- Астана Москванын аларды экстрадициялоо тууралуу өтүнүчүн жактырды. Муну менен казак бийлиги аларга башкалка берүүдөн баш тартты.
- Мовлаев айласы кеткен кадамга барып, өз өмүрүнө кол салды.
- Жүздөгөн укук коргоочулар активисттерди мекенине өткөрбөөгө Астананы чакырып, ал жакта аларды кыйнап, өлтүрүп коюшу ыктымал деп кооптонушууда.
Абактагы Мансур Мовлаев азыр Орусияга экстрадиция болуудан кооптонуп жатканын анын адвокаты Елена Жигаленок билдирди.
Жакында адвокат шаар четиндеги тергөө абагында кармалып турган Мовлаев менен жолуккан. Буга чейин чечен активисти өзүнө кол салууга эки жолу аракет кылган.
Анын алдындагы катында Мовлаев "адилетсиздиктен чарчаганын" жазган:
"Сот да, прокуратура да бизди укпай жатат", - деген ал.
Жигаленоктун айтымында, аны Орусияга өткөрүп берүү коркунучу күчтүү. 10-сентябрда кассациялык сот чечен активистинин Казакстандан башпаанек алуу өтүнүчүн канааттандырган эмес.
Адвокат Жогорку сотко арызданып, Башкы прокуратурага да кат жолдогон. Анда чечимди жокко чыгарууну өтүнгөн, экстрадиция болгон учурда активисттин өмүрүнө коркунуч жараларын белгилеген.
"Азыр үмүт эл аралык коомчулукта, укук коргоо уюмдарында, элчиликтерде. Бардык жерге кайрылабыз", - деди Жигаленок.
Мансур Мовлаев ким?
Мансур Мовлаев "Чеченэнерго" энергетикалык камсыздоо компаниясында инженер болуп иштеген. Спортко кызыгып, тхэквондо менен машыккан.
Укук коргоочулар негиздеген "Кавказский узел" басылмасынын маалыматына караганда, Мовлаев чет өлкөлөрдөгү чечен оппозициялык топтору менен жашыруун кызматташып, аларга Чеченстандагы адам уурдоолор, кыйноолор жана жасалма кылмыш иштери тууралуу маалыматтарды берип турган.
2020-жылы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери анын ким экенин аныктап, ага карата баңгизатка байланыштуу иш боюнча айып тагышкан. Укук коргоо уюмдары бул ишти "токулган" деп эсептешет.
2022-жылы ал мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө эркиндикке чыккан. Бирок көп өтпөй кайра уурдалып, камалган.
Мовлаев качып кетүүгө жетишип, Кыргызстанга келген. 2023-жылы Мовлаевге “мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн” деген айып тагылып, ошол жылы 4-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен алты айга эркинен ажыратылып, өлкөдөн чыгарылмай болгон. Кийин анын Кыргызстандан чыгып кеткени белгилүү болгон.
Кыргызстандан кийин ал Казакстанга барып, ал жерде бир жылдан ашык убакыт башка ысым менен жашаган. 2025-жылдын май айында Мовлаев Орусия тарабынан издөөгө жарыяланган адам катары кармалган. Ошондон бери ал Алматыда тергөө абагында отурат.
Казакстан башпаанек берген жок. Чеченстандагы кысым-басым
Казакстандагы тергөө абагынан Мансур Мовлаев өзүнө башпаанек берүү өтүнүчүн берген. 2025-жылдын аягында казак тарап анын суранычын четке каккан. Астана анын иши башпаанек берүү талаптарына ылайык келбейт деген жүйө келтирген.
2026-жылдын январында Казакстандын Башкы прокуратурасы Орусиянын Мовлаевди экстрадициялоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырган.
Бирок 2026-жылдын февралында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Казакстанга Мовлаевди экстрадициялоого тыюу салган. Мындай чечим юрист Вадим Дроздов анын атынан арыз жөнөткөндөн кийин кабыл алынган. Анда активистти Орусияга өткөрүп берүү Казакстандын эл аралык милдеттенмелерине каршы келери белгиленген.
Көп өтпөй Казакстандын Жогорку соту экстрадициялоо жараянын убактылуу токтоткон. Бирок Мовлаев камакта калган. Ал быйыл май айында да, экстрадициялык камактын 12 айлык мөөнөтү аяктагандан кийин да бошотулган эмес.
Активисттин адвокаттары эмне үчүн ал бошотулбай жатат деген суроо көтөрүшкөн. Алар буга чейин ушундай жагдайдагы башка активисттер бир жыл тергөө абагында отургандан кийин эркиндикке чыгып, үчүнчү өлкөлөргө кетүүгө мүмкүнчүлүк алышканын белгилешкен.
Башкы прокуратура 26-майда Мовлаевдин адвокаттарына берген жообунда ал "укуктук коргонуунун бардык жеткиликтүү ички каражаттарын толук колдонуп бүтө элек, анткени Казакстан Республикасында качкын макамын берүүдөн баш тартуу тууралуу ыйгарым укуктуу органдын чечимине каршы соттук даттануу процедурасы аягына чыга элек" деп билдирген.
БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Казакстанга өз позициясын билдирүү үчүн 2026-жылдын 24-августуна чейин мөөнөт берген. Бул мөөнөт өтүп кеткенине карабастан, азырынча Казакстандын Мовлаевдин иши боюнча кандай жооп бергени тууралуу маалымат жок.
Ошол эле учурда Казакстандагы соттук жол-жоболор аяктады. Сентябрда кассациялык инстанция Мовлаевге башпаанек берүүдөн баш тартуу тууралуу чечимди күчүндө калтырды. Бул баскычтан кийин Казакстандын ичиндеги укуктук коргонуу мүмкүнчүлүктөрү толугу менен калбады.
Акыркы сот чечиминен беш күн өткөндөн кийин Мансур Мовлаев өз жанын кыюуга аракет кылган.
Казакстандын Ички иштер министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу тутуму боюнча комитет бул окуя тууралуу бир жумадан кийин кыскача гана комментарий берди.
"Эки учурда тең аракеттер мекеменин кызматкерлери тарабынан дароо токтотулган. Ага кечиктирилбестен зарыл медициналык жардам көрсөтүлүп, тез жардам чакырылган. Медициналык кароонун жыйынтыгында ооруканага жаткыруунун зарылдыгы аныкталган жок. Анын өмүрүнө жана ден соолугуна эч кандай коркунуч жок", - деп билдиришкен "Азаттык Азияга" аталган комитеттен.
Мекеме окуя боюнча текшерүү жүрүп жатканын да кошумчалаган.
Мовлаев темир тор артында турган учурда Чеченстанда анын жакындарына кысым көрсөтүлүп жатканы тууралуу маалыматтар да бар. Мунун максаты аны мекенине кайтаруу аракети айтылууда. Анын ата-энеси жана бир туугандары буга чейин уурдалган учурлар да болгон.
Мовлаев адвокаты аркылуу билдирүүсүндө коомчулуктагы резонанстан кийин ата-энеси бошотулганын, бирок басым дагы эле уланып жатканын айткан:
"Туугандарымды дайыма полицияга чакырып, мага мекениме кайтып барууга көмөктөшүүгө мажбурлоо үчүн басым көрсөтүп жатышат. Эгер мени экстрадициялашса, туугандарым көргөн басым-кысым түздөн-түз мага каршы колдонулушу мүмкүн деп кооптонуп жатам. Мен 2022-жылы качып кеткенден кийин күч кызматкерлери туугандарымды кармап, менин кайтышымды талап кылып коркутушкан", - деген Мовлаев.
Арзан телефондун уурдоо иши. Юлия Емельянованын тагдыры
Мовлаев өз жанын кыюуга биринчи аракет кылардын алдында калтырган коштошуу катында "жок дегенде Юлияны сактап калгыла" деп жазган. Бул сөз Казакстанда экстрадициялык камакта жаткан орусиялык активист Юлия Емельяновага тиешелүү.
Ал дагы Алматынын четиндеги ошол эле тергөө абагында кармалууда. Емельянова оппозициялык саясатчы, маркум Алексей Навальныйдын Санкт-Петербургдагы штабында иштеген. Emigration for Action жана Just Help долбоорлорунун активисти болгон.
Емельянова 2025-жылдын 31-августунда Алматы аэропортунда кармалган. Ал Грузиядан Вьетнамга Казакстан аркылуу транзиттик каттам менен учуп баратканда Орусия издөөгө жарыялаган адам катары камакка алышкан.
Мекенинде ага 2021-жылы таксисттин баасы 12 миң рубль (болжол менен 143 доллар) турган телефонун уурдаган деген айып коюлган. Емельянова бул айыптоону толугу менен четке кагат.
Укук коргоочулардын айтымында, уурулук тууралуу арыз болжолдуу окуядан бир ай өткөндөн кийин гана жазылган. Ал эми активист телефонду биринчи жолу полиция бөлүмүндө көргөнүн айткан.
Укук коргоочулар бул ишти да жасалма деп эсептешет. Алардын пикиринде, Емельянова орусиялык саясий туткундарга жардам көрсөтүп келген жана анын куугунтукталышы бийликтин анын коомдук ишмердүүлүгү үчүн өч алуусу болушу мүмкүн.
