Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча 75 адамдын каты парламентке кантип түшкөнү тууралуу 2-апрелде маалымат берди.
Спикер Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сөз сүйлөп жатып, төрагалык кызматка киришкенден кийин биринчи эле иш күнүндө бул маселеге байланыштуу териштирүү жүргүзгөнүн айтты. Анын сөзүнө ылайык, кат Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетке түшүп, кароого жиберилгени аныкталган.
“Менин тескемем менен комиссия түзүлүп, кагаз бул жакка (Жогорку Кеңешке) кантип келип, Конституциялык комитетке чейин жеткенин аныктап чыккан. Анын жыйынтыгы ИИМге берилип, тергөө иштеп жатат. Чын-чынына келгенде ал кат Жогорку Кеңешке келип-келе электе эле бул жактан күтүп, тосуп алышкан. Негизи кат депутатка болсо депутатка, төрагага болсо төрагага болуп өз жолу менен кетет. Бирок ал катты мурдагы төраганын жардамчылары колуна алып барып беришкен. Андан соң ал тиешелүү комитетке түшкөн”, - деди ал.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, кайрылууда аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийин курган маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президенттин жана атайын кызматтын төрагасынын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген.
Акыркы саясий окуялардын фонунда Кундузбек Сулайманов, Элдар Сулайманов, Куванычбек Конгантиев, Шаирбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Азыгалиев, Гүлсүнкан Жунушалиева өздөрү жазган арыз менен депутаттык мандатынан ажыратылды.
Алардын ичинен “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык ишке байланыштуу Камчыбек Ташиевдин иниси, экс-депутат Шаирбек Ташиев, Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабындагы иштерге байланыштуу Кундузбек Сулайманов жана жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деген айып менен Куванычбек Конгантиев кармалды. (BTo)
Шерине