Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

"Өзүнө жакындарды депутат кылган". Спикерлердин сырдуу тиреши

Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы төрагалары Марлен Маматалиев жана Нурланбек Тургунбек уулу. Коллаж сүрөт.
Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы төрагалары Марлен Маматалиев жана Нурланбек Тургунбек уулу. Коллаж сүрөт.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулун соңку парламенттик шайлоодо өзүнө жакын саясатчылардын тизмесин түзүп, алардын мандат алышына жардам берген деп айыптады. Мындай билдирүү коомчулукта шайлоого байланышкан маселени кайра козгоду.

Төрага Марлен Маматалиев өткөн парламенттик шайлоодо жеңе турган талапкерлердин тизмеси алдын ала түзүлүп, аларга артыкчылык берилгенин айтып чыкты. Ал ошол маалдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу тизме түзүп, жакын адамдарын депутат кылууга аракет кылганын билдирди:

“Айта турган нерсе, мен кудайдын, элдин колдоосу менен араң-араң эле өтүп келдим. Тизмеде жок элем. Өтө тургандардын катарында каралган эмесмин. Президентибиз "ачык болсун, баарына бирдей шарт түзүлсүн" деп аябай аракет кылды деп ойлойм. Бирок кандайдыр бир күчтөр, анын арасында мага чейин бул кызматта отурган киши тизме түзүп, өзүнө жакын адамдарды алып келгенге аракет кылды. Муну ачык айтыш керек. Жашырганда эмне? Мен тааныган айрым балдар арасында талапкер катары катталгандан кийин үч күн өтпөй камап, күч менен БШКга алып барып, арыз жаздыргандары бар”.

“Ачыкка чыкпаган маалыматтар көп”. Спикер Маматалиевдин маеги
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:25 0:00

Төрага Маматалиев былтыр ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Бишкектен №23 округдан талапкер болгон. Ушул эле округдан шайланган депутат Элвира Сурабалдиева да шайлоодо басым-кысымга кабылганын буга чейин айтып чыккан.

Спикердин 24-июнда журналисттер менен жолугушууда айткан бул сөзү социалдык тармактарда талкууга түшүп, мындай көйгөйгө туш болгонун айткан талапкерлер да чыкты.

Маселен, №1 шайлоо округунан талапкер болгон журналист Сайрагүл Дуулатова Фейсбуктагы баракчасына буларды жазды:

“Төрага Марлен Маматалиев айткан парламенттик шайлоодогу тизме интернет булактарына чыккан. Ошол тизменин басымдуу (70-80%) пайызы депутат болуп келди. Таза шайлоо болот деп мага окшоп далайлар шайлоого катышты. Тизме алдын ала түзүлгөн болсо, анда, шоу кылып, шайлоо өткөрүүнүн зарылдыгы бар беле? Коомчулуктун шайлоого байланыштуу суроолору көп болууда. Президент Садыр Жапаровдун шайлоо, "тизме" боюнча пикири кызык болуп жатат”.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, учурда “75чилердин каты” деп айтылган иш боюнча айыпталып жаткан Нурланбек Тургунбек уулу азыркы спикердин айткандарына жооп бере элек. Ал чуулгандуу кат тууралуу парламентте айтылган сөздөрдү “жалган маалымат” деп баалаган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Абдыжапар Бекматов былтыр парламенттик шайлоо учурунда күчкө салынып арыз жазган талапкерлер болбогонун айтууда:

“Депутат болобу, талапкер болобу, арыз жазылган учурда анын өз эрки менен жазып жатканын тактап, ырастап, андан соң кабыл алып келгенбиз. Шайлоо маалында процесске жалпы жонунан байкоо салып турганбыз. Бул айтылгандай көйгөйдү байкаган эмеспиз”.

Соңку эки апта ичинде төрага Маматалиев мурдагы спикерди жана “75чилердин катына” байланыштуу айыпталып жаткандарды күнөөлөгөн билдирүүлөрдү жасап жатат. Өткөн аптада бул кат парламентке кантип келгени тууралуу кеңири маалымат берип, уюштуруучулардын көздөгөнү ишке ашса “мамлекеттүүлүккө коркунуч жараларын” белгилеген.

Тургунбек уулу анын билдирүүлөрүн көрбөгөнү үчүн жооп бербей турганын 22-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы процесске келген учурда билдирди.

Экс-депутат Курманкул Зулушев 25-июнда журналисттердин ушул маселеге байланыштуу суроосуна жооп берип:

“Төрага жок нерсени токуп жатат”, - деди.

Маматалиевдин “талапкерлер тизмеси” тууралуу айтканы шайлоого байланышкан талкууга жем таштады.

Юрист Айдин Бакытбек уулу көтөрүлгөн маселе актуалдуу болгону менен бул кыргыз саясатында дайыма болуп келген көрүнүш экенин айтууда.

“Шайлоо таза эмес өтсө коомчулук учурунда реакция кылышы керек болчу. Шайлоодогу талапкерлер деле жыйынтыкты кабыл алып калышты, эл деле унчуккан жок. Добуш берүүнүн көрсөткүчү да төмөн болду. Ошол жагдайларды эске алганда төрага коюп жаткан айыптоолор олуттуу. Бирок мындай шайлоо Кыргызстанда биринчи жолу болгон жок. Атамбаев учурунда да ал өзү бардык тизмени аныктап берчү. КСДП партиясына батпай калган саясатчыларды ал өзү башка партияларга бөлүштүргөн. 2020-жылдагы шайлоодо да баары “Мекеним Кыргызстан” менен “Биримдикке” аракет кылышты. Ал топторго да батпай, бийлик аларды башка партияларга киргизген. Азыркы парламент да алдын ала бекитилгени ачык көрүнүп калды. Себеби бир дагы оппозициялык депутат жок. Жок дегенде бир саясатчыны айта алабызбы? Жок. Анткени оппозиционер шайлоого ат салышса, ал өтпөй калат”.

Жогорку Кеңештин азыркы, 8-чакырылышы былтыр ноябрда жаңы шайлоо мыйзамынын негизинде жалаң көп мандаттуу округдардан шайланып келди. Бул үчүн 30 округ түзүлүп, ар биринен үчтөн депутат шайланды жана алардын ар биринен бирден айым депутат мандат алган. Алгачкы отурумда Нурланбек Тургунбек уулу кайра спикер болуп шайланган.

"75чилердин" талаштуу каты

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Ал коюлган айыптарды четке кагып келет.

Садыр Жапаров соңку маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан. Мурдагы башкы чекист болсо күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген.

“75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган. Ал да тагылган кинеге макул эмес экенин билдирген.

ИИМ Камчыбек Ташиевге, Нурланбек Тургунбек уулуна жана Курманкул Зулушевге “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине койгон. Мурдагы үч чиновник эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.

Ал эми президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды. Алар камакта жатат.

Сот процесси Биринчи май райондук сотунда жабык өтүп келет.

  • 16x9 Image

    Түмөнбай Абдинаби уулу

    Түмөнбай Абдинаби уулу "Азаттыктын" кабарчысы. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. 

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG