Сот отуруму беш саатка созулду. 75чилердин катына байланыштуу камакта жаткандардын бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды. Кийинки отурум 24-майга белгиленди.
Биринчи май райондук сотунда карала баштаган иш
18-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз кишинин иши боюнча баштапкы соттук угуу башталды.
Ички иштер министрлиги кылмыш ишин тергеп бүтүп, Башкы прокуратура айыптоо актысын бекиткенден кийин иш райондук сотко жөнөтүлгөн. ИИМ ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан, сот отурумдары жабык өтүүдө.
Сотко Камчыбек Ташиев менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков катышпаганын журналисттерге айыпталып жаткан сегиз кишинин бири Курсан Асановдун адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди. Анын сөзүнө караганда, башка шектүүлөр - Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы депутат Курманкул Зулушев, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашев жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов келди.
Камчыбек Ташиевге жакын адамдардын бири Өткүрбек Рахманов 18-майда Фейсбуктагы баракчасына сотко байланыштуу мындай билдирүү калтырды:
"УКМКнын мурдагы төрагасы, урматтуу Камчыбек Кыдыршаевичке байланыштуу сот иштери жүрүп баштаганын баарыбыз билебиз. Бул жараян бир гана мыйзам чегинде, адилеттүү болорун жана анын жыйынтыгы менен гана буга чейин айтылган ар кандай сөздөргө чекит коюларын урматтуу президентибиз Садыр Жапаров да белгилеп айтканынан кабардарбыз. Андыктан, ар кандай бүдөмүк, такталбаган жана провокациялык мүнөздөгү ушак деңгээлиндеги сөздөргө көңүл бурбастан жана азгырылбастан, генерал-полковник Камчыбек Кыдыршаевич өзү да ар дайым айтып келгендей, тынчтык жана ынтымак, биримдикти, өлкөбүздө туруктуулукту көздүн карегиндей сакташыбыз керек. Кандайдыр бир саясий же социалдык ыңгайлуу абал пайда болуп калса эле дароо ортодон чыга калып, өздөрүнүн жеке жана саясий кызыкчылыктары үчүн пайдаланып кеткиси келип жүргөн белгилүү топтор бар экенин эч качан унутпашыбыз керек жана алардын ар кандай жүрүштөрүнө каршы коомчулук бекем турушу зарыл", - деп жазды Рахманов.
Буга чейин иштин айрым жагдайлары ачыкталып, “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген топтун башында Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу, Курманкул Зулушев жана Бекболот Талгарбеков турган деген айып коюлганы белгилүү болгон.
Негизинен бул иш президенттик шайлоону быйыл өткөрүү тууралуу 75 адамдын катына байланыштуу козголгону коомчулукка жашыруун эмес.
Бирок шектүүлөр бийликти күч менен алмаштыруу үчүн кандай иш-аракет кылган, мамлекетте чын эле реалдуу коркунуч жаралганбы деген суроолор көпчүлүктү кызыктырууда.
Жалпылап алганда Ички иштер министрлиги (ИИМ) сегиз адамга буга чейин коомчулукка ачыкка чыгып, кеп-сөз болуп келаткан маалыматтардын тегерегинде кине койгону айтылып жатат. ИИМ тергөөнүн жүрүшү, тагылган айып боюнча эч кандай маалымат бере элек.
Буга чейин Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов бул кылмыш ишине жашыруун деген гриф ыйгарылганын билдирген.
Жактоочу Икрамидин Айткулов бүгүнкү отурумга Камчыбек Ташиев менен Бекболот Талгарбеков эмнеге катышпаганын минтип түшүндүрдү:
"Келбегенге акысы бар. Мыйзамда ошондой жазылган. Талгарбеков 31-абакта экен. "Ооруп жатат" деп алып келишкен жок", - деген Айткулов УКМКнын мурдагы төрагасы аны менен акылдашып, келбегенин кошумчалады.
Кылмыш ишинде негизги фигурант болуп жаткан Камчыбек Ташиевге “анын негизги кызматтык милдети Кыргызстандын конституциялык түзүлүшүн коргоо, тышкы жана ички коркунучтарды алдын алуу экенине карабай президенттик кызматты күч менен алууга аракет кылган” деген кине коюлган. Мурдагы башкы чекист буга чейин “күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарына ишенерин” билдирген.
Сегиз адамга козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы
ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” деген өтө оор беренелердин негизинде ачылган ишти төрт айга жетип-жетпеген убакытта тергеп, сотко өткөрдү.
Камчыбек Ташиевге, Нурланбек Тургунбек уулуна жана Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлду.
Президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды. Алар “кызматта турган адамдардын кылмыштуу аракетине көмөк көрсөткөн” деп шектелүүдө.
“75чилердин каты” социалдык тармактарга жарыяланып, андан ары Жогорку Кеңешке түшкөндө Нурланбек Тургунбек уулу спикер, Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган. Каттын тиешелүү комитетке жетишине мурдагы эки парламентарийдин тиешеси бар экени айтылууда.
Нурланбек Тургунбек уулу “75чилердин кайрылуусуна жана кол топтоосуна тиешеси жок” экенин айтса, Курманкул Зулушев комментарий бере элек.
Ачык сот өткөрүү талабы аткарылабы?
Коомчулукта бул сотту ачык өткөрүүгө чакыргандар көп.
“Мыйзам боюнча иш сотто ачык каралышы керек. Кыргызстанда жабык каралган иштер жалпы иштердин көп болсо бир пайызын түзөт. Негизи бизде чыккынчылыкка байланышкан, улуттук коопсуздукка тиешелүү иштер жабык каралат. Андай өлкөдө жокко эсе. Ал эми азыр сөз болуп жаткан окуяда андай маалыматтар деле жок. Камчыбек Ташиев саясий күч болчу. Аны колдогон адамдардан тышкары, каржылык, маалыматтык да ресурсу бар. Азыр деле саясий күчү бар жана ошондуктан сотту жабык өткөрүү чечими кабыл алынды. Бирок президентке импичмент кылабыз деп кат жазышса да ал кылмыш эмес, болгону саясий сүйлөшүү. Кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф коюп салгандыктан мындан башка эмнелер бар экенин билбейбиз”, - деген пикирде адвокат Нурбек Токтакунов.
Жактоочу жабык сот саясий соодалашуу үчүн бийликке да, Камчыбек Ташиевге да ыңгайлуу деп эсептейт.
Башта айтылгандай, Кыргызстанда саясий иштердин басымдуусу сотто жабык каралат. Алардын бири 30га чукул саясатчы, активист жана укук коргоочуга айып тагылган “Кемпир-Абад иши”.
Дал ушул иш боюнча айып тагылып, кийин Бишкектин Биринчи май райондук сотунда, андан кийин Бишкек шаардык сотунда акталган Жеңиш Молдокматов мындай деди:
“Кылмыш-жаза кодексинде кайсыл иштер жабык, кайсыл иштер ачык сотто каралары так жазылган. Эгер жабык карай турган иш болсо да ал толугу менен мындай тартипте каралбай, айрымдары гана – мамлекеттик сыр бар, коопсуздукка байланыштуу жерлери жабык тергелет. Тилекке каршы, бизде ишти толугу менен жабык кароо прецедент болуп калды. Мисалы, “Кемпир-Абад ишинде” сыр боло турган эч нерсе жок болчу. Кыргызстанда коомдук-саясий иштер жабык каралбашы керек. Эгерде коомдук-саясий иш менен алектенип жүргөн адамдарга айып тагылса анын айыбын элдин алдында далилдеп бериш керек. Ошол эле Камчыбек Ташиевдин да соту ачык өтүшү зарыл. 75 адамдын каты, ага кол койгондор кандай аракет кылган, пландары эмне болуп ишке ашпай калган, эл билиши керек”.
Баса, Молдокматов айтып жаткан "Кемпир-Абад ишин" буга чейин Камчыбек Ташиев да оозанган.
Февралдан бери окуялар туурасында эки ирет гана билдирүү жасаган УКМКнын мурдагы төрагасы өзүнө тагылган айыптар негизсиз экенин жана сотто "кемпирабадчылар" сыяктуу акталарына ишенерин билдирген.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.
Ички иштер министрлиги бул кайрылууга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, анда аты аталган Бекболот Талгарбековду, Эмилбек Узакбаевди, Курманбек Дыйканбаевди, Аалы Карашевди жана Курсан Асановду кармап, алар камакта жатат.
“Эми бул иш аягы эмне менен бүтөт?” деген суроо көпчүлүктү кызыктырууда.
“2027-жылы президенттик шайлоо турат. Ага чейин өкүм чыгабы же чыкпайбы, азырынча белгисиз. Эгерде Камчыбек Ташиев “шайлоого барам” десе чечим чыгышы мүмкүн. “Жок, мен шайлоого катышпайм, тескерисинче, жардам берейин” десе соттук териштирүү алты айлап, бир жылдап жүрө берет. Кыргызстанда болсо шайлоодон жеңип чыккандардын мунапыс, ырайым берүү деген жакшы адаты бар”, - деди экс-депутат Исхак Масалиев.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
Шерине