Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Август, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:21

"75чилердин каты": Шаардык сот тараптардын апелляция арызын карайт

Курманкул Зулушев, Камчыбек Ташиев жана Нурланбек Тургунбек уулу. Бишкектин Биринчи май райондук соту. Архив.
Курманкул Зулушев, Камчыбек Ташиев жана Нурланбек Тургунбек уулу. Бишкектин Биринчи май райондук соту. Архив.

"75чилердин каты" иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмгө прокуратура да макул эместигин билдирип, апелляциялык арыз берди. Шаардык сот ишти 10-августта караганы жатат. Жактоочулар «Азаттыкка» билдиришкендей, буга чейин соттолгон сегиз кишинин баары шаардык сотко арыз жазган.

75 адамдын каты боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүм күчүнө киришине бир күн калганда прокуратура ага макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Шаардык сотто апелляциялык арызы 10-августта каралып баштай турганы белгилүү болду.

“Азаттык” Башкы прокуратурага кайрылган учурда мекеме шаардык сотко жазылган апелляциялык арыздын мазмуну тууралуу маалымат берген жок.

"75чилердин каты" иши райондук сотто каралып жаткан учурда прокуратура атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон айыпталуучуларды сегиз жылга кесүүнү суранган. Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров бул сунушту жарым-жартылай канааттандырып, айыпталуучуларды Кылмыш-жаза кодексинин «Бийликти күч менен басып алуу» беренесинин негизинде күнөөлүү деп таап, төрт жыл чегерген, бирок үч жылдык пробациялык сыноо шарты менен эркиндикте калтырган.

"75чилердин каты": Бишкек соту кандай чечим чыгарат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:14 0:00



Юрист Мамат Шаиев прокуратура шаардык сотко Биринчи май райондук сотунун өкүмүн жумшак деп санап кайрылган болушу мүмкүн экенин белгилейт:

Мамат Шаиев
Мамат Шаиев

“Буларга төрт жыл эле жаза берилип калбадыбы. Бирок бул жерде өтө оор кылмыштын беренеси коюлган. «Төрт жылдык жаза мүмкүн эмес, аларды камакка алыш керек» деп райондук соттун чечимине каршы арыз жазышты. Мыйзам боюнча караганда, прокурордун апелляциялык арызы канааттандырылышы керек. Бул жерде жеңил жаза берилип калганы анык. Мыйзам боюнча айыптоочу 10–11 жыл деп сурагандан кийин жок дегенде 10 жылдык жаза берип, сот залынан камакка алыш керек”.

Чуулгандуу катка байланыштуу окуялардан кийин козголгон иш боюнча райондук соттун өкүмү 2-июлда чыккан. Мыйзамга ылайык, прокуратура жана соттолуучулар макул болбосо бир айлык мөөнөттүн ичинде кийинки инстанцияга арыз менен кайрыла алат.

Соттолгон мурдагы жетекчилер бул мөөнөттүн аягына чейин күтүп, өткөн аптада шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрыла баштаган. Тагыраагы, чыгарылган өкүмгө макул эместигин биринчилерден болуп Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаттары билдирип, арыз жазган. Мындан кийин Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы депутат Курманкул Зулушев баш болгон башка да саясатчылардын жактоочулары арыз калтырганы белгилүү болду.

Учурда коомчулукта УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз адамга шаардык сот кандай чечим чыгарышы мүмкүн деген талкуу жүрүп жатат. Райондук соттун чечиминен кийин айрым саясий билдирүүлөр жасалып, соттолуучулардын риторикасында, аларга мамиледе бир топ өзгөрүү болгонун айткандар жок эмес. Атап айтсак, июль айында Камчыбек Ташиев соцтармактарга билдирүү таратып, кийинки жылдагы президенттик шайлоого катышпасын, президент Садыр Жапаровду колдой турганын шардана кылды. Бул кайрылуудан соң бийликтин Ташиевге карата мамилеси да өзгөргөндөй сезилди.

УКМКнын мурдагы төрагасынын бир тууган иниси, экс-депутат Шайырбек Ташиев үй камагына чыкты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Кыргызмунайгаз” ишканасындагы коррупция тууралуу тергөөсүнөн улам апрель айында камакка алынган Шаирбек Ташиев мамлекетке келтирилген чыгымдын бир бөлүгүн төлөп бергенин 27-июлда жарыялады. Ал канча каражат төккөнү азырынча ачык айтыла элек.

Бул окуяны бийлик менен Ташиевдин ортосундагы кайсы бир сүйлөшүүлөрдүн белгиси катары сыпаттагандар да болууда.

Саясатчы Улукбек Маматаев "75чилердин каты" боюнча кармалгандарга жумшак мамиле жасалып жатат деп эсептейт:

Улукбек Маматаев
Улукбек Маматаев

"Акыркы маалыматтарга караганда, сүйлөшүү болду деген сөз эл арасында байма-бай айтылып келе жатат. Мен деле ошого ынанып баратам. Эгерде сүйлөшүү болбосо мындай жыйынтык чыкмак эмес. Ошондой эле бизге "Кемпир-Абад иши" боюнча 20 жыл сураган. Булардын иши бизге таптакыр окшошпойт. Сыртта жүргөн үч кишинин (ред.: Ташиев, Зулушев, Тургунбек уулу) даярданганы билинип турган. Эмнегедир буларга жумшак мамиле жасалды. Бул саясий чечим, анткени жакында шайлоо. Мындай чоң резонанстуу иштерди өлкөдөгү экинчи, үчүнчү адамдар чече албайт. Бул өлкө башчынын деңгээлинде чечилген маселе деп ойлойм".

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан. Мурдагы башкы чекист болсо күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген.

Райондук соттун өкүмүнөн кийин алар комментарий берген эмес. Пробациялык жаза саясий соодалашуунун натыйжасы болгону тууралуу пикирлерге да жооп боло элек.

Ошентип, жакынкы күндөрү соңку айларда өлкөдөгү саясий күн тартиптин башкы сабына чыккан “75чилердин каты" иши шаардык сотто кайра карала баштайт. Президенттик шайлоонун алдындагы соттук процесске коомчулуктун көңүлү буралары турган иш.

2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “75чилердин каты” боюнча чечим чыгарган. Ишти караган судья Азирет Медеров Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевди Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, төрт жылдан абакка кескен.

Сот ушул эле берене менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевди, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду да күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыраткан.

Судья айыпталуучуларды “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча актап, баарына үч жылдык пробация берген жана айыпталуучулар эркиндикте калган. Өкүмдө сегиз кишинин мүлкү мамлекетке алынары да жазылган.

Февраль айынан бери камакта жаткан беш адам - Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов сот залынан бошотулган.

Быйыл 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Ал коюлган айыптарды четке каккан.

“75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган. Ал да тагылган кинеге макул эмес экенин айткан.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG