Ал бул кылмыш ишиндеги негизги фигуранттар эркиндикте калып, алардын айтканын аткаргандар камакта олтурганын сындады.
Ал арада Ички иштер министрлиги аталган иштеги айыпталуучулардын жана күбөлөрдүн видеолору тарап кеткенине тиешеси жоктугун билдирди. Кантсе да, адистер муну укуктук мыйзам бузуу катары баалап, тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилиги каралышы керектигин эскертүүдө.
Соттогу кайым айтыш, Сыдыгалиевдин билдирүүсү
Башынан эле коомчулуктун көңүл чордонунда болуп келаткан “75чилердин каты” боюнча соттук иш ачык өтө баштаганы күн сайын жаңы талкууга жем таштоодо. Бул ирет Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиевдин иш боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына айткан пикири талаш жаратты.
Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев эл өкүлү Элвира Сурабалдиева отурумда көрсөтмө берген учурда айыпталуучулардын басымына кабылганын айтып, Ташиев баштаган үч айыпталуучу да камалышы керек деген оюн билдирди.
“Мисалы, Камчыбек Ташиев менен Курманкул Зулушев сотко барып алып кандай мамиле кылып жатканын көрүп атасыңар. Алар айыпталуучулар да, туурабы? Камап туруп тергеп, соттон да кармап, процессти улантуу керек болчу. Анткени, мыйзам баарына бирдей болушу керек эле. Бизде андай болбой жатат. Мен ошону үчүн айтып жатам. Сотто отуруп алып биздин депутатыбызды эмне кылып жатышат? Соттолуучу Сурабалдиева, тигилер күбө катары келгендей жүрүшөт. Басым жасап жатышат, мындай болбош керек”.
Депутат Элвира Сурабалдиева 15-июндагы соттук отурумга күбө катары чакырылып, көрсөтмө берген.
Процесс учурунда ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы, айыпталуучу Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен.
Жарандык активист Мукай Керимбаев депутаттын билдирүүсү боюнча мындай ойдо:
“Нурбек Сыдыгалиевдин пикирин жалпыга маалымдоо каражаттарынан окудук. Бирок укуктук мамлекетте бирөөнү “камалышы керек” деп айтуу туура эмес. Конституциябыз, президентибиз бар, бардыгы мыйзам чегинде болууга тийиш. Акыркы чекитти сот коёт. Президентибиз Садыр Жапаров да ошентип айтып келген, Камчыбек Ташиев да “сот калыс карай турганына ишенем” деп келет. Ушундай шартта бир депутат ортодон чыга калып эле, “бул камалышы керек, тиги камалышы керек” дегенине түшүнбөй жатабыз. Депутаттардын ыйгарым укуктары бар, округдары бар, мыйзам жазышы керек, ошол иштери менен алектенсе жакшы болмок. Жеке мен соңку соттук отурумга катыштым, ал жерде депутат Сурабалдиевага эч кандай басым болгон жок. Албетте, сөз талаш, кайым айтышуу, эмоциялар болду, бирок аны басым деп атоо туура эмес. Жараянда укук коргоо органдары карап турду, сот өзү көз салып жатат, алар күбөгө басым кылууга эч качан жол бербейт”.
“75чилердин каты” боюнча жалпы сегиз айыпталуучу бар. Алардын ичинен атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана парламенттин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлган. Мурдагы үч аткаминер эч жакка чыкпоо тилкаты менен эркиндикте.
Коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, мурдагы элчи Эмилбек Узакбаевге, экс-депутат Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган. Учурда алар камакта жатат. Айыпталуучулар коюлган айыпка макул эместигин билдирип келет.
Ачыкка чыгып кеткен тасма баяны
Ал арада аталган иштеги айыпталуучулардын жана күбөлөрдүн видеолору тарап кеткенине байланыштуу талкуу күчүндө. 15-июнда Фейсбукта жарыяланган 11 мүнөттүк тасмада айыпталуучу Камчыбек Ташиев баш болгон бир нече адамдын жана Ташиевдин тарапташы делген Нургазы Анаркуловдун тергөөчүгө берген көрсөтмөлөрү кескиленип, бир беткей талданганын көрүүгө болот.
Ички иштер министрлиги бул боюнча расмий комментарий берип, видеонун тарап кеткенине тиешеси жоктугун билдирди.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов “Азаттыкка” буларды айтты:
“Биз буга чейин кылмыш ишин тергеп жатканыбызда купуялуулукту сактап, жашыруун гриф менен тергегенбиз. Ошол себептен бардык журналисттер маалымат сураганда маалымат берген эмеспиз. “Комментарий жок, комментарий жок” деп келгенбиз, билесиңер да?! Анан кылмыш иши сотко да купуялуулугу менен кеткен, сотто жабык каралып жаткан. Айыпкерлер “ачык каралсын” деп талап кылышкан соң, ачык карала баштады. Ошол себептен баары ачык болуп жатат. Бул видеолор кайдан чыгып кеткенин мен билбейм. Себеби, биз аларды буга чейин да берген эмеспиз. Кылмыш иши азыр бизде жок, иш сотто каралууда. Тергөөчү сурак учурунда фото-видео колдонуп көрсөтмө алса болот. Бирок ал кандайча сыртка чыгып кеткенинен биздин кабарыбыз жок”.
Кыргызстанда кайсы бир иш боюнча айыпталуучулардын же күбөлөрдүн жашыруун тартылган аудио-видео жазмалары тарап кеткен учурлары буга чейин да болуп келген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Ички иштер министрлиги сыяктуу тергөө функциясы бар органдар адатта бул жагдайга эч кандай түшүндүрмө бербей өткөрүп жиберишчү же тиешеси жоктугун айтып чектелчү.
Бул ирет сурактын видеолору жапырт чыгып кеткенине укук коргоочулар кабатыр. Адистер муну мыйзам бузуу катары баалап, тиешелүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууну талап кылууда.
“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулованын позициясы мындай:
“Тергөөчүлөрдүн иш бөлмөсүндө сурак маалында видео тартуучу камералар болот. Ал камералар адам укуктарына каршы келбейт жана атайын стандарттарга ылайык коюлган. Бул тергөөчүнүн да, сурак берүүчүнүн да коопсуздугу үчүн маанилүү. Себеби, кармалган адамдар ар кандай болот да, сурак учурунда ардемелер болуп кетиши ыктымал. Бирок ал камералар жана алар тарткан видеолор Ички иштер министрлигинин ичиндеги атайын бөлүмүнө гана жеткиликтүү болушу керек. Ал жашыруун, купуя болушу керек. Мен кечээ соцтармактардан, кийин жалпыга маалымдоо каражаттарынан көрүп алып, аябай таң калдым. Бул кантип алардын колуна түшүп калды? Тергөөчүнүн иш бөлмөсүндө болгон нерселер, адамдын көрсөтмөсү, жүзү, аты-жөнү соцтармактарга тарап кеткенин одоно мыйзам бузуу деп эсептейм. Бул азыркы аткаминерлерге эле тиешелүү эмес, ар бир адамга тиешеси бар маселе. Кокус эртең зордук-зомбулукка тиешеси бар адамдардын видеолору чыгып кетсе кандай болот? Жашы жете элек балдардын, аксакалдын, кыз-келиндердин көрсөтмөлөрү чыгып кетпейт деп ким кепилдик берет? Башка жарандарда кандай укук болсо, саясатчыларда деле ошондой эле укук бар. Айтор, мында бир нече суроолор бар. Бул видео эмне үчүн тарап кетти? Мындан ары дагы башка видеолор тарап кетпейби? Азыркы окуя боюнча териштирүү жүрүп, жооптуу адамдарга жоопко тартылабы? ИИМ “биз билбейбиз” дейт. Кантип билбейт? Анда министрлик мындан ары “суракка келсеңер биз анын сыртка чыгып кетпешине кепилдик бербейбиз” деп ачык айтсын. Жарандар суракта ошону эске алып, он жолу ойлонуп көрсөтмө берет”.
Быйыл 9-февралда саясатчылардан жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президентке жана парламенттин ошол кездеги төрагасына кайрылуу жолдоп, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Мунун артынан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынып, парламент төрагасы Нурлан Тургунбек уулу, комитет төрагасы Курманкул Зулушев жана башка депутаттар мандатын тапшырган.
Ички иштер министрлиги аталган үч саясатчыга жана катка кол койгон адамдарга кылмыш ишин козгоп, тергөөдөн кийин ишти Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берген. Алгач иш жабык каралып келсе, айыпталуучулардын өтүнүчү менен соттук кароо 15-июндан тартып ачык карала баштады.
Саясат талдоочу Мүсүркул Кабылбеков соттук отурумдун жүрүшүнө мындайча баа берди:
“Адатта көп жылдан берки саясий атаандаштарга каршы козголгон иштерде же саясий куугунтуктоону көздөгөн соттук иштерде далил базасы өтө аз болуп, толук иштелчү эмес. Азыр “75чилердин” иши туу чокусуна чыгып баратат. Бир жагынан алганда, бийлик адегенде “жараян жабык өтөт” деп жарыялады, кийин капыстан эле аны ачык кароого уруксат берип койду. Айтор, мында бийликтин аракеттеринин логикасын аңдоо кыйыныраак болуп турат. Ачык кароодо болсо Камчыбек Ташиев айткандай, бийликте каттын өзүнөн башка так далил жок экени көрүнүп калды. Ушунун өзү бийликтин аракеттерине көлөкө түшүрүп койду. Башка жагынан алганда, Ташиевдин соттогу жүрүм-турумунан биз алар өздөрүн кырдаалдын кожоюну катары сезип жатканын көрө алдык. Башкы үч айыпталуучу өздөрүн эркин жана ишенимдүү алып барууда. Мына ушул жагынан бийлик маалыматтык мейкиндикте утулууда десек болот”.
"75чилердин каты” боюнча соттук иш аптанын биринчи жана төртүнчү күндөрү өтүүдө. Отурум канчага созулары азырынча белгисиз.
Шерине