АКШнын президенти Дональд Трамп "Америка менен Израилдин Иранга каршы операциясы эки-үч жумадан кийин аякташы мүмкүн" деп айтты.
Ак үйдө журналисттер менен баарлашууда Трамп бул үчүн Иран менен тынчтык келишими зарыл болорун кошумчалады.
АКШ Иран "таш дооруна ыргытылып", өзөктүк куралга эч качан ээ болбой турганы айкын көрүнгөндө соккуларды токтоторун белгиледи.
"Биз ишти аягына чыгарабыз, менин оюмча бул эки жума, балким андан көбүрөөк күн убакытты алышы мүмкүн. Биз аларда болгон нерсенин баарын жок кылууну каалайбыз", - деди Трамп.
Өткөн аптада америкалык президент Кошмо Штаттардын бийлиги Иран менен сүйлөшүп жатканын жана макулдашууга жетишүүгө жакындашканын жарыялаган. Муну Ирандын бийлиги өтүнгөнүн билдирген.
Тегеран Трамптын айткандарын четке кагып, Вашингтон менен ортомчулар аркылуу байланыш болуп жатканын кабарлаган.
Трамп согушту токтотуу үчүн Ормуз кысыгын ачуу шарт катары коюлабы-жокпу, тактаган жок. Буга чейин Truth social түйүнүндөгү постунда ал бул АКШнын эмес, анын өнөктөштөрүнүн көйгөйү экенин, анткени алар кысыктан өтүү коопсуздугун камсыздоону болжогон операцияга катышуудан баш тартканын жазган.
The Wall Street Journal буга чейин Трамп Ормуз жабык болгон күндө деле Иранга каршы согушту токтотууга даяр экенин жардамчыларына айтканын маалымдаган.
Басылма Бириккен Араб Эмирликтери АКШ менен башка өнөктөштөрүнө Ормузду күч менен ачуу үчүн жардам берүүгө камданып жатканын расмий адамдарга таянып 30-мартта жазды. Маалыматка караганда, БАЭ БУУнун Коопсуздук кеңешинин буга санкция берген резолюциясын кабыл алууга жетишүүнү көздөп жатат.
Иран БАЭнин көз карашынын өзгөрүшүнө бир нече күндүк жымжырттыктан кийин чабуулдарды күчөтүү менен жооп берген. 31-мартта эмирликке каршы 50дөй баллистикалык, канаттуу ракеталар жана дрондорду учурду. Тегеран өз аймагын басып алууну колдогон Перс булуңундагы кайсы мамлекет болбосун маанилүү жарандын инфраструктураларын жок кыларын эскертти.
Американын жакын өнөктөшү болгон Бахрейн БУУга Ормуздан кемелердин өтүшүн коргоо боюнча резолюциянын долбоорун киргизди. Reuters жазгандай, Перс булуңундагы мамлекеттер менен АКШ колдогон документте күч колдонууга уруксат берүү тууралуу туюндурма камтылган, ал эми Ирандын аракети эл аралык тынчтык менен коопсуздукка коркунуч катары сүрөттөлгөн.
Резолюциянын долбоору 2-апрелде добушка коюлат.
Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэл Барро Бахрейндин сунушу БУУга мүчө мамлекеттердин жетиштүү колдоосун алары күмөн деп эсептейт.
Париж да аталган кысык аркылуу өтүүнү коргоо тууралуу резолюциянын долбоорун сунуштаган, анда күч колдонбой туруп, мунаса табуу жолдору сунушталат.
Шерине