Азыркы мамлекет башчы эски Конституция менен шайланган, бирок жаңы Конституцияга ылайык эки гана мөөнөт иштөөгө укугу бар. Демек, дагы 5 жылга – бир мөөнөткө шайлана алат. Ушундан улам юристтер арасында Акаевдин билдирүүсү Жапаровго үчүнчү мөөнөткө баруу сунушу катары кабылданып, талаш пикирлерди жаратты.
Биринчи президенттин билдирүүсү
Ысык-Көл эл аралык форумунун 18-июнь күнкү биринчи жыйынына президент Садыр Жапаровдон сырткары Кыргызстандын бешинчи президенти Сооронбай Жээнбеков да катышса, 19-июнь күнкү – экинчи отурумуна биринчи президент Аскар Акаев келди.
Акаев форумга мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин чакыруусу менен келгенин билдирди. Биринчи президентти Ысык-Көлдө кызы Бермет Акаева коштоп жүрдү.
Аскар Акаев шеринедеги сөзүндө Кыргызстан соңку беш жылдыкта болуп көрбөгөндөй өнүгүп жатканын белгилеп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун, электр станциялардын жана башка нерселердин курулуп жатканын буга мисал тартты. Ал муну улантуу үчүн азыркы мамлекет башчыга кошумча убакыт берүүнү сунуштады:
“Эмгекчил кыргыз эли жакынкы он жылдыкта жаңы “экономикалык кереметти” жаратууга жөндөмдүү деп эсептейм. Элибиз эң оор учурда, экономика катуу солгундап, социалдык-экономикалык абал катуу чыңалып турган учурда Садыр Жапаровду президент кылып шайлап алган. Бирок бүгүн Кыргызстандын экономикасы ишенимдүү түрдө өсүү жолунда баратат. Социалдык чөйрөдө да оң тенденциялар көрүнүүдө, албетте ал 3-5 жыл кечигүү менен сезилет. Биринчи кезекте өсүш болуш керек, эл андан кийин гана ал өсүштүн жемишин татат. Экономиканын мыйзамы ушундай. [...] “Кыргыз экономикалык кереметин” практикалык түрдө ишке ашыруу үчүн президент Садыр Жапаровго кошумча мандат берсе кыргыз эли дайымкыдай эле кеменгерлик кылмак деп эсептейм. А сиздер “экономикалык керемет” кеминде 8-10 жылды талап кыла турганын жакшы билесиздер”, – деди Акаев.
Кыргызстанды 15 жылдан ашуун башкарган Аскар Акаев бийликтен 2005-жылы март ыңкылабында кулатылган. Ошондон бери үй-бүлөсү менен Москвада жашайт.
Өлкөгө келе албай жүргөн Акаев 2022-жылы Кыргызстанга эки жолу келип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) Кумтөр маселесине байланыштуу сурак берген. Башкы прокуратура кийин ага тагылган айыптардын баары мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын билдирген.
2024-жылы сентябрда Акаев экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча Жогорку Кеңешке кат жазган, парламент аны четке каккан. Мурдагы президент өзү бийликтен негизсиз кулатылганын айтып келет. Кантсе да, бул окуялардан кийин биринчи президент Кыргызстанга ээн-эркин келип-кете баштады.
Акаевге каршы күрөшкөн саясатчылардын бири Бектур Асанов “Азаттыкка” курган маегинде буларга токтолду:
“Башкасы айтса да Акаев айтпай эле койсо жакшы болмок. Себеби, дал ушундай кишилер Акаевдин өзүн “сизден башка киши жок”, “ашууда ат алмаштырбайт”, “үчүнчү мөөнөткө барыңыз” деп жатышып, соңунда анын абалы эмне болду? Анын эле эмес Кыргызстандын абалы эмне болду? Көтөрүлүштөн көтөрүлүш болуп, токтобой келатат. Бул мамлекеттин өнүгүшү үчүн өтө терс тенденция болуп калды. Бийликтен адамдар өз эрки менен кетпей, күч менен кетирүү салт болуп калды. Ошондуктан мындай демилгелерди түп-тамырынан кыркыш керек. Бийлик өзү баш болуп, буга каршы катуу чара көрүшү кажет. Баш мыйзамда эки мөөнөт деген бар, ошондон ашпаш керек. Эгерде кимде ким кайсы бир артыкчылыктарды айтып, эки мөөнөттөн ашам десе бул жакшылыкка алып барбайт. Бул биздин эле тарыхта эмес, коңшу мамлекеттерде, Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдө, дүйнөдө терс жыйынтыктарга алып келген. Каддафинин, Мубарактын тагдырын билебиз, алардын мамлекеттеринин тагдырын көргөнбүз. Ал эми өзүнүн мөөнөтүнөн ашык отурбай, улам-улам бийлик алмашып турган өлкөлөрдүн бийликтеринде оң мисалдар көп. Башкасын айтпай эле, Монголияны алсак, президенттеринин эч кимиси эки мөөнөттөн ашык отурган жок, кийин ал да бизге көп экен деп, бир гана мөөнөт калтырып коюшту. Натыйжада Монголиянын экономикасы өнүгүп, инвестиция көбөйүп, адам укуктары сакталып жатат. Болбосо старттык абалда экономикасы, саясий-социалдык абалы бизге караганда начар болчу. Ошондуктан Кыргызстанда эки мөөнөт жөнүндө сөз да кылбаш керек. Акаев тескерисинче “мен кайра-кайра шайланып атып, аягы жакшы болбой калды, эки мөөнөттөн ашпагыла” деп айтса жарашмак”.
Улам өзгөргөн Баш мыйзам, президенттик мөөнөт
Кыргызстандын 1993-жылкы Конституциясында президент 5 жылдан эки мөөнөткө шайланууга укуктуу болгон. Акаевдин тушундагы Баш мыйзамды өзгөртүүлөрдө эки мөөнөт сакталып калган, бирок Конституциялык сот ага үчүнчү мөөнөткө шайланууга укук берип койгон.
Март ыңкылабынан кийин – 2007-жылы жаңы кабыл алынган Конституцияда да 5 жылдан эки мөөнөт бекилген. Апрель ыңкылабынан кийинки – 2010-жылдагы Баш мыйзамда болсо президент 6 жылга – бир мөөнөткө гана шайлана алган. Октябрь окуяларынан кийин – 2021-жылы кабыл алынган Конституцияда болсо кайрадан 5 жылдан эки мөөнөт коюлган.
Садыр Жапаров 2021-жылдын январында мурдагы Конституция менен 6 жылга шайланган. Бирок ошол эле жылдын апрелиндеги референдумда кабыл алынып, май айында кол коюлган жаңы Конституция кабыл алган маалда бул биринчи мөөнөт катары каралары мыйзам менен белгиленген. Ошол себептүү юристтер ал 5 жылдык дагы бир мөөнөткө гана шайланууга укугу бар экенин билдирип келишет.
Юрист Нурбек Токтакунов Акаевдин билдирүүсүнө мындайча комментарий берди:
“Аскар Акаев өз сөзүнүн түпкү маанисинде “Конституцияны өзгөрткүлө” деп айтып жатат. Ал убагында өзү Баш мыйзамды улам-улам өзгөртүп, аягында элден тепки жеп, куулган. Азыр эми Садыр Жапаровду ошол жолго түртүп, мөөнөтүн узартууга чакырып жатат. Кечээ парламентте Марлен Маматалиев “чөө жана арстан” жөнүндө сөз кылганда да мен жаман болуп кеттим, Акаевдин сөзү да ошонун уландысы сыяктуу болууда. Жапаровдун ордунда болгонумда мындай сөздөрдү чорт кесе токтотуп, сунуштардан баш тартмакмын. Эгер Конституцияны өзгөртүп, мөөнөтүн узартам деп ойлосо анда Акаевдин гана жолуна түшөт, тагдыры да ошонун тагдырын кайталайт. Садыр Жапаровдо азыр бир гана мөөнөт калды. Башында алты жылдык бир мөөнөт деп айтылган, ага макул, эл ошентип шайлады. Келерки жылкы шайлоодо эми беш жылга бир мөөнөткө шайлана алат. Болду. Эгер мындан ары дагы эки мөөнөт кылабыз дешсе, анда бул манипуляция жана махинация болуп калат”.
Азыркы президенттин мөөнөтүнө байланыштуу талаш-тартыштар акыркы беш жылда да болуп келди. Белгилүү юристтер арасындагы соңку талаш быйыл январда катталды. Айрымдары анда президенттин жаңы Конституция белгилеген беш жылдык бир мөөнөтү өткөнүн, ошондуктан 2026-жылы шайлоо өткөрсө боло берерин айтышса, кээлери шайлоо алты жылдан кийин 2027-жылы өтүшү керектигин белгилешти.
Февралда президент Садыр Жапаров Конституциялык сотко кайрылып, Баш мыйзамдагы президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу жагдайларды чечмелеп берүүнү өтүнгөн.
Конституциялык сот “2027-жылы президенттик шайлоо өтөт жана муну менен Жапаровдун бийликтеги биринчи мөөнөтү бүтөт” деген чечим чыгарган.
Бийлик өкүлдөрү Акаевдин бул боюнча соңку пикири анын жеке көз карашы катары гана сыпаттап жатышат.
Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев буларга токтолду:
“Муну эч ким Аскар Акаевдин оозу менен айттырган жок, бийликте андай ой да жок. Бул Аскар Акаевичтин жеке пикири, ар бир адам пикир айтууга укугу бар. Акаевдин жеке пикири бул мыйзам эмес, сөзсүз аткарылып кетүүчү аксиома эмес. Бул бир кишинин жеке көз карашы катары гана кабыл алынышы керек. Буга өзгөчө саясий боёк сүртүп, “Акаев айтты, эми ошондой болот окшойт” деп эле чуу кыла берүүнүн эч кандай кажети жок. Туура, алдыда президенттик шайлоо болсо ага Садыр Нургожоевич кайра талапкерлигин коёт. Ошону менен бирге башка да адамдар чыгышса керек. Анан кийинки президенттин тагдырын эл чечет. Анан Жапаров али экинчи мөөнөткө шайлана электе үчүнчү мөөнөт жөнүндө саясат кылып, көбүртүп-жабыртып сөз кылуу таптакыр орунсуз”.
Ошентип, мындан 20 жыл мурда бийликтен кулатылган Аскар Акаевдин соңку билдирүүсү чоң талкууга себеп болду.
Президенттин мөөнөтүнө байланыштуу талаш-тартыштардын фонунда февралда Кыргызстанда саясий тандем урап, Камчыбек Ташиев атайын кызматтын төрагалыгынан кеткен. 75 адамдын президенттик шайлоону эртелей өткөрүү жана мамлекет башчынын мөөнөтүнө байланыштуу кайрылуусу боюнча иш козголуп, учурда сот жүрүп жатат.
Шерине