Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:34

"Кайык, унитаз, саат таптым". Ысык-Көлдүн түбүн тазалаган Бекжан

Бекжан Кубанычбек уулу Ысык-Көлдүн түбүндөгү таштандыны өз ыктыяры менен тазалаган суучул. Тереңден тапкан таштандыларды видеого тартып, соцтармактагы ecodive_kg баракчасына жарыялап турат.

Бекжандын балалыгы сууга жакын, Чоң Сары-Ой айылында өткөн. Бишкектеги Дене тарбия жана спорт академиясынын бокс жана оор атлетика кафедрасында окуган. Дайверликти Санкт-Петербург шаарында үйрөнгөн.

- Бекжан студияга кош келипсиз. Кээде суу жакшы сүзгөндөрдү деле тартып кетет эмеспи. Суучул болуш үчүн атайын даярдыктан өттүңүз беле?

- Мен көлдүн боюндагы айылда эле чоңойдум да. Бирок суу түбүнө сүңгүгөндү Орусиядан үйрөнгөм. Атам Санкт-Петербург шаарында жашайт. Конокко барып, PADI Open Water Diver деген 18 айлык курсту көрүп калгам. Ал жерден аквалангды кийип алып 18 метрге чейин чумкуганды үйрөнөсүң. Ошол жерде окуп сертификат алгам. Негизи ага чейин эле суу астында демди кармаганды үйрөнүп жүргөм. Тереңдикке кызыгам да. Курсту бүткөндөн кийин 2019-жылы Чолпон-Атага келип, биринчи жолу суу түбүнө түшкөм. Суу астындагы ажайып кооздукту ошондо көрдүм. Кийин ӨКМде үч айдай иштеп калдым. Андан кийин Германиядагы тааныштарым чакырып, Нюрнберг шаарында вентиляция коюп иштеп келдим.

Бекжан Кубанычбек уулу
Бекжан Кубанычбек уулу

- Көлдүн түбүнө биринчи түшкөн күндү эскерип көрсөңүз, биринчи болуп көзгө эмне урунду эле?

- Көлдүн түбүндө бир минерал бар. Эл арасында аны кемпир таш деп коюшат. Мурда деле суу түбүнөн көрүп калчу элем. Бирок демди кармай албагандыктан жакын барчу эмесмин. Биринчи түшкөндө ошол таштарды сылап, уюктарына чейин колумду салып көргөм. Ошондо өзгөчө сезимге бөлөнгөм да. Ысык-Көлдүн эндемикалык балыгы - чабактарды кездештиргем. Үйүрү менен сүзүп жүрүшкөн экен. Кийин ӨКМден кетип, көлдү тазалап, видеого тарта баштаганда көп нерсени көрдүм. Бизде тармал рдест деген балыр бар экен. Экинчиси - хара балыры. Аларды Ысык-Көлдүн индикатору дешет. Суу таза жерде өсөт экен. Аларды көргөн сайын тереңге чумкугуң келет. Айрыкча, Кажы-Сай тараптын флора, фаунасы өзгөчө. Айрыкча мораторий киргенден бери көлдө балык көбөйүп калды. Каракол тараптан чаянды (краб) көргөм. Мелүүн сууну байырлайт окшойт, ал жерге тоонун суусу агып кирет да.

- Ошону менен катар таштандылар да жайнайт деңиз. Германиядан келгенден кийин көлдү тазалай баштадыңызбы?

- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде үч ай иштегенде Караколго чейин иш сапарга чыктык да. Ошол жерден суудан торлорду алып чыгып, тазалап калганбыз. Германияда жакшы бир нерсени байкадым. Алар таштандыны иргешет экен. Кийим-кече, айнек, желим, кагаз ар бири өзүнчө ташталат. Бир желим бөтөлкө тапшырсаң, 25 центтен төлөй турган пункттар бар. Элди ушинтип шыктандырышат экен да. Бизде деле ошондой иштерди жасаса болот эле. Ысык-Көлдүн астынан желим бөтөлкөлөрдү көп табам. Көлдүн үстү көпкөк болуп мелмилдеп турса, асты да ошондой деп ойлошот. Бирок таштандынын баары тереңде жатат. Айрыкча желим баштыктарды өйдө көтөрсөң, астындагы кум карарып кеткен болот. Күндүн нуру өтпөгөндүктөн топурактын деградация болгонун билесиң. Ал жерге балыр деле өспөсө керек.

- Унитаз да тапкан турбайсызбы?

- Жайында көл жээгинде жүрсөм, спорттук балыкчылык менен алектенген орус киши суу түбүнөн агарган бирдеме көргөнүн айтып калды. Локациясын сурап, кыйладан кийин барсам, унитаз жаткан экен. Аны видеого тартып, "Ушул нерсе көлдө жатышы керекпи?" десем, катталуучулар экиге бөлүндү. Бирөөлөр бул керамика эле, зыяны жок десе, экинчилери моралдык жактан туура эмес дешти. Кыргыздар эми сууга түкүрбөйт, заара ушатпайт эмеспи. Унитазды көргөндөн кийин жаман болуп жүрдүм. Анан инимди ээрчитип барып алып чыктык. Суу астынан көз айнектерди, от тутанткыч (зажигалка) көп табам. Чөнтөгүндөгү от тутанткычты чыгарбай эле сууга секире бергендер көп окшойт. Ичинде газ толтура, кичине эле жерде онго жакын чыгат. Көлдүн экосистемасына кандай зыян келерин элестетип көрүңүз. Кайыктын калактары да көп. Оор болгондуктан колдон түшсө эле чөгөт.

- Чөгүп кеткен кайыктарды дагы табасызбы?

- Жайкысын Ысык-Көлдүн түбүн көргүсү келген туристтерге гид болуп иштейм. Бир жолу алар менен жүрүп, жел кайыкты көрүп калдым. Мамысы (мачта) ошол бойдон сакталыптыр. Аны алып чыга алган жокмун. Оор, өзүнчө техника керек дегендей. Анан калса, абдан кооптуу жерде жаткан экен. Алып чыкканга аракет кылган күндө деле чирип калгандыктан сыныктары чөгүп, мээнет текке кетмек. Союз маалдында түшүп кеткен якорлор, оозу чапталган бөтөлкөлөр чыккан. Илгери Түптөн карагай кыйышып, кеме менен аркы жээкке жеткиришчү экен. Ошол кезде чөккөнбү, айтор бир устунду тапкам. Илгери балык кармаган зым баштыктарды укмуш токушчу экен. Андайдын далайын таптым. Темир буюмдардын түрү чыгат.

- Алтын-күмүш дагы чыкса керек?

- Бир жолу жөнөкөй эле саат таап алгам. Ичине суу толуп калган экен. Ал эми алтын-күмүштөрдү металл издөөчүлөр тапса керек. Аларда атайын жабдык бар да. Күзүндө кулакчын кийип, жээкте издеп жүргөндөрүн көрүп калам. Сууга да түшүп издешет. Чөнтөк телефондор чыгат. Айрымдарынын ээси табылат, табылбаганын өткөрүп салабыз.

- ӨКМ маал-маалы менен торлорду алып чыкканын айтып калат. Суунун ичинде алар көппү?

- Эгемендиктин алгачкы жылдары балык кармап, оокат кылгандар көп болгон да. Ошол тордун көбү чыкпай кала берген. Азыр алар суунун арбактары болуп жатат. Айрымдарына балыктар шыкалып түшүп, чыга албай өлүп калганын көргөм. Өткөндө бир судак балыгын көрдүм. Бели ийилип калган экен. Видеону көргөндөр "торго түшүп, бошонгондо доо кетсе керек, мутация башкача болот" деп жазышты. Негизи торго түшкөн балык болсо, дароо бошотобуз. Тор бир эле Ысык-Көлдө эмес, Соң-Көлдө да бар. Ал жактан 5 километрдей торду алып чыкканбыз.

- Соң-Көлдүн түбүндө дарактар бар дешет, түбүнө түшкөндө көрдүңүзбү?

- Биз болгону алты метр тереңдикке жеткен элек. Ошол жерден өмүрүмдө көрбөгөн, укмуштай балырды көргөм. Тал-терек дегени ошол болсо керек. Чытырман токойго окшоп жыш өсөт экен. Арасына кире алган жокмун коркуп. Анан ташка жабышып өскөн былпылдакты көргөм. Орусча губка деп коюшат го. Көлөмү кишинин мээсиндей экен, видеого тартып алгам. Андайды мурда эч жерден кездештирген эмесмин. Соң-Көлдүн өзүнүн эндемикалык индикатору дешти. Андан тышкары пеляд балыгын көрдүм. Бирок суу түбүндө көпкө жүрө алган жокпуз. Анткени басым күчтүү экен. Илимде туздуу сууда басым күчтүү болору айтылат. Бирок Ысык-Көл деңиз деңгээлинен 1660 метр бийикте болсо, Соң-Көл 3200 метрдей бийик да. Ошон үчүн сүзүү оор болду окшойт.

- Ысык-Көлдүн астында байыркы шаар бар дешет. Ошонун издерин көрө алдыңызбы?

- Балыкчы тараптан чопо карапанын сыныктарын тапкам. Аларды биздин айылдагы Көчмөндөр цивилизациясы музейине тапшырган элем. Бир жолу кишинин кашка жилигин таап алгам. Дубалдарды көргөн учурлар болду. Эски көрүстөн окшойт, сөөк ошол жерден табылган. Мокрынин менен Плоскихтин "Ысык-Көл: чөгүп кеткен шаарлар" деген китеби бар. Андагы маалыматтарга карасак, убагында көл түбүнөн коло дооруна таандык көп эле буюмдар табылган экен. Орусияда жүргөндө ошону көрүш үчүн Эрмитажга да баргам. Ал жерде Борбор Азиядан табылган экспонаттардын бөлүмү бар. Ал жерде бир кезде Кыргызстандын аймагынан алып кеткен бир канча буюмдар турат.

- Сууну жандуу зат деп коюшат. Айрым суучулар тереңге түшкөндө көзүнө көрүмчү көрүнөт экен. Сизде андай учурлар болду беле?

- Мен сууга келме келтирип анан чумкуйм. Суу он метрге чейин коопсуз болот. Андан терең жерге сөзсүз бир кесиптешим менен түшөм. Көлдүн ыйыктыгын суу түбүнөн көп эле сездим. Жерден оргуп чыккан булактардан ичкен учурларым болду. Азот наркозу деп коет, 95% суучулдар ошондон өтөт. Суунун астына түшкөндө басымдын күчүнөн мээ кысылып, галлюцинация болушуң мүмкүн. Мен биринчи түшкөндө токтоно албай күлгөм. Ооздогу регулятор менен каткырып жатканды элестетиңиз.

- Суу астындагы флора жана фаунага көз салсаңыз, коралл рифтерине деле кызыксаңыз керек. Дегеним, деңиз же океан түбүнө дагы чумкуу кыялыңыз барбы?

- Албетте. Альпинисттердин кыялы - Эверест болсо, суучулдардын кыялы - Кызыл деңиздеги Дахаб (Египет) ирими. Анын тереңдиги 80 метр. Суу түбүндө жарлар кулаганда пайда болгон арка бар. Ошол жерден өтүүнү кыялданам. Гавайини, Мальтанын жээгин көрсөм дейм. Рэк-дайвинг деп коет. Сууга чөгүп кеткен кеме, учактарды көрүшөт. Ошондой экскурсияларга кошулуп, суу астында калган танкерлерди видеого тарткым келет. Мариан кобулун көрүүнү самайм. Кыялдар орундалат дейт го, барып калармын бир кезде.

- Байкасам, катталуучуларыңыз көп эле экен. Сиздин видеолоруңузду кызуу дагы талкуулашарын байкадым.

- Негизи блогумду демди ичке алып түшкөндү үйрөнүп жүргөн кезде эле ачсам болмок экен. YouTube каналымда анча-мынча эски видеолор бар. Инстаграмдагы ecodive_kg баракчасын былтырдан тарта эле иштете баштадым. Суу астынан көргөнүмдүн баарын эле видеого тартканга аракет кылам. Мактанбайын, “сиздин видеону көрүп, бөтөлкө ойнобой калдык” дегендер бар. “Баштыкты жөн эле ыргытабыз, көрсө ал көлгө түшөт турбайбы” деп да жазышат. Кичине болсо да элдин экологиялык аң-сезимин өзгөртүп жатам деп ойлойм. Дагы бир кыялым - келечекте ушул көлдүн түбүнөн табылган таштандылар үчүн өзүнчө музей ачылса. Алар бир чети тарых үчүн керек. Экинчиден, адамдардын кайдыгерлигинин, шалаакылыгынын күзгүсү болмок.

Шерине

XS
SM
MD
LG