Ошол күнү тергөө абагындагы беш айыпталуучу да сот залынан эркиндикке чыкты. Бул чечим боюнча түрдүү пикирлер айтылып, айрымдары саясий мүнөздө десе, соттун пробациялык көзөмөлдү колдонгонун сынга алгандар да бар.
Бишкектин Биринчи май райондук соту "75чилердин каты" боюнча айыпталгандардын баарын эркиндикте калтырды.
2-июлдагы отурумда сот бардык айыпталуучуларды "кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган" деген берене боюнча актап, "бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен соттоду. Бул берене оор кылмыш экенине карабай, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган айыпталуучулардын эркиндикте калышын саясий чечим катары мүнөздөгөндөр болууда.
Серепчи жана журналист Адил Турдукулов буларга токтолду:
“Кылмыш иши козголгондо мунун эки максаты – Ташиевди президенттик шайлоо марасына жеткирбөө жана ошол эле учурда саясий толкунду болтурбоо болгон. Ошонун негизинде саясий чечим чыкты. Мындай оор берене менен буга чейин бир дагы адам эркиндикте калган эмес, көп жылга абакка кесилген. Эгерде Ташиевди камакка алса, саясий толкундоолор болушу ыктымал эле. Ошонун алдын алуу үчүн чечим ушундай болду. Түз болбосо да кыйыр түрдө кандайдыр бир кадамдарды билгизген билдирүүлөр болгондой. Бийлик тарап да, президенттин командасы да ошондой кадамга баргандай. Анткени бир да тарап жапырт башаламандыкка кызыкдар эмес. Андай болсо, анда саясий толкун азыркы каармандарды айдыңдан сүрүп чыгат”.
Айрым юристтер соттун чечими көп суроо жаратканын белгилеп, пробация жазасынын чегерилишин мыйзамсыз деп жатышат.
Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова коюлган эки айыптын биринин алынып калганы боюнча талдоосу менен бөлүштү:
“Бул жерде дагы берене – кызмат абалын кыянат пайдалануу деген айып бар. Анда булар ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, мөөнөтсүз шайлоо өткөрүп, бийликти басып алалы деген деп жатышат. Бирок сот мындай аракет болгон эмес деп бул берене боюнча актап жатат. Эгер мындай аракет болбосо, кызмат абалын кыянат пайдаланбаса, анда булар кантип мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө аракет жасашты? Бул бири-бирине байланышкан аракет болгону үчүн бир беренеде кылмыш жок деп белгиленгенден кийин ага байланышкан аракетте да кылмыш болбошу керек эле. Бул жерде тескерисинче кылып, бийликти күч менен басып алуу аракети болгон эмес, бирок кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган десе, окшошмок. Дагы бир маселе, юристтер пробация боюнча айтып жатышат. Мындай кылмыштарга пробация колдонулбайт, мүмкүн да эмес”.
Сооронкулова сот Ташиевди күнөөлүү деп таап жаткандан кийин анын “Кыргыз Республикасынын эл баатыры” наамын жокко чыгарышы керектигин да кошумчалады. 2-июлдагы чечимде ал тууралуу сөз болгон эмес.
Бишкектин Биринчи май райондук соту пробациялык көзөмөл боюнча мындай түшүндүрмө берди:
“Сот бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинде каралган кылмыш аягына чыкпаганын, болгону аны жасоого даярдык көрүлгөнүн эске алуу менен пробациялык көзөмөлдү колдонду. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренесине ылайык, кылмышка даярдык көрүү кылмыш аракеттин өз алдынча стадиясы болуп саналат жана кылмыш өзү аягына чыкпаганы менен, аны жасоо үчүн шарттарды түзүүнү билдирет. Ошондуктан, жаза дайындоодо сот Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 75-беренесин жетекчиликке алды. Бул берене кылмыштуу ниеттин канчалык деңгээлде ишке ашканын, кылмыштын эмне себептен аягына чыкпай калганын жана иш жүзүндө жасалган аракеттердин мүнөзүн милдеттүү түрдө эске алууну талап кылат”.
Коомчулук оор кылмышка айыпталганына карабай соттун айыпталуучуларды эркиндикте калтырганын гумандуу чечим катары мүнөздөп жатат. Ал эми айыпталуучулар өкүмгө макул эместигин белгилеп, апелляциялык даттануу болорун айтышты.
“Бир күн келип, ушул иш боюнча айыпталгандардын баары акталат. Себеби, иште кылмыштын бир дагы курамы жок. Кайрылуу эч качан чакырык болуп саналбайт. Кайрылууда биз азыркы бийликти колдоо менен мамлекет башчыбызга жана ошол кездеги төрагага жолдогонбуз”, - деди айыпталуучулардын бири Курсан Асанов.
Ички иштер министрлиги "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен козгогон кылмыш иши 18-майда сотто карала баштаган. Анын алкагында айыпталуучулардан тышкары 20 күбө суралып, жашыруун делген үч кишинин көрсөтмөсү окулган. Бул саясий процесстер 9-февралда президенттик шайлоону мөөнөтүнөн эрте өткөрүү боюнча 75 кишинин бийликке каты жарыяланып, бир күндөн кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышынан башталган. Мунун арты менен Нурланбек Тургунбек уулу парламент төрагалыгынан кетип, кийин бир топ депутаттардын катарында мандатын тапшырган.
Камчыбек Ташиев кызматта турганда президенттик шайлоого катышуу ниети жоктугун, ал мамлекет башчы Садыр Жапаровду колдой турганын бир нече ирет билдирген. Быйыл жыл башында “75чилердин каты” боюнча окуялардан кийин серепчилер Ташиевдин президент болуу дымагы тууралуу сөз кылып, буга соңку беш жылда кыргыз саясатындагы таасири артканын негиз келтиришкен. Мындан улам райондук соттун аны күнөөлүү деп тапкан чечиминен кийин Ташиевдин саясий карьерасы кандай болот деген суроо турат.
Бул тууралуу Адил Турдукулов мындай пикирде:
“Ташиев да, Зулушев менен Тургунбек уулу да саясаттан кетпейт деп ойлойм. Тескерисинче, ымала түзүп, саясий салмагын көбөйтөт деп божомол кылсак болот. Биздин тарых көрсөткөндөй, өзгөчө саясий чечимдерден кийин алар саясаттагы карьерасын улантып, бурулуш жасап, алар жаңы старт алганга аракет кылат деп ойлойм. Кандай кадамдар экенин болжоо кыйын. Анткени биздеги саясий процесстер ички жана тышкы чакырыктардан улам тез өзгөрүп кетиши мүмкүн. Азыр деле чыңалуу күч. Өзгөчө президенттик шайлоого жакын дайыма ушундай болот. Азыркы учурда кандайдыр бир коалициялар, бири-бирин колдоолор болот. Бул жагынан да Ташиев четте турбайт деп ойлойм. Өзү шайлоого катышпаса да, башка талапкерди сүрөп же башка саясий максаттарды коюп, кадам ташташы мүмкүн”.
Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Конституцияны бузуу менен бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө багытталган аракеттер") өзгөчө оор кылмыш болуп саналат. Бул берене менен күнөөлүү деп табылгандар мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат.
337-берене ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен айыптуу деп табылган учурда 3000ден 5000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Айыпталуучулардын таржымалы
Камчыбек Ташиев 58 жашта. УКМКнын мурдагы төрагасы. Саясий ишмердигин 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлануу менен баштаган. Андан бери кыргыз саясатындагы активдүү фигуралардын бири болуп келет. 2013-жылы бийликти басып алуу аракети боюнча камакка алынып, кийин сот чечими жокко чыккан. 2020-жылы Октябрь окуяларынан соң УКМКнын төрагасы болуп, өлкөдөгү эң таасирдүү адамдардын бирине айланган. Быйыл февралда бул кызматтан алынып, бийликти басып алууга аракет беренеси боюнча иш козголгон.
Курманкул Зулушев 56 жашта. Прокуратура тармагына 2000-жылы келген жана 2007-жылга чейин Нарын, Чүй облустарында райондук прокуратурада, Транспорт прокуратурасында прокурордун жардамчысы, тергөөчү өңдүү кызматтарда иштеген. Андан кийин Зулушев сот тармагына өткөн. Зулушев коомчулуктун калың катмарына 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп турганда таанылган. Ошол жылы жайында ал төрагалык кылган, үч судьядан турган коллегия ошол кездеги Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" фракциясынын үч депутаты - Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жана Талант Мамытовду оор беренелер менен козголгон кылмыш ишинде актаган. Андан кийин кызматтан алынган. Зулушев 2015-жылдагы парламенттик шайлоого "Республика - Ата Журт" партиясынын тизмеси менен барган. 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин башкы прокурор болуп дайындалып, 2024-жылга чейин иштеди. Былтыркы шайлоодо Кара-Кулжа, Өзгөн округунан депутаттыкка шайланып, парламенттеги Конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттин төрагалыгына бекиген. Быйыл жазында депутаттык мандатынан ажырап, бийликти басып алууга аракет беренеси боюнча иш козголду.
