Варшавада өтүп жаткан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) конференциясында Тажикстандын бир катар оппозициялык топторунун өкүлдөрү абакта отурган журналист Рухшона Хакимованы бошотууга чакырышты. Бул тууралуу "Озоди" радиосу билдирди.
Конференцияда оппозициялык уюмдардын биринин өкүлү Убайдулло Саиди (Носиров) Тажикстандагы жаштарды өз оюн ачык айтуу кооптуулугу тынчсыздандырып жатканын айтты.
"Бүгүн көптөгөн тажикстандык жаштарды өз пикирин ачык айтуунун канчалык кооптуу экени тынчсыздандырууда. Биз олуттуу көңүл бурууну талап кылган окуяларга күбө болдук. 2025-жылдын февралында тажикстандык журналист Рухшона Хакимова жабык сот отурумунун жыйынтыгында сегиз жылга эркинен ажыратылган. Тажикстандын көйгөйлөрүн талкуулоо өлкөгө каршы чыгуу дегенди билдирбейт. Мекениңди сүйүп туруп эле өзгөрүүлөргө жана реформаларга умтулса болот. Тарыхыбызды жана маданиятыбызды урматтоо менен бирге эле адам укуктарын ишенимдүү коргоону талап кылууга да укугубуз бар", - деди Саиди.
Тажик оппозициясынын өкүлдөрү Хакимовага катаал өкүм Кытайдын Тажикстандагы таасирин изилдегени, ошондой эле эксперттер жана мурдагы мамлекеттик кызматкерлер менен маек курганы үчүн чыгарылган деп эсептешет.
34 жаштагы Рухшона Хакимовага каршы кылмыш ишинин козголушуна анын Кытайдын Тажикстандагы экономикалык жана саясий таасири тууралуу даярдаган материалы себеп болгонун оппозиция өкүлдөрү айтышат. Изилдөө жарыяланбай калганына карабастан, 2024-жылдын июнь айында журналистке каршы кылмыш иши козголгон.
Бир айдан кийин Хакимова Дүйшөмбүдөгү үйүнүн жанынан кармалган. Бирок тергөөчүлөрдө камакка алууга ордер болбогондуктан жана журналисттин эмчектеги баласы бар экенин эске алуу менен кийинчерээк бошотулган.
2025-жылдын 5-февралында Тажикстандын Жогорку соту Хакимованы сегиз жылга эркинен ажыратып, саясатчылар, коомдук ишмерлер жана мурдагы аткаминерлер айыпталуучу катары өтүп жаткан иш боюнча аны «мамлекетке чыккынчылык кылган» деп тапкан. Журналист сот залында камакка алынган.
Хакимова өзүнө коюлган айыптарды негизсиз деп атап, күнөөсүн мойнуна алган эмес. Аны менен бирге соттолгондор да айыптарды четке кагышкан.
Президент Эмомали Рахмонго кайрылуулар жасалганына карабастан, Хакимова абакта калууда.
Быйыл Тажикстанда жарыяланган мунапыска ылайык, Хакимованын жаза мөөнөтү үч жылга кыскартылган. Туугандарынын айтымында, анын абактагы мөөнөтүнүн бүтүшүнө дагы үч жыл төрт ай бар.
ЕККУ конференциясында тажикстандык журналист Рухшона Хакимованы бошотуу талабы айтылды
Дагы караңыз
Шерине