Кыргызстан USDKG деп аталган алгачкы мамлекеттик криптовалютасын жүгүртүүдөн чыгарды. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 20-августта кол койгону белгилүү болду.
Ага ылайык, “ЭВА” ачык акционердик коому жана “Коин номад эксчейнж” ачык акционердик коому жоюлду. Тескемеде бул чечим "чарба жүргүзүүчү коомдордо мамлекеттин катышуусун оптималдаштыруу, мамлекеттик активдерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатын" көздөй турганы жазылган.
Кыргыз бийлиги 2025-жылдын ноябрь айында USDKG криптовалютасын ишке киргизип, Tron блокчейнинде 50 000 000 даана USDKG токени жүгүртүүгө чыгарылганын билдирген.
USDKG деп аталган алгачкы стейблкоиндин жалгыз негиздөөчүсү - Финансы министрлиги, эмитенти – “Виртуалдуу активдердин эмитенти” акционердик коому болгон. Анын жалгыз акционери Кыргызстандын Финансы министрлиги болот деп бекитилген.
Улуу Британия Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы санкциялардын тизмесин кеңейтип, 26-майда 18 жеке жана юридикалык жактарды киргизген. Арасында Кыргызстанда катталган “Евразиялык аманат банкы” ачык акционердик коому, “Мамлекеттик брокерлик компания” жана “Виртуалдык активдердин эмитенти” ачык акционердик коомдору бар.
Расмий Лондон “Мамлекеттик брокерлик компания” жана “Виртуалдык активдердин эмитенти” (USDKG) орус өкмөтүнөн пайда тапкан же Орусияга экономикалык маанилүү иштер аркылуу аны колдогон болушу мүмкүн деп кабарлаган. (BTo)
Шерине