Орусиянын тарабында согушуп туткунга түшкөн кишилердин арасында 50 чакты өлкөнүн жарандары бар. Бул тууралуу 4-августта Украинанын акыйкатчысы Дмитрий Лубинец чет жактардагы дипломатиялык миссиялардын жыйынында билдирди.
«Украинада орусиялык оккупанттардын армиясында согушуп жаткан жеринен 51 өлкөнүн жараны туткунга түштү. Андыктан Орусиянын тарабында согушка катышуу укуктук маселелерге алып келиши мүмкүн экенин бүтүндөй дүйнөгө так жана ачык айтуу зарыл», - деп билдирди Лубинец.
Майдын аягында украин Тышкы иштер министрлиги 48ден көп өлкөнүн жараны туткундалганын, аларды орус бийлиги алдап же акча убада кылып майданга салганын маалымдаган.
Би-Би-Си 2026-жылдын июлуна карай орус тарапта согушкан чет элдик 3589 жаран каза тапканын эсептеп чыккан.
Украинанын мамлекеттик "Тапкым келет" ("Хочу найти") долбоорунун өкүлү Богдан Охрименко апрель айында «Азаттыкка» билдиргендей, туткунга түшкөндөр арасында кыргызстандыктар дагы бар. Бирок алардын санын аныктоого мүмкүн болгон жок.
Украинанын дагы бир мамлекеттик "Жашагым келет" ("Хочу жить") долбоорунун маалыматына ылайык, Орусия кол салган төрт жылдан ашуун убакытта 13 миңге жакын борборазиялык орус армиясы менен келишим түзгөн. Борбор Азиядан барган дагы 80 миңдей адам Орусияда аскердик кызмат өтөө үчүн каттоого алынган.
Шерине