Соңку отурумда сотко күбө катары экс-депутаттар Ибрагим Жунусов менен Иса Өмүркулов да барды. Айыпталуучулар соттун ачык өтүшүн талап кылып, ал өтүнүчү четке кагылып келүүдө. Ачык сот саясий кырдаалга кандай таасир берет? Соттук териштирүү кандай жүрүүдө?
4-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” боюнча соттук отурум уланып, айыпталуучулар менен жактоочулар судьяга процессти ачык өткөрүү тууралуу өтүнүч беришкен.
Бул өтүнүч четке кагылып, отурум жабык улана турган болду.
Айыпталуучулардын бири, абактагы Эмилбек Узакбаевдин адвокаты Акынбек Ногоев мындай талапты Камчыбек Ташиев көп көтөрүп жатканын “Азаттыкка” билдирди.
“Айыпталуучулар да, жактоочулары да ачык өткөрүү боюнча талап кылышты. Өзгөчө Камчыбек Кыдыршаевич бул талапты коюп атат. "Эл уксун, бизде бийликти басып алуу аракет болгонбу же жокпу, сотко кимдер келип атат, анда коюлган айыптар тастыкталып жатабы, коомчулукка жетип турсун" дешти. "Бул жерде жашыруун эч нерсе жок, ошону ачык тастыктап беребиз" деп жатышат. "Бизди элге ачык каралап салдыңар да, биздин күнөөбүз жок экенин тастыктаганга жол бербей, жабык кылып салдыңар" деп нааразы болушту”.
Айыпталуучулардын бири, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев да сот залына кирип баратып журналисттерге ачык сотту колдой турганын билдирген:
“Ачык өтсө жакшы болмок. Бирок тергөө ушундай чечим кабыл алып (ред: ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан), сот колдогон экен. Сотко катышып атабыз. Ачык сот болуп, коомчулук билгени жакшы”.
Камчыбек Ташиев бул иште негизги фигура деп айтылганы менен ал сот процесси тууралуу бир да жолу үн ката элек.
Журналисттерде анын пикирин сурап көрүүгө да мүмкүнчүлүк жок. Анткени мамлекеттик күзөтчүлөр аны соттун дарбазасын ачтырып алып кирип, имараттын босогосуна чейин алып барышат. Кирип-чыкканда күзөтчүлөр эч кимди ага жакын жолотпойт.
Ички иштер министрлиги ишке жашыруун деген гриф койгону үчүн сот жабык өтүүдө. Процесстеги айрым маалыматтарды жактоочулардан үстүртөн гана билүүгө болот.
4-июндагы отурумга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Иса Өмүркулов чакырылды. Ал сотко күбө катары гана чакырылганын журналисттерге билдирди.
Ошол күнкү процесске Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Ибрагим Жунусов да келди.
“Эмнеге чакырышканын билбейм. Нурдин деген тергөөчү чакырды. Азыр киргенде көрөбүз. Катка кол койгом”, - деди Жунусов.
Сот отурумунан чыккандан кийин Өмүркулов да, Жунусов да журналисттердин суроолорун жоопсуз калтырды.
Ушул күнү болгон сот отурумунда бул иш боюнча үч күбөнүн жашыруун көрсөтмөсү бар экени белгилүү болду.
“Ишке тиркелбеген үч күбөнүн жашыруун протоколу бар экенин билдик. Бирок анын мазмуну менен тааныш эмеспиз. Ошол себептүү аны менен таанышуу өтүнүчүн келтирдик”, - деди Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов.
Процесстин жүрүшүндө сот адвокаттардын үч күбөнүн жашыруун протоколу менен таанышуу жана сотту ачык өткөрүү боюнча эки өтүнүчүн тең четке какты.
Коомчулукта "75чилердин каты" делген кылмыш ишинде сегиз айыпталуучу болсо, анын үчөө – атайын кызматтын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, экс-депутат Курманкул Зулушев жана мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу эч жакка кетпөө тилкатынын негизинде эркиндикте жүрөт.
Алардын сотту ачык өткөрүү тууралуу талабы социалдык тармактарда кызуу талкууланууда.
Айрымдар Ташиев УКМКны жетектеп тургандагы, Зулушев башкы прокурор кезиндеги соттук териштирүүлөрдү эске салууда.
Маселен, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова “кемпирабадчылардын иши” боюнча жазды:
“Өздөрү бир кезде бийликте туруп башкаларды куугунтуктаган адамдар өз башына келгенде баарын жон тери менен сезип жатышат. Сот системасынын адилетсиздигин, саясий куугунтук кандай болорун, жөн жерден эле айып коюлуп, болбогон далилдер келтирилип, иш токуларын эми билип жатышат. Муну кек сактагандай, кубангандай мааниде айткан жокмун. Бул башкаларга сабак болсун деп ойлойм”.
Ал ачык сот өткөрүү мыйзамдын талабы экенин белгилеп, мындай чечим коомчулуктагы күмөн саноолорду да жокко чыгарарын кошумчалады.
Быйыл 9-февралда коомдук, саясий ишмерлерден турган 75 киши бийликке кайрылуу жолдоп, президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө чакырышкан. Бир күндөн кийин президент Садыр Жапаров Ташиевди УКМК төрагасы кызматынан алган.
Бул окуядан кийин Тургунбек уулу парламент төрагалыгынан кетип, кийин ал баштаган бир топ депутат мандатын тапшырды.
Катка кол койгон айрым кишилер анын мазмуну менен таанышпаганын айтып чыгышкан.
Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган. Кийин козголгон кылмыш ишине Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө аныктай турганын белгилеген.
Журналист жана талдоочу Адил Турдукулов сотту ачык өткөрүүгө бийлик да кызыкдар болушу керек деген пикирде:
“Бийлик муну ачык өткөрүүгө кызыкдар болушу керек деп ойлойм. Ошондо бул жерде саясий эмес, укуктук негизде соттук териштирүү болуп жатканына ишенет. Көп учурда, өзгөчө саясатташкан, сезимтал маселеде жашыруун кылууга негиз болбосо да аны сот жана бийлик жабык өткөрүүгө аракет кылат. Эл арасында көп талкуу болбосун деген негиз бардай. Дагы бир божомол, керек болсо бийлик жана сот деле аягында кандай чечим болорун саясий жагдайга жараша укуктук маселе жаралса, башка өңүткө буруп кетүү үчүн жабык өткөрүп жатышы мүмкүн. Бул божомол гана”.
Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев иш жабык каралып жатканын жана соттун чечими чыга электигин, алдын ала бүтүм чыгарбай туруу керектигин белгиледи:
"Ошол үчүн бир эле нерсени айтсак туура болот. Соттун чечими күчүнө кирмейинче бир да адамды күнөөлүү деп эсептегенге болбойт. Бул - Конституцияда аныкталган укуктук норма. Соттун чечими чыкмайынча баарыбыз ушул норманы карманып турушубуз абзел. Күнөөлүү эмес же күнөөлүү дегендин баары тек гана эмоция. Укуктук маданиятты калыптандырабыз десек, анда бүгүнкү күндө сотто каралып аткан иштер боюнча бир да жаранды күнөөлүү деп айтыш болбойт".
Бул иште Ташиев, Зулушев жана Тургунбек уулуна эки берене менен – “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “бийликти күч менен басып алуу” боюнча айып коюлган.
Ал эми коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча айып тагылган. Алар баары тең тергөө абагында камакта жатышат.
Иш козголуп, кине коюлганын айыпталуучулар негизсиз деп атап келишет.
Шерине