Орусиянын соңку чабуулдарынан Украинада кечээтен бери кеминде 54 адам каза болуп, 74 адам жараат алды. Курмандыктардын көбү Донецк облусундагы Краматорск шаарында жана Чернигов облусундагы Прилуки шаарында.
Донецк облустук прокуратурасынын маалыматына караганда, Краматорскидеги чабуулдан каза болгондордун саны 30 адамга, жараат алгандар 18 адамга жетти. Мекеменин билдиришинче, орус аскерлери 8-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00 чамасында шаарга УМПБ Д-30СН пландоочу бомбасы менен сокку урду.
Чабуул маалында жүргүнчү ташуучу эки автобус соккунун очогунда калган.
Чернигов облусундагы Прилуки шаарында 7-октябрда көп кабаттуу үйгө урулган соккудан кийин издөө-куткаруу иштери түнү бою уланды. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, 8-октябрдын таңына карата 22 адамдын каза болгону аныкталды. Алардын арасында беш бала бар. Дагы 54 адам жараат алган, анын ичинде жети бала бар.
Куткаруучулар урандылардын алдынан 15 адамды, арасында бир баланы аман алып чыгышкан. Учурда кыйраган конструкцияларды тазалоо иштери уланууда.
Киевде да дрон чабуулу катталды. Шаардын Соломенский районунда учкучсуз аппарат төрт кабаттуу дүкөнгө тийип, өрт чыккан. Киев мэри Виталий Кличконун маалыматы боюнча, кеминде эки адам каза болуп, дагы эки киши жараат алды.
Мындан тышкары, дрондор Киев облусуна да чабуул жасап, Буча районундагы логистикалык объектилердин биринде өрт чыккан.
Шерине