Камчыбек Ташиевдин алгачкы соттук иши кандай өттү?
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу баштаган сегиз адамдын соттук иши башталды. Аларга "бийликти күч менен басып алууга аракети" беренеси менен иш козголуп, тергөө аяктаганы өткөн аптада маалым болгон. Сот отуруму беш саатка созулду. 75чилердин катына байланыштуу камакта жаткандардын бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды. Кийинки отурум 24-майга белгиленди.
Шерине