Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:13

Ысык-Көлдө орусиялык Су-25 учагынан машыгуу маалында ок-дары түшкөнү кабарланды

Интернетте тараган видеодон алынган сүрөт
Интернетте тараган видеодон алынган сүрөт

Кыргызстандын Коргоо министрлиги окуу-машыгуу маалында Орусиянын Су-25 учагынан ок-дары жерге түшкөнүн тастыктаганын АКИpress агенттиги жазды.

Басылма Коргоо министрлигинин расмий түшүндүрмөсүн жарыялады.

Анда 31-мартта болжол менен саат 17:25 чамаларында Кант шаарындагы орусиялык авиабазанын Су-25 учагы аскердик машыгуу маалында окуу-машыгуу үчүн колдонулган ок-дарылар жерге түшүп кеткени айтылат. Ок-дары талаага түшүп, эч ким жабыркабаганы кабарланды.

Түшүндүрмөдө Орусиянын Аскер аба күчтөрү атайын комиссия түзүп, жакын арада окуя болгон жерге барары айтылат.

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин чечими менен окуянын себептери аныкталганга чейин окуу-машыгуу токтотулду. Учурда Аскер прокуратурасы жана укук коргоо органдары текшерүү иштерин баштады.

Буга чейин интернетте Ысык-Көл облусунун аймагында асманда учак өткөндөн кийин жерде эки чуңкур пайда болуп калганы тартылган видеолор тараган. Анда сүйлөгөн адамдар учактан ок-дары түшүшү мүмкүн экенин айтып жатканы угулат.

Орусиянын Кыргызстандагы бирдиктүү аскер базасына бир нече объект кирет. Алар «Кант» авиабазасы, Каракол шаарындагы сыноо базасы, Чалдыбар кыштагындагы байланыш түйүнү, Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмологиялык пункт. Мурда бул объектилердин ар бири өзүнчө болсо, 2012-жылкы макулдашууга ылайык, бирдиктүү орус базасына бириктирилген. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG