Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

Ташиевге козголгон иш. "75чилердин каты" менен байланыш барбы?

Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев. Коллаж.
Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев. Коллаж.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге бийликти күч менен басып алууга багытталган аракет жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу тууралуу айыптардын негизинде кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.

29-апрелде аны менен кошо мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу жана экс-депутат Курманкул Зулушев да сурак берген. Ташиевге коюлуп жаткан айып ошол күнү угузулган. Анын алдында атайын кызматтын экс-төрагасы соцтармактан билдирүү таратып, күнөөсү жоктугун жазган.

Камчыбек Ташиевге коюлуп жаткан айып өзүнө 29-апрелде сурактан кийин угузулду. Ага Кылмыш-жаза кодексинин «Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу менен бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө багытталган аракеттер» жана «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Ташиев менен кошо Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы депутат Курманкул Зулушев Ички иштер министрлигинде сурак берди.

Тергөөчү Ташиевдин бөгөт чарасын токтом аркылуу аныктап, эч жакка кетпөө тилкатынын негизинде бошотконун адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди:

Икрамидин Айткулов
Икрамидин Айткулов

“Эч жакка кетпөө тилкаты менен деп тергөөчү өзү токтом чыгарды. Ал жерде үчөө эле эмес, ондой киши бар. Алардын баары 75 кишинин каты боюнча айыпталып жаткандар. Баары бир иште камтылган. Жакында билинет. Анткени тергөө дээрлик бүттү. Эми иштин кагаздарын тиркеп бүтүп, тааныштырат. Ошондо баары билинет”.

Адвокат коюлган айып боюнча Ташиевдин реакциясын айтуудан карманды. Аны менен кошо сурак берген Тургунбек уулу жана Зулушевге кандай бөгөт чара тандалганы белгисиз жана алардын иш боюнча пикирин билүүгө мүмкүн болгон жок.

Ички иштер министрлиги козголгон кылмыш иши тууралуу дагы эле билдирүү жасай элек.

Мурдагы үч аткаминер 28-апрелде да сурак бергени айтылган. Эртеси күнү Ташиев өзүнө козголгон кылмыш иши тууралуу үн катып, ак экенин соцтармакка жазган:

“Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана Аллахым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам. Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат. Себеби мамлекетибизде акыйкат сот системасын түзүүгө мамлекет башчыбыздын аракеттери көрүлгөн”.

9-февралда саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ бийликке кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Мындан көп өтпөй Ташиев кызматтан алынган жана Ички иштер министрлиги кайрылуу боюнча кылмыш ишин козгогон.

27-апрелде президент Садыр Жапаров “75чилердин катына” Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө жана сот аныктай турганын билдирген.

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев буларга токтолду:

Алмазбек Акматалиев
Алмазбек Акматалиев

“Президенттин “Кактус медиага” курган маегинде “ошол кат даярдалып, жолдонуп, Жогорку Кеңешке кандай жол менен, ким аркылуу кирип, кол коюлганы боюнча толук маалыматым бар” дегенине көңүл буруу керек. Себеби ал жерде далилдер, сүйлөшүүлөр, жолугушуулар боюнча маалымат бар деп ойлойм. Конституцияны бузуу менен бийликти күч менен басып алуу боюнча президент далилдерди тапканы үчүн ошентип айтып жатабы дейм. Менин жеке пикиримде, "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча берене катуураак болуп кетиши мүмкүн. Анткени Ташиевдин кол алдындагы кызматкерлеринин кылмыштары билинип, көп фактылар далилденип да калды окшойт. Өзү УКМКны башкарып турганда неге токтоткон эмес, мүмкүн өзүнүн да катышуусу бар деген фактылар чыгып калса бул берене катуу болуп кетеби деп ойлойм".

Ташиев кызматтан алынган соң Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган он депутат мандатын тапшырган. Алардын ичинен Ташиевдин бир тууганы Шаирбек Ташиев, Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабындагы иштерге байланыштуу Кундузбек Сулайманов жана жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деген айып менен Куванычбек Конгантиев кармалды.

Салык кызматы “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык схемалар тууралуу иликтөө жарыялап, ага Ташиев жана анын жакындарын айыптаган. Учурунда атайын кызматка мүлкүн мыйзамсыз тарттырып ийгенин айткан ишкерлер чыга баштады.

Ташиевдин тегерегиндеги окуялардын өнүгүшүндө саясий мотив чоң экенин айткандар бар.

Журналист Адил Турдукулов буга президенттик шайлоонун таасири болушу мүмкүн деген пикирде:

“Азыркы учурда ачык саясий аренада Садыр Жапаровго атаандаш болчу эч ким жок. Жападан жалгыз Ташиев калды окшойт. Ошондуктан аны саясаттан четтетүү жана анын тарапташтарын тизгиндөө аракети десек болот. Башында мен маалыматтык чабуул менен токтосо керек деп ойлогом. Бийлик азыр катаал чараларга барып жатат. Баса белгилеп айта кетейин, бул иштин жагдайы боюнча толук маалымат берилген жок. Төңкөрүшкө кандай аракет болгону бүдөмүк. Ошондуктан сот процесси ачык болуп, коомчулукка төңкөрүш аракети боюнча ийне-жибине чейин толук маалымат берилсе жакшы болмок”.

Атайын кызматты Ташиев жетектеп турган учурда мүлкүн тарттырып ийген жана мыйзамсыз аракеттерге кабылдым деген ишкерлердин арызын Башкы прокуратура териштирип жатат.

Социалдык тармактарда “75чилердин катына” байланыштуу айыптоо актысы экени айтылган документ тарады. Анда Жогорку Кеңешке түшкөн кайрылуунун кантип даярдалганы жана ага кол койгондор менен алдын ала жолугушуулар өткөнү тууралуу жазылган. Бул билдирүү даярдалгандан тарта парламентке түшкөнү так пландалып, бул процесс биргелешип жасалганы белгиленген.

Документтин чын-төгүнү тууралуу ИИМ да, тийиштүү тараптар да үн ката элек.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

Ички иштер министрлиги бул кайрылууга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, анда аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген.

Акыркы саясий окуялардын фонунда Кундузбек Сулайманов, Элдар Сулайманов, Куванычбек Конгантиев, Шаирбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Азыгалиев, Гүлсүнкан Жунушалиева, Абдылдабек Эгембердиев өздөрү жазган арыз менен депутаттык мандатынан ажыратылды.

Алардын ичинен “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык ишке байланыштуу Камчыбек Ташиевдин иниси, экс-депутат Шаирбек Ташиев, Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабындагы иштерге байланыштуу Кундузбек Сулайманов жана жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деген айып менен Куванычбек Конгантиев кармалды.

“75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган.

  • 16x9 Image

    Түмөнбай Абдинаби уулу

    Түмөнбай Абдинаби уулу "Азаттыктын" кабарчысы. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. 

Шерине

XS
SM
MD
LG