Кыргызстандын Акыйкатчысы өлкөдө жашы жете элек кыздардын турмуш куруусу жана өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугу азайбай жатканын белгиледи.
Укук коргоо мекемесинин 2025-жылга карата жасаган баяндамасына ылайык, 2025-жылдын тогуз айында жашы жете элек кыздардын турмуш куруусуна байланыштуу 34 иш козголгон, 94 адам сот жообуна тартылган. 2024-жылы 42 иш козголуп, 129 адам соттолгон. 2023-жылы 77 иш козголуп, 264 адам сот жообуна тартылган.
Ала качуу боюнча да былтыркы тогуз айда 8 иш козголуп, 10 киши соттолсо, 2024-жылы 10 иш козголуп, 28 адам сот жообуна тартылган. Маалыматта айтылгандай, эрте никеге тартуу аракети үчүн соттолгондорго көбүнчө коомчулуктан обочолоого байланышпаган чаралар көрүлгөн.
Баяндамада жашы жете элек секелектер турмушка негизинен өз каалоосу менен эмес, ата-энесинин, жакындарынын мажбурлоосу менен чыккан учурлар арбындыгы айтылат.
Акыйкатчы өлкөдө 15-17 жаштагы кыздар төрөгөн учурлар катталганын, жашы жете элек секелектердин никеге тартылышы алардын кош бойлуу кезинде же төрөгөн учурда гана белгилүү болгон учурлар көп экендигин белгилөөдө.
"Бул дагы жашы жете электерди никеге тартуунун алдын алуу иштери натыйжасыз жүргүзүлүп жатканын көрсөтүп турат", - деп белгилеген акыйкатчы.
Акыйкатчы институтунун буга чейинки баяндамасында, 2024-жылы өспүрүм курагында көз жарган кыздардын саны 353кө жеткени айтылган.(ZKo)
Шерине