“75чилердин каты” деп айтылган иш боюнча 15-июндагы соттук отурумда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештеги кызматтык иликтөөнүн корутундусун алдыруу өтүнүчүн келтирди. Мындай билдирүү соттук отурумда депутат Элвира Сурабалдиева күбө катары көрсөтмө берип, парламенттеги ички териштирүү тууралуу айтканынан кийин айтылды.
“Биз ошол корутундуда эмне айтылганын, Талант Мамытов эмне айтканын, төрага Марлен Маматалиев эмне дегенин угушубуз керек. Бир күбө келип, ошол корутундунун негизинде биз божомолдоп жатабыз деди. Сураныч сизден”, - деди Ташиев.
Анын алдында Сурабалдиева менен Ташиев сот отурумунда кайым айтыша кеткен. Депутат “Ташиевдин бийликти күч менен басып алууга аракет кылганы боюнча айтканы өзүнүн божомолу жана тыянагы экенин”, буга парламентте жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн корутундусу себеп болгонун айткан.
Ташиев кылмыш иши боюнча материалдардын арасында парламенттеги ички териштирүү боюнча маалымат жок экенин белгилеп, соттон аны алдырууну сурады.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 2-апрелде "75чилердин каты" тууралуу парламентте билдирүү жасаган. Ал ички териштирүү жүрүп, жыйынтыгы Ички иштер министрлигине жөнөтүлгөнүн билдирген.
Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов да "75чилердин катына" байланыштуу билдирүү жасап, бул маселе "парламентке киргизилбей, Конституциялык соттун чечими менен гана жөнгө салынышы керектигин" айтып келет.
15-июнда “75чилердин каты” боюнча соттук отурум ачык өтүүдө. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан сот отурумдары жабык өтүп келаткан. 11-июнда сот айыпталуучулардын жана жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырып, процессти ачык өткөрүүнү чечкен.
Иш боюнча күбө катары сурак берүү үчүн буга чейинки процесстерде мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Ибрагим Жунусов, Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты Иса Өмүркулов жана коомдук ишмер Досбол Нур уулу көрсөтмө берген.
Президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча кайрылууга кол койгондордун арасында алардын да аты-жөнү бар.
Адвокат Акынбек Ногоевдин сөзүнө караганда, бул ишке байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлган. Мурдагы үч чиновник эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.
Ал эми президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды. Алар камакта жатат.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген.
Садыр Жапаров соңку маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан. Мурдагы башкы чекист болсо күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген.
“75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган.
Шерине