Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

Акыйкатчы институту абакта зомбулуктан улам өз жанын кыйгысы келген аял башка камерага которулганын билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы Жамиля Жамабаеванын кийлигишүүсү менен №21 тергөө абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан аялдын укугу корголуп, коопсуздугу камсыздалды. Ал абактагы зомбулукка чыдабасын, жанын кыюуга даяр экенин жакындарына кабарлаган.

Акыйкатчынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлагандай, 24-сентябрь күнү саат 22:43 чамасында мекеменин ыкчам байланыш номерине М.А. аттуу жаран кайрылган. Ал абактагы кызы А.Д.нын коопсуздугун камсыз кылууга жардам сураган.

Анын айтымында, кызы менен бир камерада отурган, буга чейин бир нече жолу соттолгон аял ага тынымсыз психологиялык кысым көрсөтүп, шылдыңдап, аброюна шек келтирип келерин айткан А.Д. өз жанын кыюуга бел байлап, апасына коштошуу катын жөнөткөн.

«Апа, мен кыйналып кеттим. Бул жерде өтө коркунучтуу аялдар отурат экен. Мени кечирип коюңузчу. Уулум сизге аманат», - деп айтылат келиндин апасына жазган катында.

Акыйкатчынын тапшырмасы менен институттун кызматкерлери маалыматты жеринен тактоо жана аялдын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чара көрүү үчүн №21 тергөө абагына ыкчам барышкан.

Институттун кызматкерлери менен маектешүү учурунда А.Д 13-июлдан тарта бир камерада олтурган аял ага психологиялык басым көрсөтүп жатканын айтып берген.

А.Д. Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Бангизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен айыпталууда.

Жыйынтыгында ал башка камерага которулган.

2026-жылдын тогуз айында Акыйкатчы институтунун алдындагы Кыйноолорду алдын алуу жана укук коргоо органдары тарабынан адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү башкармалыгына жалпы 439 кайрылуу келип түшкөн. Алардын ичинен 81 кайрылуу жабык жайлардагы жарандарды кармоо шарттарына, 44ү кыйноо фактыларына байланыштуу болгон. Ошондой эле 57 жаран соттун чечимдерине жана аларга карата колдонулган бөгөт чарасына даттанышкан.(ZKo)


Шерине

​
XS
SM
MD
LG