2025-жылдын февралында Казакстандын Башкы прокуратурасы Орусиянын Юлия Емельянованы экстрадициялоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырган. Бирок кийинчерээк анын качкын макамын берүү боюнча арызы каралып бүткөнгө чейин экстрадиция токтотулган. Бирок кийинчерээк качкын макамын берүү өтүнүчү четке кагылган.
Бул чечимди сот аркылуу жокко чыгаруу аракетинен майнап чыккан эмес. Быйыл 24-сентябрда Астанадагы административдик иштер боюнча кассациялык сот Юлия Емельяновага башпаанек берүүдөн баш тарткан. Анын Казакстандагы адвокаты Искандер Алимбаев бул чечимди Жогорку сотко даттанууну көздөп жатканын билдирген.
Адвокат Вадим Дроздов Юлия Емельяновга байланыштуу да БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине арыз жолдогон. Ошондой эле ал шашылыш коргоо чараларын колдонууну суранып, комитеттен Казакстанга Емельянованы даттануу каралып бүткөнгө чейин Орусияга экстрадициялоого, депортациялоого же башка жол менен өткөрүп берүүгө тыюу салууну өтүнгөн.
Даттанууда Дроздов Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын 6-беренесинин (жашоого укук), 7-беренесинин (кыйноолорго жана ырайымсыз мамилеге тыюу салуу), 9-беренесинин (эркинен негизсиз ажыратууга тыюу салуу) жана 14-беренеси (адилеттүү соттук териштирүүгө укук) бузулуу коркунучу бар экенин белгилеген.
"Кассациялык өндүрүш аяктагандан кийин Юлия Емельянованын экстрадицияланышына тоскоол боло турган ички укуктук механизмдер калган жок. Ошондуктан биз БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине шашылыш чараларды көрүү өтүнүчү менен кайрылдык. Азыр эң башкысы, комитет коркунучтарды карап чыкканга чейин Юлиянын экстрадицияланышына жол бербөө", - дейт Вадим Дроздов.
Орусиянын өлкөдөн тышкаркы басымы
21-сентябрда БУУнун Орусиядагы адам укуктарынын абалы боюнча атайын баяндамачысы Мариана Кацарова Женевада баяндама жасаган. Документ дээрлик 400 тастыкталган учур боюнча маалыматтарга негизделген.
Кацарова Москванын чет өлкөлөрдөгү сынчыларынын куугунтукташын атайын түзүлгөн мамлекеттик стратегия деп атаган. Ал өз баяндамасында Мансур Мовлаевдин ишине өзгөчө токтолгон.
Атайын баяндамачы Чеченстанды "Рамзан Кадыровдун катуу көзөмөлүндөгү мамлекет ичиндеги мамлекет" деп мүнөздөгөн. Ал жерде саясий өлтүрүүлөр, журналисттердин өлтүрүлүшү, дайынсыз жоготуулар, сотсуз жазалоолор, кыйноолор жана чечен полициясы менен коопсуздук күчтөрү тарабынан катаал мамилелер катталганын эске салган. Анын айтымында, мындай аракеттер федералдык бийликтин ачык же үнсүз макулдугу менен жүргөн.
Ушуга байланыштуу атайын баяндамачы Казакстандын бийлигин Мансур Мовлаевди Орусияга экстрадициялоого, депортациялоого же мажбурлап кайтаруунун башка түрүнө жол бербөөгө чакырган.
Кацарова Мовлаевдин иши, ошондой эле Орусиянын талабы менен Борбор Азияда кармалган башка адамдардын абалы аймактагы качкындардын канчалык алсыз экенин көрсөтөрүн белгилеген. Анын пикиринде, бул өлкөлөрдүн Орусия менен укуктук жардам боюнча макулдашууларды улантып жатышы жабырлануучуларды коргоосуз калтырууда.
"Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекеттер аралык издөө системасы адамды саясий себептер бар-жогун текшербестен эле издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизүүгө жана аны каалаган мүчө мамлекеттин аймагында кармоого мүмкүндүк берет", - деген Кацарова.
Ал дал ушул механизмдер Мовлаев менен Емельянованы кармоодо колдонулганын белгилеген.
Астана Кацарованын билдирүүсүнө жооп берген эмес.
Казакстандагы орусиялыктарды "тынчсыздандырган жагдайлар"
Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согуш баштагандан бери Казакстандын Адам укуктары боюнча бюросуна Казакстанда кармалган 20дан ашык орусиялык жардам сурап кайрылган.
Алардын эч бири качкын макамын алган эмес. Бирок көбү үчүнчү өлкөлөргө чыгып кетүүгө жетишкен.
2025-жылы укук коргоочулар мобилизациядан качкан алты орусиялык аскер кызматкерин Казакстандан Францияга чыгарып кетүүгө жардам беришкен. Алар европалык визаларды алып, Францияга жетип, ал жактан саясий башпаанек сурашкан.
Ошондой эле Францияга Бурятиядан чыккан журналист Евгения Балтатарова да кеткен. Ал Орусия Украинага каршы согуш баштагандан кийин Казакстанга келип, качкын макамын ала алган эмес.
Москва аны армия тууралуу "жалган маалымат таратуу" айыбы боюнча издеп жаткан. 2024-жылдын декабрында Балтатарова Парижде башпаанек алган.
Якутиядан чыккан согушка каршы активист Айхал Аммосов (паспорттогу аты-жөнү — Игорь Иванов) Казакстанда бир жыл экстрадициялык камакта болгондон кийин гуманитардык виза менен Германияга кеткен.
Ал эми Мансур Мовлаев менен Юлия Емельянова экстрадициялык камактын 12 айлык мөөнөтү аяктагандан кийин да эркиндикке чыгарылбай турат.
Адвокаттардын айтымында, Мовлаев жана Емельянованын тагдыры "саясий жүйө менен куугунтукка кабылган орусиялыктар үчүн олуттуу кооптондуруучу белги" болуп саналат. Алардын белгилешинче, мурда Казакстан саясий жактан аялуу адамдарды иш жүзүндө Орусияга өткөрүп берүүдөн көбүнчө карманып келген болсо, акыркы айларда кырдаал өзгөрдү.
Орусияга мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган теги крымдык IT адиси Александр Качкуркин жана Казакстандан башпаанек сураган качкын Семен Бажуков өткөрүлүп берилген.
Бул Казакстан Кремлдин сынчылары үчүн өтө кооптуу өлкөгө айланып баратканын билдиреби?
"2026-жылдын башынан тартып биз практиканын байкаларлык өзгөргөнүн көрүп жатабыз. Орусияга адамдарды өткөрүп берүү учурлары пайда болду. Казакстан Мансур Мовлаев менен Юлия Емельянованы экстрадициялоого макул болду. Бирок мен өлкөлөрдү "коопсуз" жана "кооптуу" деп бөлүүдөн этият болууга чакырат элем. Мындай тизмелер ар бир иштин жеке жагдайларын эске албай, чындыгында жок жерде коопсуздук элесин жаратат. Эл аралык коргоо маселелеринде коопсуздук ар дайым адамдын жеке абалына жана өз убагында көрсөтүлгөн укуктук жардамга жараша болот. Казакстан боюнча сөз кылганда азыр Орусия менен укук коргоо органдарынын тыгыз кызматташтыгын жана соңку практикадагы өзгөрүүлөрдү да эске алуу зарыл", деп эсептейт адвокат.
2026-жылга чейин деле Орусиядан Казакстанга качып келгендердин баары коопсуз башпаанек таба алышкан эмес.
Воронеждик согушка каршы чыккан активист Павел Владимиров Казакстанда 12 ай экстрадициялык камакта отургандан кийин Орусияга кайтарылган.
Орусиянын Федералдык күзөт кызматынын мурдагы офицери Михаил Жилин жана Украинадагы согушка катышкысы келбеген орусиялык аскер Камил Касимов да орус бийлигине өткөрүлүп берилген.
Жилин мамлекеттик чек араны бузган адам катары депортацияланган, ал эми Касимовду орусиялык күч кызматкерлери уурдап кетишкен. Экөө тең кийин түрмөгө кесилген.
Бир жыл мурун Казакстан Ингушетиянын тургуну Якуб Арчаковду да Орусияга экстрадициялаган.
Укук коргоо уюмдары буга чейинки жылдарда эле Казакстан саясий көз карашынан улам Орусияда куугунтукка кабылган адамдар үчүн коопсуз өлкө болбой калганын бир нече жолу белгилешкен.
150дөн ашуун укук коргоочу, окумуштуу, журналист жана жарандык коомдун өкүлдөрү Казакстандын бийлигин активисттер Юлия Емельянова менен Мансур Мовлаевди Орусияга экстрадициялоону токтотууга чакырышты.
19-сентябрда Нью-Йорк шаарында Казакстандын консулдугунун алдында алардын экстрадицияланышына каршы акция өттү. Буга чейин аларды колдоо акциялары Европанын бир катар шаарларында, Австралияда жана Арменияда да уюштурулган.
Азырынча Астана активисттер менен укук коргоочулардын чакырыктарына расмий жооп бере элек.