Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Ташиев баштаган сегиз кишинин соту: Тургунбек уулу үн катты

"75чилердин катына" байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча айып сегиз кишиге тагылган. Коллаж.
"75чилердин катына" байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча айып сегиз кишиге тагылган. Коллаж.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 28-майда өтө баштаган отурумдун тыныгуудан кийинки бөлүгүнө айыпталуучулардын баары катышты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жана “75чилердин катына” байланыштуу деп айтылган кылмыш иши боюнча соттук териштирүү 28-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда уланды.

Отурумга Ташиев өзү да катышканын “Азаттыктын” булактары билдирди.

Бул иш боюнча айыпталып жаткандардын бири – Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу да процесске катышты. Ал отурумдун түшкө чейинки бөлүгү аяктагандан кийин чыгып баратып журналисттердин суроосуна жооп бербей, “коюлган айыпка макул эместигин” гана билдирген.

Ал эми түштөн кийинки отурумга кирип баратып “75чилердин катына” такыр тиешеси жок экенин айтты:

“Мен ал катты көргөн да, окуган да эмесмин. Ал учурда Түркияда иш сапарда жүргөм. Бирок ал колдон колго эмес, каттар бөлүмү аркылуу эле келген”.

Журналисттин: “Сиз кат тууралуу такыр билген эмессизби?”, - деген суроосуна мурдагы төрага “Таптакыр, эч кандай”, - деп жооп берди.

Бул иш боюнча айыпталып жаткандардын дагы бири – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев комментарий берүүдөн баш тартып, журналисттерди “сабыр кылууга” чакырды. Ал соттук териштирүү эми башталганын жана анын жүрүшүндө баары билинерин кошумчалады.

“75чилердин каты”: Ташиев, Зулушев, Тургунбек уулу сотко келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:41 0:00

Ал тапта айыпталуучулардын бири Эмилбек Узакбаевдин адвокаты Акынбек Ногоев коомчулуктун көңүлүн бул иштеги негизги фигуранттар боштондукта, ал эми калгандары камакта отурганына көңүл бурууда. 28-майда "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып ал:

"Айыпталуучулардан “уюштуруучулар” деп үч адам боштондукта жүрөт, ал эми “көмөкчү” деп кармалган беш адам азыркы күнгө чейин камакта. Биз да ошого түшүнбөй турабыз, себеби алардын бул иштеги маңызы, ролу өтө эле ылдый. Айта кетүүчү нерсе – бул жерде эч кандай кылмыш курамы жок деп жактоочулар айта алабыз, анын баарын соттук отурумда далилдеп бергенге даярбыз", - деп билдирди.

Ногоевдин айтымында, Узакбаевдин “кан айлануу системасынын ишинин бузулушу” деген диагнозу бар. Бул оору, анын белгилешинче, бөгөт чарасын аныктоодо камак менен байланышпаган түрлөрдүн тизмесине кирет.

"Ал киши чынында эле өтө оорулуу. Өтүнүч келтирип, анын бөгөт чарасын өзгөртүүгө аракет кылабыз", - деди Ногоев.

Жактоочу бүгүнкү отурумдун экинчи бөлүгүнө айыпталуучулардын баары келгенин билдирип, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык эми айыптоо актылары окуларын, ар кандай процедуралар өткөрүлүп, өтүнүчтөр караларын кошумчалады. Айыптоо актысы окулуп бүткөндөн кийин айыпталуучулар, күбөлөр сурала баштайт.

18-майда Биринчи май райондук сотунда баштапкы соттук угуу болуп, ага Камчыбек Ташиев менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков катышкан эмес. Ташиев мыйзамдуу укугунан пайдаланып баштапкы соттук угууга келбесе, Талгарбеков ден соолугуна байланыштуу катыша албай калганы айтылган.

Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов ал сот процесстерине катыша турганын, кылмыш иши менен таанышып чыкканын 21-майда билдирген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) кылмыш ишин тергеп бүтүп, Башкы прокуратура айыптоо актысын бекиткенден кийин иш райондук сотко жөнөтүлгөн. ИИМ ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан сот отурумдары жабык өтөт.

Адвокат Акынбек Ногоевдин сөзүнө караганда, бул ишке байланыштуу Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлган. Мурдагы үч чиновник эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.

Ал эми президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды. Алар камакта жатат.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Фейсбуктагы баракчасына пост жазып ал 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров соңку маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан.

Ташиев күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген.

“75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG