15-июндун кечинде Фейсбукта жарыяланган 11 мүнөттүк видеодон "75чилердин катына" байланыштуу айыпталып жаткан УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон бир нече адамдын жана Ташиевдин тарапташы делген Нургазы Анаркуловдун сурак берип жаткан учуру делген жагдайы көрүүгө болот.
Тасмада Камчыбек Ташиевге түспөлдөш адамдын сөздөрүнөн үзүндүлөрү берилип, анда ал сот иши, 2005 жана 2010-жылкы окуялар, кайсы бир маалымат жашыруун болушу керектиги, ал ачыкка чыгып кетчү болсо расмий билдирүү жасоого даяр экени тууралуу кеп кылган.
Мындан тышкары бул кырдаал нааразылык жаратышы мүмкүн деген сөзүн улап, маңдайындагы кишиге суроо бергенин көрүүгө болот. Сөзүнүн үзүндүсүндө ал "кемпирабадчыларды" дагы атап, аларды орой түрдө тилдеген.
Ал эми видеонун "Нургазы Анаркуловдун көрсөтмөсү" деп жазылган бөлүгүндө Анаркулов делген адамга белгисиз жаран "Сиз жашыруун түрдө көрсөтмө берүү тууралуу өтүнүчүңүздө көрсөттүңүз жана жактоочуңуз жок сурак кылууну?" деген суроону узатканда ал "Ооба" деп жооп берип жатканын көрүүгө болот.
Бул тасмалар жарыяланар алдында 15-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча сот отуруму алгач ирет ачык өткөн. Анда акыркы беш жылда өлкөдөгү эң жогорку кызматты ээлегендер айыпталуучу катары катышып, катка байланыштуу камакка алынган беш кишини дагы коомчулук алгач ирет соттон көргөн.
Сотто Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева баштаган бир нече күбө суралып, жараян кайым айтышуу менен коштолгон.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев тергөө материалдарынын ачыкка чыгып кетиши мыйзам бузуу экенин белгилеп, мындай аракеттерди айыптады.
“Тергөө иштеринин жыйынтыктары жарыкка чыкпашы керек. Ал сотко жиберилет. Интернетке чыгаруу бул мыйзам бузуу. Мен ал видеонун башын бир көрдүм, бирок мага жаккан жок, уят иш! Тергөөнүн иш бөлмөсүндө видеону ким үчүн тартып жатат, ким үчүн тартылууда? Же тергөөчү эскертип, видео тартылып жатат деп айтышы керек. Бул жерде тергөө тартиби бузулган”.
Аталган тасма кандай шартта тартылып, аны социалдык тармактарга ким таратканы азырынча белгисиз. Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.
Ошол эле учурда тасмада аты аталды делген Камчыбек Ташиев баштаган адамдар да үн ката элек.
Юрист, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова бул иштин саясий өңүтү бар экенин белгилеп, мындай тасмалардын тарашы соңку саясий окуяларга таасири бар экенин белгиледи:
"Эми бул жерде бийликти талашуу, бийликти басып алуу деп аталып жаткандан кийин кандай болбосун, саясатка байланыштуу болот. Анткени бийлик үчүн саясатчылар күрөшөт. Тагылган беренелердин өзүн юристер “саясий беренелер” деп коёт. Мен буга чейин да айтып келгем, Ташиевди жана айланасындагы топту коргоо максатында айтып жаткан жокмун, болгону мыйзамдуу жагын айтып жатам - жанагы 75 адамдын катын окуп чыктым, ал жерде бийликти басып алуу же даярдык көрүү белгилерин көргөн жокмун. Бирок башка жагдайлары болушу мүмкүн, ал жагы бизге азырынча белгисиз".
Кыргызстанда соңку бир нече айдан бери УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге байланыштуу окуялар кызып жатат. Ал 10-февралда кызматтан алынып, кийин ага кылмыш иши козголгон.
Ички иштер министрлиги Ташиев баштаган сегиз адамга "Бийликти басып алууга аракет" жана "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренелери боюнча иш козгоп, сот жүрүп жатат. Буга чейин жабык өтүп келген сот ушул аптадан тартып ачык түрдө өтүп, башкы саясий окуяга айланды.
Дал ушундай шартта президенттин кечээки башкы тандемдеши аталган Ташиев бийликке жакпаган кандай аракеттерди көргөн деген суроо талкууланууда.
Юрист, талдоочу Бакыт Борошов интернетке тараган тасмалар дал ушул суроого жооп иретинде таркатылган деп эсептейт:
“Жапаров менен Ташиев ошончо жыл дос болуп туруп аны жөн жерден иштен албайт. Мен деле ойлойм, мамлекетке төңкөрүш жасоо аракети болгон. Бул киши канча жылдан бери саясатта жүрөт. Жөнөкөй элдин аң-сезимин билет. Өзүн байкуш кылып көргөзгөндү жактырат элден кандайдыр бир колдоо күтүү максатында, бул иште элди манипуляциялоо деп эсептейм. Коомчулук да билет, Ташиев да билет адилеттүү сот жок. Адилеттүү сотторду жок кылуунун башында Ташиев өзү болгон. Шайлоонун алдында элге көрүнүп ачык сотту талап кылып, элдин көңүлүн бурдуруу аракети”.
Борошов соңку күндөрдөгү сот жараяны, ага улай интернетке тараган тасма учурдагы бийлик менен Камчыбек Ташиевдин мамилесинин бузулганынын дагы бир далили деген пикирде. Муну акыркы кырдаалдагы компроматтар тиреши катары атаган айрым эксперттер мындай видеолор дагы уланышы мүмкүн деген божомолдорду айтууда.
Ал эми буга чейин өзүнө козголгон кылмыш иши жана башка жагдайлар боюнча комментарий бербей келаткан Камчыбек Ташиев соңку тасмаларга жообу кандай болот деген суроо көпчүлүктүн бүйүрүн кызытууда.
Шерине