Жогорку Кеңеште энергетикалык суусундуктардын сатылышын жана алардын жашы жете элек балдарга жеткиликтүүлүгүн комплекстүү иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү
Мындай чечим парламенттин 7-октябрдагы жыйынында кабыл алынды.
Жогорку Кеңеш ал күнү жашы жете элек балдар жана жаштар үчүн жеткиликтүү болгон энергетикалык суусундуктардын жана адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизиши ыктымал азыктардын сапатын, коопсуздугун жана сатылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү маселесин караган.
Демилгени "Ынтымак – Мекенчил" депутаттык тобу көтөрүп чыккан.
Комиссиянын курамында депутаттар Азамат Исираилов, Азамжан Жалилов, Жаныбек Аматов, Адилет Белеков, Талант Мамытов, Бекмырза Чолпонбай уулу, Нуржамал Торобекова, Илимбек Кубанычбеков, Махабат Мавлянова, Дастанбек Жумабеков, Алишер Козуев бар.
Энергетикалык суусундуктарга чектөө киргизүү боюнча маселе коомчулукта, парламентте буга чейин бир канча жолу көтөрүлгөн.
Президент Садыр Жапаров 2023-жылы өлкөдө энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салган мыйзамга кол койгон. Ага чейин курамында энергетикалык, сергитүүчү кошулмалары бар алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүдө жана өлкө аймагына ташып келүүгө акциздик салык салынган.
Кыргызстанда мыйзамга ылайык, организмге сергитүү таасирин камсыз кылган кофеин жана башка сергитүүчү кошулмаларды камтыган алкоголсуз ичимдиктер энергетикалык суусундук катары саналат.
Мыйзамдын негизинде мындай суусундуктар 18 жашка чейинкилерге сатылбашы керек. (ZKo)
Энергетикалык суусундуктардын балдарга сатылышын депутаттык комиссия иликтейт
Дагы караңыз
Шерине