"Бишкек аренанын" курулуш наркы буга чейин айтылган суммадан дагы өзгөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 7-октябрда "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, стадиондун курулушу алгач талкууланганда чыгым болжол менен 60 миллион доллар деп бааланган. Ошол учурда сөз азыркыдай ири эмес, чаканыраак стадион тууралуу болуп жаткан.
"Бул инфраструктуралык ири объектилердин бири. Дүйнө жүзүндө ушундай стадиондор кандай каражатка салынып жатканын салыштырып көрсөк болот. Азыр 300 миллиондон ашык доллар тууралуу сөз болуп жатат. Комиссия ишин жыйынтыктай элек, азырынча эсептөөлөр жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгында жалпы сумма так айтылат", - деди Орунтаев.
Министр стадионду курууда долбоорлоо менен курулуш иштери катар жүргөнүн белгиледи. Анын айтымында, курулушта заманбап технологиялар колдонулуп, Европа менен Кытайдын тажрыйбасы жана аймактын сейсмикалык өзгөчөлүктөрү эске алынган.
51 миң орундуу "Бишкек аренадагы" алгачкы ири иш-чара 31-августтагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи болгон. Ал эми 5-октябрда стадиондун расмий ачылышы өттү.
Ага чейин Бишкектеги жалгыз ири стадион Дөлөн Өмүрзаков атындагы, 25 миң көрүүчүгө ылайыкталган жай болуп келген.
Жаңы стадиондун курулушуна президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-августунда капсула салган. Курулуш башталганда аренанын сыйымдуулугу 35 миң орун болору айтылган. Кийин 40 миңге көбөйтүлгөнү кабарланып, акырында стадион 51 миң кишилик болуп курулду.
Сентябрдын башында социалдык тармактарда "Бишкек аренанын" курулушуна 60 миллион доллар сарпталганы тууралуу маалымат тараган. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Орок айылындагы бул стадиондун баасы 386 миллион долларды түзгөнүн билдирген. Ошол эле учурда ал курулуштун так наркы атайын комиссиянын жыйынтыгы менен аныкталарын белгилеген.(КS)
Шерине