Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:47

"75чилердин соту": Ташиев менен Сурабалдиева айтышты

“75чилердин иши”: Ташиев менен Сурабалдиеванын кайым айтышы
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:40 0:00

“75чилердин иши”: Сотто Ташиев менен Сурабалдиева айтышты

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча сот отуруму ачык өтө баштады. Соңку беш жылда өлкөдөгү экинчи адам катары таанылган Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы кылмыш ишиндеги фигурант катары сотко катышууда. 

Буга чейин сот жабык өтүп, Ташиевдин келип-кеткени көп билинбей жатса, бул жолу анын автоунаасы сот имаратынын короосунун сыртына токтоду. Имаратка жөө басып кирген Ташиевге кабарчылар суроо бергенге мүмкүнчүлүк алды. Бирок ал суроолорду жоопсуз калтырды.

Зулушевдин суранычы

Бул жараян көп талкууланып жатканы менен биринчи жолу журналисттер дагы, коомчулук да сот залындагы атмосфераны көрө алды. Акыркы беш жылда өлкөдөгү эң жогорку кызматты ээлегендер айыпталуучу катары катышса, “75чилердин катына” байланыштуу камакка алынган беш кишини дагы коомчулук алгач ирет соттон көрдү. Аларды колу кишенделген абалда сот залына алып киришти.

Айыпталууучулардын бири Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев камакта кармалып турган Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевдин ден соолугу начарлагандыктан аны үй камагына чыгарып, андан кийин сотту улантууну өтүндү:

"Бул кишинин азыр өзүн өзү коргоо, баалоого мүмкүнчүлүгү да көрүнбөйт. Мунун баары чечим чыгарууга таасир этет. Баарыбыз кызыкдарбыз соттун тез өтүшүнө. Сот тез карап берсин, соттук-медициналык экспертиза жыйынтыкталсын. Мен дагы кызыкдармын. Үй камагына чыгарылсын, дарылансын. Сотту эрте бүтүрөлү десек, колдоп бериңиз", - деди Зулушев.

Курманкул Зулушев сотто.
Курманкул Зулушев сотто.

Ачык өткөн сот отурумунда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу “бул тарыхый сот жараяны” деп белгилеп, айыпталуучулар иштин ачык жана тез арада аякташына кызыкдар экенин билдирди.

“Тез арада бул ишке жыйынтык чыгарыш керек. Себеби, бул тарыхый сот жараяны. Жок нерседен атайын ушундай маселеге келдик. Бул тарыхый жараян болуп калат. Андыктан акты ак, караны кара деп чекит койгонго бул жерде отургандардын баары, коомчулук да кызыкдар”, - деди Тургунбек уулу.

Адвокаттардын маалыматына таянсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлган.

Нурланбек Тургунбек уулу сотто.
Нурланбек Тургунбек уулу сотто.

Мурдагы үч чиновник эч жакка чыкпоо тилкаты менен эркиндикте. Ал эми калган беш айыпталуучу коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашев жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов камакта. Аларга “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылып, үч айдан бери камакта отурушат.

Сот эмне үчүн ачык өтүүдө?

Сотту ачык өткөрүү чечими өткөн апта соңунда чыккан. Ички иштер министрлиги бул ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан сот отурумдары жабык өтүп келатканын түшүндүргөн. 11-июндагы отурумда айыпталуучулардын адвокаттарынын сот процессти ачык өткөрүү өтүнүчү канааттандырылган. Сот мекемеси расмий маалымат таратып, буга чейин сот жабык өтүп келген себебин "өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч болгондугуна байланыштуу көрсөтмөлөрү депонирленген күбөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, тергөөнүн сырын жана кылмыш ишинин жагдайларын ачыкка чыгарбоо максаты" менен түшүндүргөн.

"Аталган күбөлөр мындан ары да Кыргыз Республикасынын "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамында каралган тартипте мамлекеттик коргоого, тактап айтканда, алардын коопсуздугун камсыз кылууга, алар жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун сактоого, алардын инсандыгын ачык аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтарды жарыялабоого багытталган чаралар колдонулат", - деп айтылат соттун басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

"75чилердин" ачык өткөн соту. 15-июнь, 2026-жыл.
"75чилердин" ачык өткөн соту. 15-июнь, 2026-жыл.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы, “Кемпир-Абад иши" боюнча камалып, кийин акталып чыккан Клара Сооронкулова соттун жабык өтүшүнө мыйзам жагынан негиз жок экенин айтты.

"Кандай болгондо дагы Камчыбек Ташиев буга чейин мамлекетти теңата башкарып келген адам. Азыр көрүп жатасыңар, социалдык тармакта деле аны колдогон тарапташтары көп экенин көрүп жатабыз. “Жалаа жабылды”, “саясий туткун” деген күмөн пикир калтырбаш үчүн соттун ачык өткөнү туура чечим болду. Эми бул иште далилдер топтолуп, айыбы коюлгандан кийин сотко өткөрүп жатышат да, туурабы? Ошол далилдердин баарын коомчулукка ачык көрсөтүшсүн. “Мына, чындап эле төңкөрүш жасайын деген ниети, максаты болгон” деп. Бул бир жагы. Экинчиден, айыпталгандар өздөрү соттун ачык өтүшүнө кызыкдар болууда. Булардын жактоочулары ушундай өтүнүч келтиргенден кийин анан сот ошого барды да. Маселен, “Кемпир-Абад ишинде" биз канча талап кылсак дагы өтүнүч аткарылган эмес. Эч кандай далил жок экен, анан кийин сот актады. Бул жерде алар бекеринен ачык өткөрүүнү талап кылбагандыр. Демек булардын кандайдыр бир далилдери бардыр”.

Сурабалдиева менен Ташиев эмнеге айтышты?

Өткөн аптадагы сот отурумунда күбөлөр сурала баштаганы белгилүү болду. Күбө катары элге-журтка таанымал мурдагы жетекчилер, коомдук, саясий ишмерлер келүүдө. Күбө катары келгендердин көбү “75лердин каты” аталган кайрылууга кол койгондор. Ал катта президенттик шайлоону быйыл өткөрүү тууралуу сөз болгонун билебиз.

15-июндагы сотто экс-депутаттар Абдимуктар Маматов жана Мария Исанова көрсөтмө берди.


Күбө катары Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева дагы келди. Жактоочулар андан казакстандык блогердин YouTube каналына курган маегинде “Ташиев бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деп айтканына токтолуп, мындай сөздү “ишенимдүү айтканынын себебин” сурашты.

Андан кийин Сурабалдиева Ташиевдин суроосуна жооп берип жатып парламентте кызматтык иликтөө жүргөнүн, анын жыйынтыгы менен өзү бүтүм чыгарганын айтты.

Ташиев кылмыш иши боюнча материалдардын арасында парламенттеги ички териштирүү боюнча маалымат жок экенин белгилеп, соттон аны алдырууну сурады.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев "75чилердин" ачык өткөн сотунда. 15-июнь, 2026-жыл.
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев "75чилердин" ачык өткөн сотунда. 15-июнь, 2026-жыл.

Ташиев: Факты деген адам өзү конкреттүү көргөн нерсе болот. Мен сиздин атаңызды кантип өлтүрүп кетишкенин өзүм көргөм. Ошондо мен биринчи болуп баргам, ага жардам берүүгө аракет кылгам.

Сурабалдиева: Бул туура эмес.

Ташиев: Ушул факты. Азыр сиз өзүңүздүн саясий пикирлериңизди айтып жатасыз.

Сурабалдиева: Бул жерде атамдын эмне тиешеси бар? Бул психологиялык зордук-зомбулук экенин билесизби? Мени эсиме келтирүү сиздин ишиңиз эмес.

Ташиев: Өзүңүздүн саясий ойлоруңузду мага айтыштын кереги жок.

Сурабалдиева: А сиз мени иш бөлмөдөн канча ирет коркутуп, канча жолу камоо менен коркуттуңуз. Муну да баары билет.

Мындан кийин судья кайым айтышты токтотуп, иштин негизи боюнча сүйлөшүүгө чакырды.

Камчыбек Ташиев мындан кийин Жогорку Кеңештеги кызматтык иликтөөнүн корутундусун алдыруу өтүнүчүн келтирди.

“Биз ошол корутундуда эмне айтылганын, Талант Мамытов эмне айтканын, төрага Марлен Маматалиев эмне дегенин угушубуз керек. Бир күбө келип, ошол корутундунун негизинде биз божомолдоп жатабыз деди. Сураныч сизден”, - деди Ташиев.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын тапшырган. Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген.

Ташиевдин соту ачык өтөт: “75чилердин катындагы” сыр ачылабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:21 0:00

Ошентип алдыда “75лердин катына” байланыштуу сот иши ачык өтүп, аны медиа эркин чагылдырмакчы. 57 жаштагы генерал Ташиев акыркы жылдары президент Жапаровго эң жакын адам катары белгилүү эле. Жапаров 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин бийликке келгенде Ташиев Улуттук коопсуздук кызматын жетектеп, премьер-министрдин орун басары болуп дайындалган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG