөн.
19-октябрда АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио Самаркандда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен кездешти. Америкалык башкы дипломат Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери менен жолугуп, Вашингтондун аймак менен кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулоодо.
Францияда окуучулардын билим берүү шарттарын жакшыртуу талабы өлкө боюнча нааразылык кыймылына айланды. Айрым шаарларда демонстранттар менен полиция кагылышты. Өкмөт октябрдын аягына чейин сунуштарды даярдоону убада кылды.
7-октябрда Газадагы согушту тутанткан кандуу чабуулга үч жыл толду. Израилде 1200дөй адамдын өмүрүн алган чабуулдун курмандыктарын эскеришти. Газада болсо согуштун изи дагы деле өчө элек. Калаалардын бир топ бөлүгү урандыга айланган. Миңдеген үй-бүлө жакындарын жоготкон.
Ютадагы компаниялар Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдү карап жатат. Юта штатынын Сенатынын төрагасы Стюарт Адамс «Азаттыкка» эки тараптын ортосундагы технология жана туризм тармагындагы кызматташтык, ошондой эле эки элди жакындаткан көк бөрү тууралуу айтып берди.
Дубайдан Тел-Авивге бараткан «ФлайДубай» компаниясынын учагында пилот капитанды бычактады. Милиция “Орунбековдун тизмеси” боюнча ишти териштирүүнү улантат. Жапонияда өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков алтын медал утту.
Дубайдан Тель-Авивге бараткан жүргүнчү учакта экинчи учкуч капитанды бычактап, андан кийин лайнер кескин төмөндөй баштаган. Израил бийлиги экинчи учкуч учакты атайылап кыйратууга аракет кылганын билдирүүдө. Жүргүнчүлөр кабинага кирип, аны токтотуп, учак Сауд Арабиясына конгон.
Мавлян Аскарбековду райондук сот эки жылга абакка кести. Коррупцияга шектелип кармалып, кийин үй камагына чыккан экс-депутат Шаирбек Ташиевдин мамлекетке канча зыян келтиргени кайрадан такталууда. Бишкекте орусиячыл “Станрадар” порталы Кыргызстандагы улут аралык мамилеге байланыштуу талкуу өткөрдү.
Орус армиясы Украинанын аймактарына абадан сокку урууну улантууда. 29-сентябрга караган түнү Одессада алты киши жараат алды. Дүйшөмбүдө Киевдеги Улуттук илимдер академиясынын имараты бутага алынган. Бул маалда фронттогу абал боюнча да Москва менен Киев карама-каршы маалыматтарды таратууда.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында 700 киши дүркүрөтө аткарган бий жаңы аренаны өзгөчө шаңга бөлөдү. Жастин Бибер, Билли Айлиш, БТС тобу сыяктуу атактуулар менен кызматташып келген америкалык чебер Кеон Мадрид Кыргызстандагы салтанатка кантип аралашып калды? "Азаттык" бийчи кепке тартты.
22-сентябрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын жалпы дебаты башталды. Садыр Жапаров өз сөзүндө Украина, Иран, Судан жана Газадагы окуяларды атап, дүйнөдөгү согуштар менен гуманитардык кризистер эл аралык процесстердин татаалдашканын көрсөтүп турганын айтты.
Кооптуу коңгурообу? Москвага жасалган Украинанын дрон чабуулу кыргызстандык мигранттардын үрөйүн учурду. Монголияда моңголдор менен казактардын ортосунда тил, тарых, дин жана салт-санаага байланышкан талаш күчөдү. Өлкө президенти Хүрэлсүх казактар жыш жашаган аймакка барды.
16-сентябрда Сеулда Түштүк Корея-Борбор Азия саммити өттү. Түштүк Корея Борбор Азиянын табигый минералдарын иштетүүгө кызыкса, чөлкөмдүн өлкөлөрү жогорку технологиялык өндүрүштү, виза, миграция маселесин жолго салууну сунуш кылды
16-сентябрда Сеулда Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери Түштүк Кореянын лидери Ли Чжэ Мён менен кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктаган «Сеул декларациясын» кабыл алышты.
Дагы жүктөңүз