Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:46

Адылбек Касымалиев чет өлкөлүктөргө жер сатылбай турганын айтты

Адылбек Касымалиев.
Адылбек Касымалиев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанда чет өлкөлүктөргө жер сатылбай турганын билдирди. Бул тууралуу өкмөт башчы “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген интервьюсунда айтты.

Ал инвесторлорго жерди ижарага берүү шарттары тууралуу суроого жооп берип жатып Кыргызстанда кайсыл бир бизнеске акча салууну каалаган чет өлкөлүк ишкерлер жер аз убакытка ижарага берилсе келбей турганын кошумчалады.

“Жерди 49 жылга ижарага алган инвестор чоң завод куруп, кетирген акчасын чыгарып алып бир аз пайда көрүш керек. Биз үчүн жумуш орундары түзүлөт. Ушундай заводдо иштеген бир адам өзү менен кошо дагы 3-4 адамды багат”, - деди ал.

Министрлер кабинети 14-июлда Мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизип, “президенттин чечими (тапшырмасы) менен улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн капиталдык объектилерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет өлкөлүктөргө 50 жылга чейинки мөөнөткө бир жолку төлөмдүн негизинде убактылуу пайдаланууга берүүнү” караган токтом долбоорун сунуштаган. Бул коомдо ар кандай талкууга жем таштаган.

Президент Садыр Жапаров 17-июлда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, Жер кодексине сунушталган өзгөртүүлөр боюнча коомдогу кооптонууларга жооп берген. Ал чет элдик инвесторлорго жерди 49-50 жылга чейин ижарага берүү механизми Кыргызстанда көп жылдан бери колдонулуп келгенин айтып, инвестор жерге менчик укугуна ээ боло албай турганын, белгилүү мөөнөткө гана пайдалана аларын билдирген.

Мамлекет башчы 21-июлда Фейсбуктагы баракчасында пост жазып, чет элдик инвесторлорго жер убактылуу пайдалануу үчүн гана берилерин кайталаган.

Жер кодекси боюнча чет элдик жаранга жердин үстүндөгү мүлк жеке менчик катары катталат. Ал эми жер тилкеси 49 жылга ижарага берилет. Айыл чарба багытындагы жерлер болсо чет өлкөлүктөргө убактылуу пайдаланууга да берилбейт. Чет өлкөлүктөр калктуу конуштан жана курулуш жүргүзүүгө уруксат берилген жерлерден гана мүлк алса болот. (BTo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG