Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

"Яндекстин" Рязандагы дата-борборуна, Башкырстандагы мунай заводуна дрондор менен сокку урулду

Мунай иштетүүчү заводдогу дрон чабуулунан кийинки өрт. Башкырстан. 7-октябрь, 2026-жыл.
Мунай иштетүүчү заводдогу дрон чабуулунан кийинки өрт. Башкырстан. 7-октябрь, 2026-жыл.

Украиналык мониторинг жүргүзүүчү Exilenova+ жана Supernova+ Telegram-каналдары Орусиянын Рязан облусундагы "Яндекс ДЦ" борборуна жана Башкырстандагы "Газпром нефтехим Салават" мунай иштетүүчү заводуна чабуул болгонун билдиришти.

Astra басылмасынын маалыматына караганда, өрт "Саста" станок куруучу заводунун аймагында чыккан. Бул аймакта Яндекстин дата-борбору да жайгашкан. Яндекс компаниясы Yandex Cloud платформа аймактарынын биринде электр энергиясы үзгүлтүккө учураганын жана анын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатканын билдирди.

Кийинчерээк компания Сасоводогу дата-борбордо "инфратүзүмгө таасир эткен окуя" болгонун ырастаган.

"Учурда кырдаал көзөмөлдө. Жабыркагандар жок. Команда окуянын кесепеттерин жоюу жана жабыркаган сервистердин ишин калыбына келтирүү боюнча иштеп жатат", - деп билдирген компания РБК басылмасына.

Чабуулдан кийин Яндекстин айрым сервистеринин иши үзгүлтүккө учураган. "Дождь" телеканалы Рунеттеги айрым башка сайттар, анын ичинде автопостинг үчүн Postmypost платформасы жана "Комсомольская правда" басылмасынын аймактык версиясы да жеткиликсиз болуп калганын байкаган.

Ал эми Башкырстандагы өрттүн видеолорун изилдеген Astra өрт "Газпром нефтехим Салават" мунай иштетүүчү заводунун аймагында чыккан болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген. Бул Орусиядагы ири мунай иштетүүчү жана мунай-химиялык комплекстердин бири. Буга чейин ишкана украиналык чабуулдарга бир нече жолу кабылып, анын айынан ишин убактылуу токтоткон. Ишкана Украина менен чек арадан болжол менен 1400 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Exilenova+ жергиликтүү тургундарга шилтеме жасап, Стерлитамак шаарында да жардыруулардын үнү угулганын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги өлкөнүн Белгород, Брянск, Волгоград, Воронеж, Курск, Липецк, Орёл, Оренбург, Пенза, Ростов, Рязан, Самара, Саратов, Смоленск, Тамбов, Тула жана Ульянов облустарынын, Москва аймагынын, Башкырстандын, аннексияланган Крымдын, Татарстандын аймагында жана Кара деңиздин үстүндө жалпысынан 399 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады.



Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG