УКМК мамлекетке өткөнүн жарыялаган “Томми Моллго” Ташиевдердин тиешеси барбы? Ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун бийликке кайрылуусуна кандай реакция болот? «Урандыга айланып, таланып-тонолду»... Күрүлдөгөн иши токтогон ишкердин үнүн ким угат? «Өкмөткө кайтаруу» өнөктүгүнөн жабыркаганын айткан жалалабаддык ишкердин баяны... Сотсуз тартып алынган мүлктөр мамлекеттик казынага түшпөй, УКМК жетекчилеринин сол чөнтөгүнө кеткенби? Бул макалада бизнесин УКМКга мыйзамсыз тарттырганын айткан ишкерлер жөнүндө айтып беребиз.
Абдыкеримов: “Томми Молл” мамлекетке эмес, Ташиевдин жакындарына өтүп кеткен”
Бишкектин чүйгүн жериндеги “Томми Молл” соода борбору бир кездери “АЮ” холдингинин ээси, алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримовго карачу. 2025-жылдын күзүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети анын 10 млрд сомдук мүлкү мамлекетке алынганын жарыялаганда тизмеде ушул объект да бар болчу.
Арийне, чет өлкөдө баш калкалап жүргөн Абдыкеримов соода борбору мамлекетке эмес, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындарына өтүп кеткенин билдирүүдө.
Шаршенбек Абдыкеримов өткөн күндөрү тууралуу жарыялап жаткан эскерүүлөрүндө он жылдап түптөгөн бизнес-империясын УКМК жетекчилеринин бири, бул мекеменин Бишкек шаардык башкармалыгында жетекчи болуп иштеп келген Элдар Жакыпбеков баштаган кызматкерлер тартып алышканына жана алардын башында Камчыбек Ташиев турганына токтолгон:
“Мендеги маалыматтар боюнча аталган объект өтө төмөндөтүлгөн баада – болжол менен үч же төрт бөлмөлүү батирдин баасындай бааланып, кийинчерээк Камчыбек Ташиевдин жубайынын айланасындагы аффилирленген адамдарга өтүп кеткен. Ушуга байланыштуу сизден баяндалган жагдайларды ар тараптуу, объективдүү жана ачык-айкын текшерүүнү тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырууңузду, андан соң аларга укуктук баа берилишин суранам”, - деген ал президент Садыр Жапаровго кайрылуусунда.
Бирок УКМКнын мурдагы башчысынын жакындары мындай дооматты четке кагып жатат. Экс-төраганын уулу Тай-Мурас Ташиев Фейсбук аркылуу билдирүү жасап, ишкерлерден жана жарандардан алынган мүлктүн баары мамлекетке өткөнүн жазган:
“Мамлекетке кайтарылган бир дагы объект, ал эмес бир топчу дагы биздин үй-бүлөгө өткөн эмес! Муну Абдыкеримов жана башка бардык ошол сыяктуу мүлкү мамлекетке кайтарылган ишкерлер, адамдар, коомчулук баары так билиши керек. Эгер шек саноолор же ишенбөөчүлүктөр болсо, тийиштүү комиссия түзүп, бардык кайтарылган мүлктөр боюнча дыкат текшерип чыгышса болот. Андай текшерүү - бүгүн абдан караланып, куру дооматтар айтылып жаткан биздин үй-бүлөбүз үчүн да чоң мааниге ээ. Ошондо, мамлекетке кайсыл мүлктөр өткөн, канча баага кайра кимдерге сатылган же кимдерге өткөнүн элибиз да так билмек”.
Бул соңку учурдагы коррупцияга каршы күрөштүн алкагында мүлкүнөн мыйзамсыз ажыраганын айткан ишкерлер көбөйгөн учурга туш келди.
Бийлик Абдыкеримовдун билдирүүсү тууралуу териштирүү жүрүп жатканын билдирди.
“Ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун Facebook социалдык тармагындагы ачык кайрылуусу тууралуу президенттин администрациясы кабардар. Азыркы учурда кайрылууда айтылган жагдайлар боюнча мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө”, - деди президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов.
Былтыр Кыргызстандагы ондогон ири компаниялардын башын бириктирген “АЮ” холдинги завод-фабрикалары, өндүрүштөрү, соода борборлору менен кошо мамлекетке өткөрүлгөн. Соттун чечими да чыккан эмес.
УКМК холдинг узак жылдар бою салыктан качканы, күмөндүү схемалар менен иштегени аныкталганын билдирип, ээси компанияларын өз ыктыяры менен өткөрүп бергенин жарыялаган.
“Томми Молл” соода-оюн-зоок борбору 2021-жылдан тарта иштеп келет. Үч кабаттуу имараттын жалпы аянты 16,7 миң чарчы метрди түзөт.
“Томми Моллдун” учурдагы администрациясы соода борборун “Шерой” компаниясы эки этап менен жалпысынан 1 млрд 200 млн сом каражатка аукциондон сатып алганын билдирүүдө.
“Шерой” компаниясынын юристи коопсуздугунан улам атын атабоо жана жүзүн көрсөтпөө шарты менен алар акниет сатып алуучу экенин аукциондорду уткан протоколдор, төлөгөн каражаттарынын квитанциялары менен көрсөтүүдө:
- Томми Моллдун 10% 2024-жылдын 21-августунда алганбыз. Бул имараттын 1257,5 чарчы метри болот. Бул сатып алуу-сатуу келишими. Жалпы суммасы 178 млн 920 миң сомго алганбыз. Аукцион аркылуу алганбыз. Бул биздин которгон акчабыз, 178 млн сомдун квитанциялары бардыгы бар. Мунун бардыгы Маммүлк агенттигине которулган. Бул аукциондун протоколу, биз катышып, утканыбыз боюнча. 1 млрд 16 млн 840 миңге. Старттык суммасы 1 млрд 13 млн 840 миң сом болуп атат. Биз бир кадамга көтөргөндөн кийин, бул суммага кошулуп, утуп атат.
- 3 млн сом, э? Башка катышуучулар да болгонбу?
- Ооба, башка катышуучулар да болгон, биз утуп чыкканбыз да, алар кадам жасашкан эмес.
- Сиздер 3 млн сомду сунуштаганда эле чечилгенби?
- Ооба.
Алгач 2024-жылы “Томми Моллдун” 10% бөлүгү сатылган аукционго эки киши –Маматжан Анарбаев менен Расул Кармилов аттуу жарандар катышып, Анарбаев 178 млн 920 миң сомго утуп алган. Аукциондо баштапкы баанын үстүнө 420 миң сом эле кошулган.
Кийин 2025-жылы соода борборунун калган 90% үлүшү боюнча аукционго да ошол эле Расул Кармилов менен “Шерой” ЖЧКсы катышкан. “Шерой” Маматжан Анарбаевдин компаниясы.
Мында да баштапкы баага 3 млн сомдук бир сунуш болуп, жыйынтыгында “Шерой компаниясы утуп чыккан. Натыйжада Маматжан Анарбаев 2025-жылдан тарта “Томми Моллго” 100% ээлик кылып калган.
Дагы бир жагдай, соода борборунун астындагы мурда “жашыл китеп” менен келген 50 сотук жери “Шеройго” өткөндөн кийин “кызыл китепке” которулган.
Ошондой эле маектешибиз бизнес-борбор Ташиевдин жакындарына өтүп кеткен деген пикирди да четке какты:
“Ташиевге эч кандай тиешебиз жок. Ташиевди сыналгыдан көрбөсөк, мындай тааныбайбыз деле. Аялын деле тааныбайбыз”.
Ошентип, “Томми Молл” соода борборунун айланасындагы талаш-тартыш уланууда.
Шаршенбек Абдыкеримов аны Ташиевге байланыштуу адамдарга өткөнүн айтып, бийликти маселени адилет териштирүүгө чакырып жатат. Ташиевдин тарапташтары мындай дооматты четке кагып, Абдыкеримовдун бир да мүлкүн ыйгарып албаганына ишендирүүдө.
“Томми Моллдун” окуясы УКМК мамлекетке алган мүлктөрдүн мыйзамдуулугунан күмөн жаратып турат. Мындай көйгөйдү көтөрүп, адилеттик издеген ишкерлер дагы да көп.
“УКМК имаратымды алып коюп, бизнесим токтоп калды”
Бул урандыга айланып, туш тарабынан таланып-тонолуп турган жерде жакында эле иш күрүлдөп жүрүп турган. Расмий түрдө Pasadena Moda деп аталган, Чүйдүн Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан ишканада 200дөй тигүүчү иштеп, күнүнө миңдеген кийим-кечени даярдап, экспортко жөнөтүп турчу. Жумушчуларды коңшу айылдардан 5-6 кичи автобус менен ташып келип, үч маал тамагын берип иштеткен.
Pasadena Moda ЖЧКсынын түзүүчүсү Азимкул Жолдубаев элет калкын жумуш менен камсыз кылган ишканасы тууралуу айтып берди:
"Негизги жумуш ушул жерде болгон, 100-150 адам иштеген. Астында 70-80 киши. Толук иштегенде болжол менен 200дүн тегерегинде адам болчу. Айылда тиккенди көп деле билбейт да. Биз аларды үйрөтүп, анан бул жакка цехке иштеткенбиз. Элестеткиле, 200 киши иштесе, кеминде 5тен балдары бар, миң кишинин курсагын тойгузуп турганбыз. Миң киши ушул жерден ырыскысын таап, иштеп аткан".
Баш-аягы 1 гектар 20 сотук жерге жайгашкан, 1200 чарчы метрдей бул эки кабаттуу имарат Союз кезинде “Жоогазын” трикотаж фабрикасынын ушул айылдагы төрт бала бакчасынын бири болгон. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин менчиктештирилип, максаттуу багыты өндүрүштүк болуп өзгөргөн жана жалпысынан колдон колго көп жолу сатылып, өндүрүш катары иштетилип келген.
2013-жылы Cool Bro’s компаниясы сатып алып, тигүү фабрикасын ачкан. Компания чоңоюп отуруп, өлкө боюнча 5-6 фабрика ачканда бир тууган жолдубаевдер өз-өзүнчө ишканага бөлүнүп чыгышкан. Ошондо бул жер Pasadena Moda деп аталып, имараты менен кошо Азимкул Жолдубаевге калган.
"Үч жүз метр ары жакта ушундай эле бала бакча бар. Ал ташталган бойдон, Союз мезгилинен бери эле уранды болуп турат. Айыл өкмөт аны деле оңдоп-түздөп бала бакча кылса болот эле. Неге андай кылып атат, мен түшүнбөйм. Андан башка дагы бирөө бар, куду ушундай эле. Ал медресе болуп кеткен. Дагы бирөө бар, ал деле бош, ташталган бойдон турат. Менимче, алар өткөн жок, аларды алган жок", - дейт Азимкул Жолдубаев.
Ишкана жайгашкан Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Касымбеков анын аймагында 15 миңден ашуун калк жашагандыктан бала бакчага муктаждык жогору экенин айтат.
«Тээ 1995-жылдан бери эле өкмөттүн токтому бар. Ушул бала бакчалар, мектептер жеке менчикке өтпөшү керек, менчиктештирилбеши керек деген атайын тийиштүү документтер бар болчу. Ошол документтердин алкагында бул жеке эле Аламүдүн эмес, менин билишимче, бүт Кыргызстан боюнча атайын иш-чаралар жүргүзүлгөн. Тийиштүү органдар иштеп, тергеп чыгып, аягына чыгып, анан кийин жыйынтык ушундай болгон. Келечек мамлекет үчүн, эл үчүн да биринчи кезекте. Албетте, бизнести да колдойбуз. Бирок, ал дагы өзүнүн тартиби, шарты менен, мыйзам чегинде болушу керек да».
Былтыр бул имаратты мамлекет алып, фабриканы жумушчулары менен кошо көчөгө чыгарып койгон. УКМК аны Союз кезинде бала бакча болгону менен түшүндүргөн жана имарат кийин өндүрүштүк багытка өзгөргөнүн, Cool Bro’s аны 7-8чи колдон сатып алганын эске алган эмес.
Азимкул Жолдубаев атайын кызмат коркутуп-үркүтүү менен эле имаратты айыл өкмөттүн балансына өткөртүп бергенин айтат. Аким, облус башчысы сыяктуу жергиликтүү жетекчилерге жазган каты, атүгүл президенттин дарегине жолдогон бир нече кайрылуусу жоопсуз калган.
“Биринчи келип көрүп кетти. “Бизде ушундай токтом чыкты, бул соцобъект экен, бул мамлекетке кайтарылышы керек” деп УКМКга 3-4 жолу чакырды. Эки-үч сааттан, үч-төрт сааттан сурак кылып... Ошол учурда ушундай бир жагдай болуп атпадыбы – же өткөрүп бересиң, же сени алып кирип камап коюп аткан. Ошондой бир басым менен алып келип, акыры ошого үгүттөдү. Айыл өкмөттү чакырып туруп, өткөртүп берди. Биздин менчигибизди тартып алып, же акчалай (компенсация) берген жок. Жөн эле тартып алды. Же киргизген каражатты кайтарып берген жок “ушунча сумма киргизген экенсиң, акчаңды төлөп берели” деп. Эч кандай чечим чыккан жок. Тартып алып атканда сот аркылуу да чыккан жок. Соттун чечими жок. Жөн эле УКМК алып барып, айыл өкмөттү чакырып “мына буга өткөрүп бересиң” деп эле, өткөртүп салган. Эч кандай сот аралашкан эмес, соттун чечими жок. Ал нерсени төлөбөйбүз деп ачык эле айтып атышат”.
Макала даяр болуп, жарыяланып жаткан маалда ишкер Азимкул Жолдубаев президент менен жолугушканын, маселеси оңунан чечилгенин билдирди. Айыл өкмөтүнүн балансына өтүп кеткен имарат сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 49 жылга ишкердин колдонуусуна берилмей болгону айтылды. «Ынтымак Ордого» жакын булактардын айтымында, ишкер имаратты кайра оңдоп-түзөп, иштете берет жана ижара акысынан бошотулат. Айыл аймактагы бала бакча маселесин чечүү үчүн бош турган башка имараттарды колдонуу сунушталды.
«Манас шаарынын чок ортосундагы менчик жеримди, базарымды тартып алышты»
Жалалабаддык ишкер Сүйүмкан Мадиярова 2025-жылы Манас шаарынын чок ортосунда, облустук администрация, УКМК имараттарынын так бет маңдайында жайгашкан 1,6 гектар чүйгүн жери менен базарын тарттырып жиберген. Элге келген “кустуруу” жана “мамлекетке кайтаруу” өнөктүгү 2024-жылдын соңунда ага да жетип, жергиликтүү УКМКдан алгачкы чалуу барган. Ишкер менен жолукканда Жалал-Абад УКМКсынын ошол кездеги жетекчиси Каныбек Досмамбетов жердин тагдырын ал гана чечерин айткан.
“Алтынчы бөлүмдүн начальниги Бопиев Бакыт чакыртып, жанында дагы Бекназар деген бала болгон "өткөзүп бериңиз эжеке, азыр ушундай саясат болуп атат" дегенинен, мен “жок, өткөзүп бере албайм, президент Садыр Нургожоевич айткандай, ордуна бир нерсе берсеңер, сүйлөшөбүз” десем мени укпай коюшкан. Анан мен өзүм УКМКнын облустук жетекчиси Досмамбетовго кирейин деп суранып атып, кирдим. Киргенде Досмамбетов жадагалса учурашпай туруп “сиз жеке менчигиңизди өткөрүшүңүз керек, бир батир беребиз” деп айтты. Мен макул болбой, соттошом десем, “өзүңүздүн чечимиңиз, бирок сот менмин, сиз баары бир утпайсыз, соттун баарын мен чечем” деди. Анын айтканындай эле болду. Мен соттошо баштадым, алар мени сотко беришти. Акыр-аягында жерим алынып калды”.
Ишкер башында кимде экени белгисиз болуп жаткан жери шаар мэриясынын балансында жакында гана пайда болгонуна таң калат.
Өндүрүштүк багыттагы жер имараттары менен кошо жеке менчикке өткөнүнө 25 жыл болгон. Соңку беш жылдан бери бир жергиликтүү ишкер менен өнөктөштүктө аймакты базарга айлантып, иштетип жатышкан.
“2001-жылы жолдошума менчиктештирилген. Кийин мурас болуп мага өткөн. Менчиктештирилгенден 13 жылдан кийин жолдошум ооруп, өтүп кеткенден кийин мен өзүм “Кубаныч ММ” ЖЧКсы кылып каттагам. 2019-жылы куруучу Салиев Айбек менен базар куруу боюнча келишим түзгөнбүз. Арадан беш жыл өтүп, базарым курулуп бүтүп, дагы 2,5 жыл калгандан кийин (инвестор менен келишимдин бүтүшүнө) баары талкаланып жок болду. Жердин аянты 1,6 гектар болчу. Базарда 230 адам иштеген. Келишим боюнча 200-300 миң насыя төгүп, ижаранын эсебинен ошол базарды салганбыз”.
Манас менен Оштогу курулуштарды Камчыбек Ташиевдин досу делген, Ош шаарынын экс-мэри Жеңишбек Токторбаев көзөмөлдөрүн уккан ишкер анын Ош мэриясындагы эшигин "жыртканын" эстейт. Кайра-кайра анын кызматтык кеңсесине барып жатып, аягында шаабайы сууп чыккан:
“Токторбаев Манаста көп маселени чечет, курулушту карайт дегенинен мен ал кишиге 6 жолу бардым. Күбөлөрүм бар. Барып биринчи жолукканымда ал киши айтты “сиздин жериңизди мен билем, мен сизди күткөн элем, келиңиз сизге 15 батир беребиз, ошол боюнча келишим түзөбүз да ушуну менен бүтүрөбүз” дегенде мен “жок дегенде ушул деле балдарымдын ырыскысы” деп макул болгом. Эки-үч күндөн кийин Жалал-Абадга келсем ишканамда бүт бузулган, баарын чыгартып, котлован каздырып баштаптыр. Мен кайсы бир жерге баракка кол койгон деле жок элем. Анан кайра эле Токторбаевге барып “бул эмне деген” десем, ал айтты “жогору жактан бүт чечишти, сизге эч нерсе тийбейт, эгерде арыздансаңыз биз сизди отургузабыз” деп айтты”.
Тасма даяр болуп, жарыяланганга чейин Жеңишбек Токторбаевге байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.
Ишкерлер айтып жаткандай, өз мезгилинде менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу жараяны көп учурда менчик ээлерин суракка чакыруу, камоо же коркутуп-үркүтүү аркылуу жүрүп келди. Тергөө абагында отуруп же ал жакка кирип чыккандан кийин мүлкүн “өз ыктыяры” менен өткөрүп берген учурлар көп.
Тартып алынган мүлктөр сол чөнтөктөргө солонуп кеткенби?
Элге жарыя кылып, сотсуз тартып алынган мүлктөрдүн бир бөлүгү мамлекеттик казынага түшпөй, УКМК жетекчилеринин сол чөнтөгүнө солонуп кеткени кийин ачыкталып отурат.
18-мартта Башкы прокуратура УКМКнын айрым кызматкерлери менен алардын чөйрөсүндөгү адамдар ишкерлерден жана кылмыш иштери боюнча фигуранттардан алынган акча каражаттары менен мүлктөрдү мамлекетке өткөрбөй эле өздөрүнө ыйгарып алышканын кабарлады.
Аныкталган фактылар боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
Президент Садыр Жапаров 11-мартта Жогорку Кеңешке барганда ишкерлерден мыйзамсыз тартып алынган мүлктөр аныкталса кайтарылып берилерин айтты. Ошондой эле мамлекетке алынган мүлктөрдүн тизмеси ревизия жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен ачык жарыяланарын убада кылды.
“Мен бардыгына айттым. Прокуратурага, ИИМге, УКМКнын жетекчилерине арыз түшсө алгыла дагы, калыс текшергиле, калыс текшерип туруп, адилет чечим чыгаргыла дедим. Сиз айтып аткан жарымын өздөрүнө алып, жарымын мамлекетке өткөргөн деп аткан боюнча дагы айттым. Аны да иликтеп көргүлө дагы, ким жарымын чөнтөгүнө алып алган болсо, аны кайра кайтартып мамлекетке бергиле деп. Ким эгерде алып алып, бирөөнүн атына жамынып алып, акчаларын алабы, үйүн алабы, мүлкүн алабы, бизнесин тартып алабы – кайра кайтартып берип койгула деп, азыр ошонун үстүндө иштеп атат. Ал эми мамлекетке өткөн мүлктөр боюнча, мунун бардыгын ревизия кылып бүткөндөн кийин анан чыгарабыз. Ушул жылдын аягына барып бүтөт го. Анткени ал жакта мамлекетке кайра кайтарылган жерлер бар, бала бакчалар бар, мекеме-заводдор бар. Ал акчалай эле өткөн эмес. Ошон үчүн алардын баарын ревизия кылып туруп, анан так суммасын айтабыз”.
Ташиевдин ордуна келген төрага Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын ичинде тазалоо жүрүп жатканын, 7 кызматкер атайын кызмат системасынан кетирилгенин, 83ү иштен алынганын жана 13ү тартип жазасына тартылганын билдирген.
Ишкерлер коомчулугу менен жолугушканда ал мындан ары негизсиз кийлигишүү токтой турганын убада кылды.
“Акниет бизнес эркин жана ишенимдүү иштеши керек. Укук коргоо органдарынын негизги милдети – тоскоолдук жаратуу эмес, экономиканы коргоо. Андыктан биз силердин ишиңерге негизсиз кийлигишүү ниетибиз жок. Тескерисинче, силерге кандайдыр бир басым болсо, коргоого даярбыз. Жалгыз талабыбыз – ишиңерди ачык жана акниет жүргүзгүлө”, - деди Шабданбеков.
Февраль айында Садыр Жапаров антикоррупциялык чаралардын натыйжасында мамлекеттик жана муниципалдык органдарга 959 объект өткөрүлүп берилгенин, жергиликтүү бийлик органдарына 3 300 гектар айыл чарба жери кайтарылганын билдирген.
Былтыр сентябрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги мамлекетке алынган мүлктөрдүн 61и кайра сатылганын, андан казынага 9,7 млрд сом түшкөнүн кабарлаган.
Шерине