2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда коомчулукта “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча өкүм чыкты.
Ишти караган судья Азирет Медеров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты,мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевди Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп таап, мүлктөрүн конфискациялоо менен төрт жылдан абакка кести. “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча актады.
Сот ушул эле берене менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевди, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду да күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыратты. “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча актады. Үч жылдан пробация берди. Баарынын тең мүлкү конфискация болот.
Быйыл 11-февралдан бери камакта жаткан беш адам - Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов сот залынан бошотулду.
Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов өкүмгө макул эмес экенин айтып, кийинки соттук инстанцияга арызданарын билдирди.
"Биз нааразыбыз. Аппелляциялык арызды жазабыз. Өкүмдү кагаз түрүндө бергенден кийин толук окуйлу".
“75чилердин каты” боюнча айыпталып камакта жаткан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев 2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунан эркиндикке чыккандан кийин журналисттерге мындай комментарий берди.
Ал өкүмгө байланыштуу мындан кийинки иш-аракети кандай болорун адвокаты менен кеңешкенден кийин кабыл аларын айтты.
“Бийликти басып алуу аракети болгон эмес. Азыр мен 66 жаштамын. Ушунча жыл мамлекетти куруп келгенбиз. Дагы эле мамлекетке кызмат кылабыз. Бийликти колдоп келгенбиз”, - деди ал.
Бул иш боюнча айыпталгандардын бири Курсан Асанов өкүмгө каршы даттанарын айтты:
"Юридикалык жактан алганда, менин аракетимде бир дагы кылмыштын курамы жок. Ошого сотту ачык өткөрүүнү талап кылгам. Мен үчүн мындай чечим күтүүсүз болду. Башынан баштап аягына чейин, тергөө бүтүп атканда дагы 8 фигуранттын ичинен бир гана мен айыптоо корутундусуна кол койгон эмесмин. Бир гана жакшы ой менен кол койгом, азыркы бийлик Садыр Нургожоевичти колдоо иретинде ", - деди ал.
Буга чейин 29-июндагы отурумда прокурорлор Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган сегиз айыпталуучуну тогуз жылдан абакка кесүүнү сураган.
Мамлекеттик айыптоо мурда чоң кызматтарды ээлеген бул адамдар "Бийликти басып алууга аракет" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыбы толук ырасталды деп эсептейт.
Жогорку Кеңештин экс-спикери, “75чилердин каты” боюнча айып тагылган Нурланбек Тургунбек уулу 2-июлда прокурорлордун бул өтүнүчүн "абсурд" деп баалаган.
Сот өткөн аптадан тарта кайра жабык карала баштагандыктан соңку процесстерге журналисттер киргизилген жок. Өкүм окулган маалда айрым журналисттердин киришине уруксат берилди.
Мындан туура жарым жыл мурда Камчыбек Ташиев баштаган бул адамдардын үстүнөн сот чечими болорун элестетүү мүмкүн эмес болчу. Анткени, Камчыбек Ташиев Октябрь окуяларынан соң президент Садыр Жапаров менен бийликтеги тандемдеш болуп, өлкөдөгү иш жүзүндөгү экинчи адамга айланган. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, өкмөт башчынын орун басары катары укук коргоо органдарынын координатору гана эмес, өлкөдөгү бардык тармактар боюнча чечим кабыл алууда негизги ролду ойногон эле. Бийликке кайрылган жарандар президент менен кошо Камчыбек Ташиевдин ысымын атоону адатка айландырышкан.
Аны менен кошо соттолгон Нурланбек Шакиев менен Курманкул Зулушев да бул бийлик тушунда таасирдүү фигураларга айланышкан. Бири эки чакырылыштагы парламентти жетектеп, мыйзам чыгаруу органында негизги ролду ойносо, Зулушев баш прокурор катары өлкөдөгү акыркы адамдардын бири болчу.
Февраль айында "Жетимиш бешчилердин" кайрылуусу менен башталып, кийин Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы, иш козголуп, сот болсо деле бийликтин тарапташтарынын арасында бул ажырымга ишенгиси келбегендер көп болгон.
Камчыбек Ташиевден отставкасы менен бийликтеги тандем урады деп айтылганы менен бул пикир келишпестик убактылуу, Жапаров менен Ташиевдин мамилеси кайрадан калыбына келерине ишенгендей түр көрсөтүп жаткан.
2-июлдагы соттун чечими эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң узак созулган тандем урашынын чыныгы белгиси болду көрүнөт.
Ошентип, эгемен Кыргызстандын тарыхында "Кыргыз эл баатыры" жогорку наамына ээ болгон экинчи адам соттолду. Буга чейин тандемдешинен дал ушундай наамды алган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абакка кесилсе, бул ирет Камчыбек Ташиев болду.
Айыпталуучулардын таржымалы
Камчыбек Ташиев 58 жашта. УКМКнын мурдагы төрагасы. Саясий ишмердигин 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлануу менен баштаган. Андан бери кыргыз саясатындагы активдүү фигуралардын бири болуп келет. 2013-жылы бийликти басып алуу аракети боюнча камакка алынып, кийин сот чечими жокко чыккан. 2020-жылы Октябрь окуяларынан соң УКМКнын төрагасы болуп, өлкөдөгү эң таасирдүү адамдардын бирине айланган. Быйыл февралда бул кызматтан алынып, бийликти басып алууга аракет беренеси боюнча иш козголгон.
Курманкул Зулушев 56 жашта. Прокуратура тармагына 2000-жылы келген жана 2007-жылга чейин Нарын, Чүй облустарында райондук прокуратурада, Транспорт прокуратурасында прокурордун жардамчысы, тергөөчү өңдүү кызматтарда иштеген. Андан кийин Зулушев сот тармагына өткөн. Зулушев коомчулуктун калың катмарына 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп турганда таанылган. Ошол жылы жайында ал төрагалык кылган, үч судьядан турган коллегия ошол кездеги Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" фракциясынын үч депутаты - Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жана Талант Мамытовду оор беренелер менен козголгон кылмыш ишинде актаган. Андан кийин кызматтан алынган. Зулушев 2015-жылдагы парламенттик шайлоого "Республика - Ата Журт" партиясынын тизмеси менен барган. 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин башкы прокурор болуп дайындалып, 2024-жылга чейин иштеди. Былтыркы шайлоодо Кара-Кулжа, Өзгөн округунан депутаттыкка шайланып, парламенттеги Конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттин төрагалыгына бекиген. Быйыл жазында депутаттык мандатынан ажырап, бийликти басып алууга аракет беренеси боюнча иш козголду.
Нурланбек Тургунбек уулу 48 жашта. Өкмөттүк "Эркин Тоо" гезитин, ЭлТР телеканалын жетектеген. 2010-жылдагы Апрель окуясына чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы, кеңешчиси катары иштеген. 2010-2011-жылдары парламентке келген "Ата Журт" партиясынын квотасы менен маданият министри болгон. Кийин NewTV телеканалын бир нече жыл жетектеген. Тургунбек уулу 2021-жылы Аксы бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келип, бир нече депутаттар менен бирге “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясына кошулуп, кийин Бакыт Төрөбаев кызматка кеткенде ордуна фракциянын лидери болгон. 2022-жылдан 2026-жылга чейин парламент төрагалыгын аркалады. Быйыл февралда депутаттык мандатынан ажырап, “бийликти басып алууга аракет” беренеси боюнча иш козголду.
Бекболот Талгарбеков 71 жашта. Кыргызстан эгемендик алганга чейин Улуттук илимдер академиясында экономика илими боюнча окумуштуу катары иштеген. 1991-жылдан соң туңгуч президент Аскар Акаевдин командасына кирип, жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири болгон. Ал вице-премьер министр, айыл чарба министри катары 1993-жылдагы жер реформасынын башында турган. Кийин Жалал-Абад облусунун губернатору, өкмөт аппаратынын жетекчилигин аркалаган. 2005-жылдан соң мамлекеттик кызматта ээлебегени менен Алмазбек Атамбаевдин тушунда оппозициячыл маанайдагы пикирлер айтып келген. 2016-жылы “Элдик парламент” деген уюмдун башында туруп, “бийликти күч менен басып алууга аракет” беренеси боюнча 14 жылга соттолгон. Үч жылдан ашык абакта отурган соң бошотулган. Талгарбеков Камчыбек Ташиевди мамлекеттик кызматка алып келген адам катары сыпатталып келет. Быйыл февралда камакка алынып, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айып тагылган.
Эмилбек Узакбаев 71 жашта. Айыл чарба тармагындагы адис. 1991-жылдан соң бир катар жетекчилик кызматтарды ээлеген. Ал Нарын облусунун губернатору, айыл чарба министри болсо, 2005-жылдагы Март ыңкылабынан соң Антимонополия агенттигинин жетекчиси болгон. 2016-жылга чейин Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматын да аркалаган. Быйыл февралда камакка алынып, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айып тагылган.
Курманбек Дыйканбаев 66 жашта. Саясатка 2010-жылы “Республика” партиясынын тизмесинен парламент депутаттыгына шайланып аралашкан. 2018-2020-жылдары президенттин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. 2020-жылы кармалып, “Алдамчылык” жана “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен кине тагылган. Кийин сотто акталган. Быйыл февралда камакка алынып, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айып тагылды.
Аалы Карашев 58 жашта. 1990-жылдардын аягынан соң президенттик администрацияда иштеген. 2007-жылы Ош облусунун губернатору, Апрель ыңкылабынан соң эки ирет өкмөттө вице-премьер министр, Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси болгон. 2021-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты катары иштеген. Быйыл февралда “Жетимиш бешчилердин катынын” алкагында камакка алынып, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айып тагылды.
Курсан Асанов 60 жашта. Узак жылдар ички иштер тармагында иштеген. 2010-жылы Июнь окуялары учурунда Оштун коменданты катары коомчулукка таанылып, ошол эле жылы КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. Кийин бир нече жыл ички иштер министринин орун басары болгон. 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы “Кой-Таш окуясынан” соң Асанов камалган. Кийин 2021-жылдын январь айында Асановго 2020-жылдын октябрындагы окуяларга байланыштуу "Имаратты жана мекемени басып алуу" деген берене боюнча, ошол эле жылдын сентябрында “Бийликти күч менен басып алуу” деген берененин негизинде да иштер козголгон. Кийин бул иштер боюнча акталган.
Быйыл февралда “Жетимиш бешчилердин ишинин” алкагында камакка алынып, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айып тагылды.
"Жетимиш бешчилердин" таржымалы
Буга чейинки отурумдарда бир катар саясатчылар, депутаттар жана Жогорку Кеңештин күбөлөрү кат боюнча сурак беришкен. Процесстин жүрүшүндө депутат Элвира Сурабалдиева айыпталуучулардын бири, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кайым айтышкан. Буга жактоочулардын Сурабалдиеванын YouTube каналга курган маегинде “Ташиев бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” дегенине токтолгону себеп болгон.
Кайым айтыштан кийин Жогорку Кеңеште Камчыбек Ташиев жетектеп турган учурдагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ишмердигин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушталган.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев “75чилердин каты” парламентке кантип келгени жана анын максаты тууралуу маалымат берип жатып, “чөөлөр арстанга кол салганын билишкен жок” деп айткан. Ал кат Конституциялык түзүлүштөр, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде каралып, жалпы сессияга “үч-төрт вариант сунушталмак болгонун” белгилеген.
Кыргызстанда "75чилердин кайрылуусуна" байланышкан иш быйыл февралда мурдагы жетекчилер, саясатчылар, коомдук, саясий, маданий ишмерлерден турган топтун (75 киши) президент жана парламент төрагасына кайрылуусу менен башталган эле.
Анда алар жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Дал ушул кайрылуу саясий окуяларды тездетип, президент Садыр Жапаров менен УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин беш жылга созулган тандеминин урашына себеп болду.
Тергөө органдары кайрылуу атайын даярдалып мыйзамсыз аракеттер болгон деп иш козгоду.
Бул ишке байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлган. Мурдагы үч чиновник эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте жүргөн.
Президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго да ушул эки берене менен айып тагылган. Алар быйыл 11-февралдан бери камакта болчу.
Шерине