Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Улуттук банк валюта базарына 207 миллион 550 миң доллар сатты

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 7-октябрда валюта базарына 207 миллион 550 миң доллар сатты. Өлкөнүн негизги банкы акыркы жолу 4-сентябрда валюта рыногуна 202 миллион 700 миң доллар чыгарган.

2025-жылы жалпы сегиз жолу интервенция жүргүзүлүп, 853 миллион доллар сатылган.

Улуттук банк өлкөдөгү доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенция жасап турат. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. (BTo)


Шерине

​
XS
SM
MD
LG