Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

Дания аскердик өндүрүшүнө Орусия диверсия кылып жатканын билдирди

Копенгаген. Иллюстрациялык сүрөт.
Копенгаген. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Украинага товар жеткирген даниялык аскердик компанияларга каршы диверсиялык операция баштаганын Даниянын Полиция чалгындоо кызматынын (PET) аналитиги Йозефина Кристенсен Копенгагенде коопсуздук боюнча конференцияда билдирди.

"Жазында биз көптөгөн даярдыктарын байкадык, бирок ишке ашырылган аракеттер абдан аз болгон. Ал эми жайдын башында алар аракеттерин кыйла көбүрөөк ишке ашыра баштаганын көрдүк", — деди ал.

Кристенсендин айтымында, Орусия учурда курал-жарак өндүрүшүнө чабуул жасап, "фронттогу кырдаалга түздөн-түз таасир этүүчү объекттерди бутага алууга аракет кылууда". Анын маалыматына караганда, Москва мурдагыга караганда даярдыгы жок агенттерди көбүрөөк колдоно баштаган. Алардын арасында Telegram жана башка социалдык тармактар аркылуу жалданган үй-жайсыз адамдар жана баңгизатка көз каранды адамдар да бар.
Кристенсендин айтымында, жалдоо адатта чалгын жүргүзүү же сүрөткө тартуу сыяктуу жөнөкөй тапшырмалардан башталып, кийин чыныгы диверсиялык операцияларга өтөт.

"Бул тез арада акча тапкысы келген түрдүү адам болушу мүмкүн. Эгер бир адам тапшырманы аткара албаса, ал башка адамдын жардамы менен аягына чыгууга аракет кылат", — деди ал.

Буга чейин Politico басылмасы Евробиримдикке мүчө 27 өлкөнүн элчилери акыркы жумаларда Орусия тарабынан уюштурулушу, адам өлүмүнө алып келиши ыктымал ири гибриддик чабуулдарга биримдик кандай жооп кайтарышы керектигин талкуулап жатканын жазган.

Басылма бул маалыматты аты-жөнү айтылбаган беш дипломатка жана Евробиримдиктин өкүлдөрүнө шилтеме кылып, жарыялаган. Алардын айтымында, мындай сценарийдин ишке ашуу ыктымалдыгы барган сайын жогорулап жатат.

Дипломаттар өзгөчө кырдаалдарга ыкчам жооп кайтаруучу топторду жөнөтүү, жабыркаган өлкөгө каржылык жардам көрсөтүү жана Евробиримдик жетекчилеринин аракеттенүү тартибин талкуулашууда.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG