Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:46

"Жапырт кармап кетип жатышат". Согуштан качкан орусиялыктар

Орусия. Иллюстрация сүрөт.
Орусия. Иллюстрация сүрөт.

Украинага каршы согушка эркектерди күчтөп алып кетүү Орусиянын аймактарында жайылууда. Пенза облусунда жергиликтүү тургундар бийликтин мындай өнөктүгүнө каршы өз алдынча аракет көрө башташты. Алардын айтымында, максаты эркектерди аскерге тартууга аракет кылгандардан «арачалап калуу».

"Жарым жолдон токтотуп, алып калдык"

23-июлда Орусиянын Пенза облусунун Башмаково (тогуз миңдей калкы бар райондук борбор) кыштагында жергиликтүү күзөт ишканаларынын биринде эмгектенген Сергей Тепляковдун үйүнө жарандык кийимчен бир нече адам барган.

Согушка мажбурлоого жергиликтүү бийлик да жардам берүүдө
Согушка мажбурлоого жергиликтүү бийлик да жардам берүүдө

"Алардын бири өзүн ошол жердин аймактык жаңы милиционери деп тааныштырып, паспортун көрсөтүүнү талап кылыптыр. Серега аймактык милиционердин өзүнө чала баштайт. Ошондо алар [келгендер] ачууланып, аны желкеден алып, машинаны көздөй сүйрөй башташат. Бул деген кадимки эле адам уурдоо да – же бир эч кандай себебин түшүндүрүшпөйт, аты-жөнүн айтышпайт, кагаз көрсөтүшпөйт. Кошуналар Сереганын уулуна чалып жетишип калышыптыр. Ал келе калып, баарын тартып, кыйкыра баштаганда тигилер атасын кое беришиптир. Бирок эртеси күнү Леша Денисенконун артынан түшүшүптүр", – деп айтып берди жергиликтүү тургун Оксана.

Белгисиз эки киши келип, айылдаштарынын айтымында, аны паркта чөп жаап жүргөн жеринен кармап кетишкен. Мындай коомдук жумушка ал мас абалында машина айдаганы үчүн соттун чечими менен тартылып, паркта ошол жаза чарасын аткарып жаткан.

"Аны өзүбүздүн Башмаков райондук администрациясына чогуу барбаса "жаман болот" деп коркутушуптур. "Кармап кеткичтер" жүргөн машиненин номуру жергиликтүү экенин, ичинде райондук администрацияда иштеген аял отурганын көрүп Леша аларга ишениптир. Кайсы бир маалыматтарды такташ үчүн алып барабыз дешиптир, бирок ал жакка эмес, Пенза тарапты көздөй жүрүп баратканын көргөндөр жакындарына чалышыптыр. Эжеси жетишип калып, жарым жолдон, Пензага 100 чакырымдай калган жерден эптеп токтотуп, Алексейди сууруп алганга үлгүрүптүр. Бул жергиликтүү аткаминерлер ушинтип Коргоо министрлигине иштеп, "оозун ачып жүргөндөрдү" карматып, согушка жөнөтүү үчүн "колуна салып берүүнүн" айла-амалын кылууда. Өз билгенин кылып, адамдардын үйүнө чейин кирип барып жатышат. Көчөдөн бир аз кызуу болгон эркекти көрүштүбү, бүттү, ал кооптуу абалда. Бирок, жалпысынан, баарын эле кармап кетип жатышат", - дейт дагы бир жергиликтүү тургун Артем.

2022-жылдан бери согушта курман болгон орусиялыктардын санын тактап келаткан "Медиазона" долбоорунун маалыматына караганда, Пенза облусунда курмандыктардын такталган саны 2 миңден ашты. Каза болгондордун тизмесинде Башмаково кыштагынын 25 тургуну бар.

Башмаково кыштагынын тургундарынын айтымында, адамдарды алып кетип жаткандарды бул жерде мурда-кийин эч ким көргөн эмес.

"Машиналарынын номурлары боюнча маалыматты сүрүштүрүп көрсөк, бирөөнүн айдоочусу пристав болуп иштейт экен! Экинчи машинанын номуру (О217ХР) – Башмаков райондук администрациясына катталыптыр. Денисенко менен Тепляковдун жакындары уурдоо жана аскердик келишим түзүүгө мажбурлоо аракети болгонун айтып, полицияга арызданышты. Жакында дагы эки кишини ошентип алып кеткенге аракет кылышыптыр. Аларга адвокат жөнөтүүгө үлгүрүшүптүр, бирок согуштан алып калууга жетишпей калышыптыр, анткени Пензадагы мекемеге жетип барганча аларды мажбурлап, кол койдуруп алышкан экен. Юристтин айтымында, алардын бирин акча карызы үчүн камап коебуз деп коркутушуптур. Бирок карызы кылмыш жообуна тартыла тургандай деле өлчөмдө эмес болчу экен. Башкача айтканда, аны жөн гана алдап коюшкан", - деп кошумчалады Артем.

Мына ушул окуялардан кийин айылдаштар өзүнчө топ түзүп, "эркектерди коргоп калуу" аракетин башташкан.

"Мен күзөтүүгө дароо кошулдум. Балдар топ түзүп, айылда болуп жаткан окуялар, эркектерди кармап кетип жатышканы тууралуу жаза башташты. Ошентип отуруп баарыбыз "ВКонтакте" аркылуу байланыш түзүп алдык, ошол жактан кабарлашып турабыз, нөөмөткө бөлүнүп, күнү-түнү айылды кыдырабыз. Биздин дружинага кошулгандардын саны 250 адамга жетип калды. Эркектерди кармап, милиция бөлүмүнө же аскердик комиссариатка алып кетишкенге чейин, жеринен токтотуп калуу туурараак болуп жатат. Кармоого эч кандай мыйзамдуу негиз жок да", – деп айтып берди Башмаковонун тургуну Галина.

Анын айтымында, топтун мүчөлөрүнүн ар биринин өз жүйөсү бар:

"Албетте, өзүңдүн жакындарыңды да ойлоп сарсанаа болбой койбойсуң. Менин, мисалы, күйөөм турат. Кудай анын бетин ары кылсан, бирок жумуштан чыгып эле дайыны жок болуп калса, демек, бир балээ болду деп билесиң. Июнь айында менин бир бөлөмдү алып кетишти. Анын эки баласы бар. Насыя карызы бар болчу экен деп жакында эле уктум. Ал азыр каякта, эмне кылып жүрөт, эч ким билбейт".

Галина кошумчалагандай, дружинага кошулгандар Башмаково айылында күзөттү күнү да, түнү да жүргүзүп жатышат: машинеси барлар кыдыра айдап, шектүү чоочун машиналар же адамдар пайда болуп калган жокпу деп карап чыгышат. Бензинди ортого чогулткан акчага сатып алышат. Жалпы фонддон башка да, кокустан пайда болгон чыгымдарды да жабышат. Мисалы, жакында айылды кыдырып жүрүшкөндө бир аз жол кырсыгы болуп, эки машина зыянга учураган. Аларды автоунаа оңдой турган жерде иштегендер бекер карап, түздөп беришти, өзүлөрү керектүү тетиктерин гана сатып алышты.Галина кармап кетүүгө аракет кылып жатышат деген жерге бир жолу өзү да барып калган:

"Апам менен ооруканада жүрсөм тайпабызга Павел Бердеченковдун үйүнө полиция кызматкерлери кирүүгө аракет кылып жатышканы тууралуу кабар келип калды. Апамды алып дароо ошол жакка бардык, башка балдар да келип калышты. Бизди көрүп полициядан келгендер эч нерсе дей албай эле машинага отуруп кетип калышты. Коңшу айылда да бир жолу биз кыдырып жүрүп чоочун "Газель" машинасын байкап калдык. Андай кабарлардын баары дароо өзүбүздүн жабык тайпага жөнөтүлүп турат".

Мына ушинтип, маектешибиздин айтымында, топтун мүчөлөрү бери дегенде 5-6 кишини алып кетүүгө жол бербей коюшту. Бирок кээде колунан келбей калган учурлар да болот:

"Бүгүн, мисалы, бир кишини коргоп кала алган жокпуз, анткени маалымат өтө эле кеч түштү. 45 мүнөт ичинде аны алыс алып кетип калганга үлгүрүшүптүр. Биз үчүн мындайда эң маанилүүсү – дароо маалымдаш керек. Ошондо жетишип кала алабыз".

Башмаково кыштагы
Башмаково кыштагы

Галина билдиргендей, райондук мекемелерге таандык кеминде эки унаа колдонулуп жатат: тургундар "401" деп атап алган "Лада Гранта" анын айтымында, Башмаков районунун билим берүү бөлүмүнө, ал эми "Лада Ларгус 217" райондук администрацияга таандык. Жергиликтүү тургундар болуп жаткан окуялар үчүн район башчысы Тамара Павлуткина жооптуу деп эсептешет. Алардын айтымында, полицияга кайрылуудан майнап деле чыкпайт.

"Полицияга арыздануудан майнап жок. Биздин оюбузча, район башчысы көрсөтмө берет, калгандары аны аткарышат. Ал баарын башка адамдардын колу менен жасап жатат", – дейт Галина.

Мисал катары ал Башмаководон 16 чакырым алыстыкта жайгашкан Подгорное айылынын 58 жаштагы тургуну Сергей Милкиндин окуясын айтып берди. Жергиликтүү участкалык милиция кызматкери Синёв Милкинди «сүйлөшүп алуу үчүн» айылдык кеңешке чакырган. Ошондон кийин ал дайынсыз болуп кеткен.

Галинанын айтымында, Милкин жүрөгүндө оорусу бар адам болгон — ага мурда жүрөккө шунт коюу операциясы жасалган.

Милиция бөлүмүнө чакырылгандын эртеси ал Ростовдогу бөлүштүрүү борборунан телефон чалып, туугандарына согушка жөнөтүлүп жатканын билдирген. Арадан он күн өткөндөн кийин фронтто жүргөн учурда каза болгон.

"Биз бардык инстанцияларга кат жаздык: аскер прокуратурасына, Тергөө комитетинин башчысы Бастрыкинге кайрылдык, телеканалдарга да чыктык. Арыз каттоого алынды, бирок андан кийин эч бир үн-сөз жок болууда", - дейт маектешибиз.

Топтун дагы бир мүчөсү Алексей жакын туугандарынын бирин согушка жөнөтүүгө аракет кылышкандан кийин кошулган.

"Аны аскер комиссариатына «маалыматтарын тактоо үчүн» деген себеп менен кат аркылуу чакырышкан. Ошол учурда биз анын үйүндө конокто отуруп, баарына күбө болгонбуз. Пензада рейддер башталып калган, ал эми бизде али баштала элек болчу. Анын үстүнө ал жалгыз эмес, досу менен кеткендиктен анчейин тынчсызданган жокпуз. Телефонун үйдө калтырган. Эки саат өттү — жок. Үч саат өттү — дагы жок. Анан досу жалгыз кайтып келип: «Силердики Пензага медициналык комиссиядан өтүүгө кетти», – деди. Ошентип баарыбыз дүрбөлөңгө түшүп калдык. Пензадагы, баягы, атың өчкүр Складская көчөсү, 19 дарегинде жайгашкан аскер комиссариатына телефон чалдым. Алар «Бул жерде андай адам жок», – деп жооп беришти", - дейт Алексей.

Анын айтымында, ошол учурда айылдын башчысы келип, шаарга кеткен тууганынын аскердик билетин сураган:

"Мен дароо аны видеого тарта баштадым: «Бул документти кандай негизде талап кылып жатасыз?!» – дедим. Ал болсо: «Мени администрация жөнөттү», – деп жооп берди. Аты-жөнүн, кызматын айтуусун сурансам, баш тартты. Биз дароо такси менен Пензага жөнөдүк. Складская көчөсү, 19 дарегиндеги имаратта бардык кабаттарды кыдырып издедик. Ошол жерден кимдир бирөө алып келген мас абалдагы кишиге жолуктук. Аны коштоп жүргөн эркек киши ошол эле күнү буга чейин дагы эки адамды алып келип, «тапшырып койгонун» мактанып айтып жатты. Андан кийин көзүнө жаш толгон аялга жолуктук. Анын айтымында, уулун түз эле үйүнөн кармап кетишкен, артынан дароо Пензага келген экен. Эки уулу буга чейин эле «СВОго» жөнөтүлүптүр. "Үчүнчү уулумду бербейм" деди ал".

Ал эми өзүнүн жакынын Алексей аскердик комиссариаттын кире беришинде отурган жеринен тапкан:

"Аны «айыл башчысынын таанышы» өзүнүн машинасы менен алып барган экен. Биз кыйкырып, нааразы боло баштаганда, ал «менин буга тиешем жок, жөн гана адамгерчилик кылып Пензага жеткирип койдум эле» деп качкан бойдон жоголду. Биз тууганыбызды дароо колтуктап алып чыктык. А ал болсо «даяр» болуп калган экен. Медициналык комиссиядан өткөндөн кийин маалыматтарын тактоо үчүн деп кандайдыр бир кагаздарга кол коюшу керек дешиптир. Ушундай да адамдар болобу, уят! Акча үчүн адамдарды өмүрүнөн ажыратууга да даяр болуп жатышат".

Кепке кайрадан Оксана кошулуп калды. Ал "Сибирь.Реалииге" айтып бергендей, жергиликтүү бийлик аларды байкап калып, кысымга ала баштады:

"Бизди күч кызматкерлери эмне деп ачык эле коркутуп жатышат, билесизби? Согушка жөнөйсүңөр деп. Ушинтип кармап кетүү туура эмес экенин айтып, сындаган же алар тууралуу социалдык тармактарга жазган адамдарды да ачыктан ачык эле куугунтуктап башташты. Көп балалуу эне Вера Макавцовага полиция кызматкерлери түз эле үйүнө барып, төрт баласынын көзүнчө кылмыш ишин козгойбуз деп коркутушкан. Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси («Бийлик өкүлүн мазактоо») боюнча жоопко тартыларын айтышкан. Анткени ал социалдык тармактарга жазып, райондук администрацияны адамдарды уурдоого көмөктөшкөндөр деп атап, администрация башчысы Тамара Павлутинаны адамдарды согушка күч менен жөнөтүүнү уюштурууга катышкан деп айыптаган".

Вераны кармоо учурунда жаздырылып алынган аудиодон полиция кызматкерлери анын үйүнө кирип барып, алар менен чогуу барууну талап кылып жатышканын угууга болот. Аны "Орусиянын коопсуздугуна коркунуч жаратып жатат", социалдык тармактарда "экстремисттик" бир нерселерди жазып, айыл тургундарынын жыйындарына катышып жатат деп айыпташкан.

Анын "Мени кармоого ордериңер жок" дегенине полиция кызматкери "А силердин ишемби күндөрү чогулууга ордериңер бар беле?!" деп сөгүп жооп берип жатканы да жазылып калган.

"Акыры алар үйдүн эшигин сындырып кирип, аны кармашкан. Албетте, бул үй-бүлөлүк зомбулук эмес, күйөөсү сабаган жок. Болгону бийлик өкүлүнө жана Коргоо министрлигине каршы сын айтылган пост болчу. Демек, полициянын «кийлигишүүсүнө» негиз бар дешет. Денисенко менен Тепляковдун арыздарына болсо алар ушул күнгө чейин эч кандай реакция кылышкан жок. Ошону Павлуткина өзү эле жазып, "салып берген" го деп ойлоп жатам", – деп нааразы болду Оксана.

"Айыл башчысынын эки уулу бар. Ошолорду эмне жөнөтпөйсүң десем "Мен аларды бул үчүн төрөгөн эмесмин" деп жооп берген", - деп кошумчалады Галина.

Ал тапта, 25-июнда, Башмаков районунун администрациясынын имаратында Украинадагы согушта каза болгон жергиликтүү аскерлердин үй-бүлөлөрүнө мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи өткөн. «Жүк 200» катары үйүнө кайтарылган аскерлердин жакындарына ордендер жана медалдар тапшырылган. Аземге жергиликтүү аскер комиссары Алексей Валыгин жана бийликтеги «Единая Россия» партиясынын мүчөсү, район башчысы Тамара Павлуткина катышкан.

Павлуткина жыйындын катышуучуларына «кандай гана маселе жаралбасын, жарандар ар дайым райондук администрацияга кайрыла алышат» деп ишендирген.

Тамара Павлуткина
Тамара Павлуткина

«Сибирь.Реалии» редакциясы Башмаков районунун администрация башчысы Тамара Павлуткинага жергиликтүү тургундарды кармоого жана аларды аскердик келишимдерге кол коюуга мажбурлоого райондук бийликтин катышы бар деген маалыматтар боюнча комментарий берүүнү өтүнүп кайрылган.

Макала жарыяланган учурга чейин ал бул кайрылууга жооп берген эмес.

Байыл август айынын башында пензалык блогер Станислав Морозов согушка барууга мажбурланып, Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө чакырылып жаткан эркектерге жардам берүү максатында өзүнчө чат ачты. Ал жергиликтүү тургундарды бирге туруп, каршылык көрсөтүүгө чакырды.

"Биз муну аргасыздыктан жасап жатабыз. Анткени башка жол калган жок. Биз адамдын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргогон адамдарбыз. Адамды товарга айлантпоо жана аны таяк менен коркутуп, эркинен ажыратпоо укугун коргойбуз. Мыйзамдуу жолдор менен коргонуу иштебей калганда адамга калкан боло турган жалгыз нерсе – коңшуңдун колдоосу. Азыр биздин күчүбүз – аргасыз, бирок аң-сезимдүү биригүүбүздө", - деп түшүндүргөн Морозов өз демилгесин.

Чатка биринчи суткада 300 адам кошулган. Ал эми бир жуманын ичинде катышуучулардын саны 1,2 миңден ашкан.

Морозов кимдир-бирөөнү кармап кетип жатышкан окуяга күбө болгондорду тез арада маалымат берүүгө чакырып, кармалгандарга адвокат табууга жардам берүүнү убада кылууда. Ошол эле учурда ал чатка күч органдарынын кызматкерлери же чагымчылар кошулуп алышы мүмкүн экенин эскертип, катышуучуларды билдирүүлөрүндө этият болууга чакырды.

Кармап кетип, согушка айдоо күчөгөн шартта күч түзүмдөрүнүн рейддери тууралуу айтып туруунун башка да ыкмалары пайда болууда. Августтун башында кармоолор болгон жерлерди колдонуучулар атайын картага белгилеп кое ала турган онлайн-сервис ишке кирген. Бирок бир нече күндөн кийин сервис жана ага байланышкан Telegram канал хакердик чабуулга кабылганы маалым болгон. Сайт колдонуучуларды порнографиялык ресурска багыттай баштаган. Бул тууралуу «Мобилизация» Telegram каналы жазды.

Долбоордун авторлору сервиске күч органдарынын кызматкерлери кызыкдар болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат. Бирок азырынча хакердик чабуулдун артында ким турганын аныктоо мүмкүн болгон жок.

"Көзү азиз адамды да алып кетишти!"

Алдоо жолу менен эркектерди согушка тартуу аракеттери өлкөнүн ар кайсы аймактарында болуп жатат.

8-августта Омск шаарында бир кишини уурдап кетип, аскердик келишимге күч менен кол койдурган окуя катталганы айтылды.

Валентинанын айтымында, ишемби күнү эртең менен үч бейтааныш анын 31 жаштагы бир тууганы Данилди Омск шаарынын Киров районундагы үйүнүн короосунан эле алып кетишкен:

"Анын аялы, балдары бар. Эртең менен сыра куюлган банкасын алып, өз үйүнүн кире беришинин жанындагы отургучка отуруп келейин деп чыккан. Ошол жерден алып кетишкен. Кошуналар аны салып кетишкен машинанын номерин жазып калууга үлгүрүшкөн. Биз аны издеп жатканда өзү кайра келди. Ал Марьяновская көчөсү, 8 дарегиндеги «ыктыярчыларды» кабыл алуу пунктуна алып барышканын айтып берди. Ал жерден араң чыгып, качып кеткен экен, эч кандай документке кол койгон эмес. Ошондо барып араң тынчыдык".

Бирок, анын айтымында, ошол эле күнү кечинде Данилдин артынан кайра келишкен:

"Данил аялы жана балдары менен короодо сейилдеп жүргөн. Ичинде эркектер отурган «Нива» унаасы келип, анын колун кайрып кармап, белгисиз тарапка алып кетишкен. Балдар ыйлап, аялы аны бошотууга аракет кылган, бирок колунан эч нерсе келбей калган. Биз эмне кыларыбызды билбей, коркуп кеттик. Аскер прокуратурасына, Аскердик тергөө комитетине жана полицияга арыз жаза баштадык. Кийин ал кайрадан Марьяновская көчөсүндө экенин билдик. Бошоткула деп талап кылдык. Өзү менен телефон аркылуу да сүйлөшүүгө уруксат беришкен жок. Кадимки эле адам уурдоо".

Бир аз убакыт өткөндөн кийин Валентинанын бир тууганын бошотушкан, бирок, маектешибиздин айтымында, сабап, аскердик келишимге кол коюуга мажбурлашкан.

"Акыры чыгарышты. Аны ушунчалык коркутуп, сабашкан экен, ошондуктан келишимге кол коюуга аргасыз болгон. Азыр биз эмне кыларыбызды билбей, адвокат жалдоо үчүн акча издеп жатабыз. Башка эмне кылабыз? Азырынча ал үйдө отурат, бирок алардын колунда мажбурлап кол койдурган ошол келишим бар. Кааласа, кайра келип, үйдүн эшигин талкалап кириши мүмкүн. Балээ болду, – дейт Валентина.

Август айында Приморьеде, мурдагы аскер кызматкери Ивандын айтымында, анын көрүүсү боюнча биринчи топтогу майыптыгы бар бир тууганы Михаилди кармап кетишкен:

"3-августта Миша дүкөнгө кеткен. Аны эки аскер токтотуп, алгач Коргоо министрлиги менен келишим түзүүнү сунушташкан. Бир тууганым баш тарткан. Ал дароо эле көрүүсү боюнча биринчи топтогу майып экенин айткан. Ошондо алар кысым көрсөтүп: «Анда Сибирцеводо казарма курасың», – дешкен. Дээрлик эч нерсе көрбөй турганын майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүргөн. Дүкөнгө деле жолду жатка билгендиктен, кармалап-болжоп бараткан. Аны кармап, күч менен алып кетишкен".

Эртеси күнү өзү Украинадагы согушта жарадар болгондон кийин аскер кызматынан бошотулган Иван Уссурийскидеги тандоо пунктуна бир тууганынын бардык медициналык документтерин алып барган.

"Алар аны Лермонтов көчөсүндөгү тандоо пунктунда кармап турушкан. Мен медициналык документтерин, майыптыгы тууралуу корутундуну көрсөттүм. Биринчи топтогу майып экенин айттым. Баарын түшүнүп, аны бошотуп жиберишет деп ишенгем. Бирок эртең менен Миша телефон чалып, аны аэропортко бара турган автобуска салып жатышканын айтты", – дейт Иван.

Михаилдин жакындары аскердик прокуратурага арызданып, келишимди мажбурлап түздүрүшкөнүн айтышкан.

"Ал жактан арызды 30 күн карайбыз деп жооп беришти. Көзү көрбөгөн адамды согуш болуп жаткан жерге алып барып салышса эмнени күтмөк элек?! Анын ар бир мүнөтү коркунучта өтүп жатат!" – деп ачууланууда маектешибиз.

Укук коргоочулар белгилегендей, аскердик келишим түзүлүп калгандан кийин адам документке кысым алдында кол койгонун билдирсе да аны жокко чыгарууга жетишүү өтө кыйын.

"Теория жүзүндө мажбурлоо мыйзамсыз. Бирок келишимге кол коюлуп калса, аны өз каалоосу менен жокко чыгаруу дээрлик мүмкүн эмес. Мындай учурда аскер комиссарынын атына келишим түзүүдөн баш тартуу тууралуу жазуу жүзүндө арыз да берүү керек. Бирок, практика көрсөткөндөй, майыптык тууралуу медициналык корутунду да жардам бербей калган учурлар бар. Иш сотко чейин жетиши мүмкүн, бирок сот процесси уланып жаткан учурда ден соолугу начар адамды согушка жөнөтүшү, ал каза да болуп калышы мүмкүн", – дейт келишим түзүүдөн баш тартуу боюнча иштерге адистешкен юрист Ярослав Мухин.

Орусияда эркектерди кармап кетүү рейддери келишимдик негизде согушууга барууну каалагандарды тартууда көйгөй күчөп жаткан шартта уюштурулуп жатат.

Financial Times басылмасынын маалыматына караганда, Кремль менен Коргоо министрлиги аймактарга быйыл 409 миң адамды аскердик кызматка тартуу тапшырмасын койгон. Жергиликтүү чиновниктер белгиленген бул планды аткарууга тийиш.

Ошол эле учурда аскерге тартууга кеткен чыгымдар да өсүүдө. «Важные истории» басылмасынын эсептөөлөрүнө караганда, быйылкы жылдын алгачкы төрт айында эле аймактар мындай рекрутерлерге 3,2 миллиард рубль төлөшкөн. Бул өткөн жылга салыштырганда айлык орточо көрсөткүчтөн эки эсе көп.

The Wall Street Journal августтун башында Пенза, Ульяновск, Ростов, Амур жана Ярославль облустарында, Удмуртияда, Татарстанда, Калугада, Воронежде жана Архангельскиде эркектерди кармоо жана аларды аскердик келишимге мажбурлоо тууралуу даттануулар болгонун жазган.

Басылманын маалыматына караганда, америкалык чиновниктер Кремль мындан да масштабдуу кадамды — жаңы мобилизация толкунун караштырып жаткан болушу мүмкүн деп эсептешет. Эгер мындай чечим кабыл алынса, The Wall Street Journal басылмасынын маектештери мобилизация 18–20-сентябрда өтө турган Мамлекеттик Думага шайлоодон кийин башталышы мүмкүн деп болжолдошууда.

Орусиянын бийлиги жаңы мобилизация жүргүзүү планы бар экени тууралуу маалыматтарды четке кагууда.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматынын макаласынын түп нускасы бул жерде

Украинадагы согушка айдалган кыргызстандыктар

2022-жылы коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачып, кармаш азыр да уланып жаткан Орусияда жүз миңдеген кыргызстандык эмгек мигранты болуп журөт. Соңку учурда Орусия келишим түзүп, согушка жөнөткөн жарандарга дароо өзүнүн жарандыгын берип жатканы айтылган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы согушта курман болгондор тууралуу маалыматтарга байланыштуу билдирүүлөрүндө жарандар өз ыктыяры менен кетип жатканын кайталап, бөтөн элдин согушуна катышуу кылмыш экенин эскертип келет.

Украинанын мамлекеттик “Тапкым келет” (Хочу найти") долбоору 2026-жылга карата Борбор Азия өлкөлөрүнүн 13 миңдей жараны Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөнүн жана орус армиясынын катарында согушканын же учурда согушуп жатканын апрель айында билдирген. Бул сан алардын жеке маалыматтарын колдонуу менен аныкталганы белгиленген. 

Алардын арасында 1500дөйү кыргыздар экенин белгилүү болгон. Өткөн айда Би-Би-Синин орус кызматы менен "Медиазонанын" журналисттери Украинада орус армиясынын катарында согушуп жүрүп каза болгон Кыргызстандын кеминде 89 жаранынын аты-жөнүн аныктаган.

"Хочу жить" долбоорунун маалыматы боюнча, орус армиясынын катарында согушуп жүрүп 150гө жакын кыргызстандык каза болгон.

"Азаттык" тизмедегилерден сырткары дагы бир канча кыргызстандык кан майданда каза болгонун аныктаган. Кыргыз тектүүлөрдүн айрымдарында эки өлкөнүн, Кыргызстандын жана Орусиянын паспорту бар экени белгилүү болгон.

Эксперттер согушуп жүргөн жана урушта каза болгондордун саны мындан алда канча көп экенин белгилеп жатышат.

Мигранттар менен иш алып барган "Инсан–Лейлек" уюмунун жетекчиси Гүлнара Дербишева азыр согушка азгыруу активдүү жүрүп жатканын белгилөөдө:

Гүлнара Дербишева
Гүлнара Дербишева

“Кыргызстанды алсак, май айына карата биздин 1474 жараныбыз Украинада согушуп жүрөт. Бул 2025-жылдагыга караганда төрт эсе көп экен. Орусияда миграция мыйзамдары катаалдашканы дагы буга себеп болууда. Атайын эле ушундай жолго барып жатабы? Реестр, "Амина" тиркемеси, полицияга депортация кылуу укугун берген эбегейсиз ыйгарым укуктар да себеп болуп жатат. Азыр согушка азгыруу абдан катуу жүрүүдө. Орусиянын Коргоо министрлиги жеңилдетилген жарандык беребиз дегени, үй-бүлөгө төлөм, акчалай кошумчалар дагы мигранттарды азгырып жатат. Андан сырткары реестрге кирип, чыга албагандар, Орусиядан башка жактарда тил, виза маселесинен улам иштөө мүмкүнчүлүгү жок, ошол жакта калууну каалгандар мажбур макул болуп жатышат. Мындан сырткары насыя алган, эне капиталын алган, үй-бүлөсүн алып баргандар бар да, ошондон пайдаланып жатышат”.

"Тапкым келет" долбоору согушка кетип, дайыны чыкпай жаткандарга байланыштуу 200 миң арыздын 500ү кыргызстандыктардан түшкөнүн "Азаттыкка" билдирген. Ал арада юристтер согушка кеткен жакынын издегендердин саны өсүп жатканын белгилеп келишет.

Борбор Азия өлкөлөрү Орусия Украинага бастырып кирген төрт жылдан ашуун убактан бери бул согушта канча жараны каза болгону же согушка тартылганы тууралуу расмий маалымат бере элек.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу иштери же ага жалданма катары катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG