Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:22

ЖК аппаратынын өкүлү Исанова "75чилердин каты" кантип келгенин айтып берди

Мария Исанова Биринчи май райондук сотунда. 15-июнь, 2026.
Мария Исанова Биринчи май райондук сотунда. 15-июнь, 2026.

“75чилердин каты” деп айтылган иш боюнча 15-июндагы соттук отурумда Жогорку Кеңештин аппаратынын билим, саламаттык сактоо, социалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы Мария Исанова күбө катары суралды.

Ал катка байланыштуу окуя болгондо парламентте аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштегенин ырастады. Анын айтымында, кат Жогорку Кеңешке 10-февралда түшкөн жана бир күн мурда парламенттин ошол кездеги аппарат башчысы Кутман Турсункулов кат келгенде өзүнө билдирип коюусун айткан.

Исанова көрсөтмөсүндө бул катты дароо эле Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрага орун басары Чыңгыз Ажибаевге беришкенин айтты.

“Ажибаевдин иш бөлмөсүндө Кутман Нурланович (ред: Турсункулов) отурган. Айнура Кеңешовна (ред: Айнура Койчубакова – Жогорку Кеңештин аппаратынын Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, чыгаруу жана кабыл алынган чечимдерди көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы) ошол катты Кутман Нурлановичке берди. Ал карап-карап койду. Ажибаев кат кимдин атына жазылганын сурады. Айнура Койчубакова төраганын атына жазылганын айтты. “Анда Шакиевди күтүш керек” деди. Катты кайра Айнура Кеңешовнага беришти жана биз чыгып кеттик”, - деп айтты Исанова.

Ал кат менен тааныш болбогонун, маалымат каражаттарынан гана окуганын айтты. Кат боюнча кийин эмне кылуу керектигин Кутман Турсункулов менен Айнура Койчубакова сүйлөшкөнүн кошумчалады.

“Мен катты көргөн да, окуган да, кармаган да жокмун, туурабы? Тогузунда кеттим, 12синде (ред: 12-февраль) келдим. Менин ал катка эч кандай тиешем жок. Мен орун басарыма эч кандай көрсөтмө берген жокмун, туурабы?”, - деди Тургунбек уулу.

Исанова кат парламентке талапта көрсөтүлгөндөй таризде түшкөнүн белгиледи.

15-июнда “75чилердин каты” боюнча соттук отурум ачык өтүүдө. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан сот отурумдары жабык өтүп келаткан. 11-июнда сот айыпталуучулардын жана жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырып, процессти ачык өткөрүүнү чечкен.

Ушул күндөгү процесске Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдимуктар Маматов да күбө катары чакырылып, көрсөтмө берди. Иш боюнча күбө катары сурак берүү үчүн буга чейинки процесстерде мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Ибрагим Жунусов, Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты Иса Өмүркулов жана коомдук ишмер Досбол Нур уулу көрсөтмө берген.

Президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча кайрылууга кол койгондордун арасында алардын да аты-жөнү бар.

Адвокат Акынбек Ногоевдин сөзүнө караганда, бул ишке байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлган. Мурдагы үч чиновник эч жакка чыкпоо тилкаты менен эркиндикте.

Ал эми президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды. Алар камакта жатат.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан кийин депутаттык мандатын тапшырган. Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген.

Садыр Жапаров соңку маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан. Мурдагы башкы чекист болсо күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген.

“75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG