Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:46

Орусия 475 дрон жок кылынганын, Тулада Wildberries кампасы өрттөнгөнүн билдирди

Wildberries кампалары 18-июлдан бери дээрлик күн сайын аткыланууда.
Wildberries кампалары 18-июлдан бери дээрлик күн сайын аткыланууда.

Орусиянын Тула облусунда 5-августта Wildberries компаниясынын сорттоочу борборунун аймагына учкучсуз учуучу аппарат (дрон) кулап, өрт чыкканын аймактын губернатору Дмитрий Миляев билдирди. Анын айтымында, бир адам жабыркады.

Мындан тышкары, көп кабаттуу эки үй, өндүрүштүк эки ишкана зыянга учурады.

Миляевдин билдиришинче, түн ичинде облустун аймагында 107 дрон атып түшүрүлдү.

18-июлдан бери Орусияда, ушуну менен, Wildberries кампаларын кеминде 15-жолу өрт каптады. Соккулар дээрлик күн сайын болуп жатат, ондой адам каза болду, арасында Тажикстандын бир жараны бар экени кабарланган.

Расмий Киев бул соккуларды маркетплейс Орусия логистикасынын "өтө маанилүү бөлүгү" экендиги менен түшүндүрүп келет. Украин бийлиги Wildberries аркылуу Орусияга аскердик жабдуу, анын ичинде рациялар, ок өтпөс жилеттер жана дрондор үчүн компоненттер жеткирилүүдө деп эсептейт.

Жалпысынан 5-августка караган түнү Орусия Украинага таандык деп айтылган 475 учкучсуз аппаратты 16 аймактын, аннексияланган Крымдын, ошондой эле Азов жана Кара деңиздеринин үстүнөн кармап, жок кылганын маалымдады.


Шерине

XS
SM
MD
LG