Нурланбек Тургунбек уулу 48 жашта. Өкмөттүк "Эркин Тоо" гезитин, ЭлТР телеканалын жетектеген. 2010-жылдагы Апрель окуясына чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы, кеңешчиси катары иштеген. 2010-2011-жылдары парламентке келген "Ата Журт" партиясынын квотасы менен маданият министри болгон. Кийин NewTV телеканалын бир нече жыл жетектеген. Тургунбек уулу 2021-жылы Аксы бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келип, бир нече депутаттар менен бирге “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясына кошулуп, кийин Бакыт Төрөбаев кызматка кеткенде ордуна фракциянын лидери болгон. 2022-жылдан 2026-жылга чейин парламент төрагалыгын аркалады. Быйыл февралда депутаттык мандатынан ажырап, “бийликти басып алууга аракет” беренеси боюнча иш козголду.
Бекболот Талгарбеков 71 жашта. Кыргызстан эгемендик алганга чейин Улуттук илимдер академиясында экономика илими боюнча окумуштуу катары иштеген. 1991-жылдан соң туңгуч президент Аскар Акаевдин командасына кирип, жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири болгон. Ал вице-премьер министр, айыл чарба министри катары 1993-жылдагы жер реформасынын башында турган. Кийин Жалал-Абад облусунун губернатору, өкмөт аппаратынын жетекчилигин аркалаган. 2005-жылдан соң мамлекеттик кызматта ээлебегени менен Алмазбек Атамбаевдин тушунда оппозициячыл маанайдагы пикирлер айтып келген. 2016-жылы “Элдик парламент” деген уюмдун башында туруп, “бийликти күч менен басып алууга аракет” беренеси боюнча 14 жылга соттолгон. Үч жылдан ашык абакта отурган соң бошотулган. Талгарбеков Камчыбек Ташиевди мамлекеттик кызматка алып келген адам катары сыпатталып келет. Быйыл февралда камакка алынып, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айып тагылган.
Эмилбек Узакбаев 71 жашта. Айыл чарба тармагындагы адис. 1991-жылдан соң бир катар жетекчилик кызматтарды ээлеген. Ал Нарын облусунун губернатору, айыл чарба министри болсо, 2005-жылдагы Март ыңкылабынан соң Антимонополия агенттигинин жетекчиси болгон. 2016-жылга чейин Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматын да аркалаган. Быйыл февралда камакка алынып, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айып тагылган.
Курманбек Дыйканбаев 66 жашта. Саясатка 2010-жылы “Республика” партиясынын тизмесинен парламент депутаттыгына шайланып аралашкан. 2018-2020-жылдары президенттин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. 2020-жылы кармалып, “Алдамчылык” жана “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен кине тагылган. Кийин сотто акталган. Быйыл февралда камакка алынып, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айып тагылды.
Аалы Карашев 58 жашта. 1990-жылдардын аягынан соң президенттик администрацияда иштеген. 2007-жылы Ош облусунун губернатору, Апрель ыңкылабынан соң эки ирет өкмөттө вице-премьер министр, Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси болгон. 2021-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты катары иштеген. Быйыл февралда “Жетимиш бешчилердин катынын” алкагында камакка алынып, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айып тагылды.
Курсан Асанов 60 жашта. Узак жылдар ички иштер тармагында иштеген. 2010-жылы Июнь окуялары учурунда Оштун коменданты катары коомчулукка таанылып, ошол эле жылы КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. Кийин бир нече жыл ички иштер министринин орун басары болгон. 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы “Кой-Таш окуясынан” соң Асанов камалган. Кийин 2021-жылдын январь айында Асановго 2020-жылдын октябрындагы окуяларга байланыштуу "Имаратты жана мекемени басып алуу" деген берене боюнча, ошол эле жылдын сентябрында “Бийликти күч менен басып алуу” деген берененин негизинде да иштер козголгон. Кийин бул иштер боюнча акталган.
Шерине