Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:27

Сурабалдиеванын Ташиев тууралуу маеги, президенттин пикири

Камчыбек Ташиев жана Элвира Сурабалдиева. "Азаттыктын" коллажы. Ташиевдин сүрөтү ал УКМКны жетектеп турган кезде тартылган.
Камчыбек Ташиев жана Элвира Сурабалдиева. "Азаттыктын" коллажы. Ташиевдин сүрөтү ал УКМКны жетектеп турган кезде тартылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиеванын УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев тууралуу айтканы талкууга түштү. Ал маегинде Ташиев "мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга даярдык көргөн" деп билдирген. Бул боюнча президент Садыр Жапаров да пикирин айтты.

Депутаттын маеги жана күнөөсүздүк презумпциясы

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиеванын талкуу жараткан маеги 24-апрелде казакстандык “Убакыт көрсөтөт” YouTube каналына жарыяланган. Анда ал Кыргызстандагы саясий кырдаал тууралуу айтып, Камчыбек Ташиевдин отставкасын мамлекеттик төңкөрүш аракети менен байланыштырган:

Элвира Сурабалдиева
Элвира Сурабалдиева

"Мамлекеттик төңкөрүш даярдап жатышкан. Президентти кызматтан алабыз деп... Досун... Президент айкөл киши экен. Эркек киши катары, досум деп эл алдында кейигенин, капа болгонун ачыкка чыгара албай жатат. Бирок ал кишиге аябай кыйын, өмүрлүк досу аны кызматтан кетирем деп аракет кылып... Ошол кадамдары үчүн Ташиевди жумуштан алганы негизги себеп.

- Демек, президентти кызматтан кетирип, тактыга өзүм келем дегени го

- Аны баары билет да. Парламенттин 90 депутаты билет".

Депутаттын бул маеги интернеттин кыргыз сегментинде талкууга түштү.

"УКМК тарабынан көп тоскоолдук болду". Сурабалдиеванын маеги
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:18 0:00

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев билдирүү боюнча териштире турган жагдайлар бар дейт.

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

“Элвира Сурабалдиева адамдарга расмий күнөө коюп жатпайбы. Ырас айыптаса, муну тиешелүү органдар текшерип, чын болсо жоопко тартыш керек. Калп болсо, ал калп деп айтыш керек. Себеби ал оор кылмыш боюнча күнөө коюп жатат. Балким, ал киши билгенди биз билбейбиз. Менин пикиримде, ал жерде төңкөрүштүн белгилери болгону менен өзү болгон эмес. Жазылган катта күнөө жок, аксакалдарды эмнеге күнөөлөп жатат, түшүнбөйм. Ал жерде пикир гана бар, туура эмес же “кыйшык” болушу мүмкүн. Бирок ал пикир эле”.

Буга чейин Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевдин саясий окуяга “ийгиликсиз мамлекеттик төңкөрүш” деп аныктама бергени коомчулукта кызуу талкууга түшкөн.

Кийин ал мындай билдирүүсү коомчулукта туура эмес кабыл алынып жатканын жана ал жалпыланган мааниде айтылганын тактаган.

Социалдык тармактарда Сурабалдиеванын маеги кызуу талкууга түшүп, ага юрист Канат Хасанов да кошулган.

Канат Хасанов
Канат Хасанов

"Саясий социологияда мындай конфигурация бийликтин тең салмагын өзгөртүүгө багытталган сценарийлердин баштапкы баскычы катары каралат. Мен бул жерде мамлекеттик төңкөрүш болду деп түздөн-түз айтпайм. Бирок тышкы байкоочу жана талдоочу катары белгилей кетем - бул процесстердин түзүмү кадимки саясий атаандаштыкка караганда көбүрөөк төңкөрүштүн белгилерине окшош. Башкача айтканда, бул ишке ашпай калган же эрте баскычта токтотулган сценарий болушу мүмкүн. Бул жагдай өзгөчө маанилүү. Анткени Кыргызстан буга чейин мындай процесстер кандай башталарын жакшы билет: алгач билдирүүлөр, андан кийин кайрылуулар, андан соң биригүүлөр жана басым, акырында чоң саясий кризис. Ушундай шартта Элвира Сурабалдиеванын билдирүүсүн эмоция катары эмес, болуп жаткан жараяндарга берилген саясий баа катары кароо туура".

Ошол эле кезде Ташиевге расмий айып коюла электе аны күнөөлөө эрте экенин белгилегендер бар.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова буларга токтолду:

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

“Бул өзгөчө кызмат адамдары үчүн сактала турган принцип. Бирок көп учурда сакталбай келет. Буга чейин деле бир топ кызмат адамдары, анын ичинде Камчыбек Ташиев да эч нерсе боло электе, айыбы угузула электе айыптап жүргөн. Президент Конституцияда көрсөтүлгөндөй эле айтты. Тергелип жатат, айыбы болсо жазаланат деди. Элвира айым депутат катары ишенимдүү айтканга негизи бар болсо, бул маселени Жогорку Кеңеште көтөрүшү керек. Жогорку Кеңештин ичинде күбүр-шыбыр айтылып жатса керек. Ошол үчүн айтсамбы-айтпасамбы деп тайсалдап жатып айтты. Бирок айтып алды, Сурабалдиевага карата маселем жок. Бирок бул жерде эч кандай оюнду байкаган жокмун. Болгону күнөөсүздүк презумпциясын кармануу керек”.

Президент Жапаров: Ташиевдин тиешесин тергөө аныктайт

Ал тапта президент Садыр Жапаров соңку маегинде Ташиев маселеси боюнча үн катты. Kaktus.media порталына маегинде президент УКМКнын мурдагы төрагасынын соңку аракеттерине байланышын тергөө аныктарын билдирди.

Президент Садыр Жапаров
Президент Садыр Жапаров

“Анын тиешеси бар же жок экенин тергөө жана сот аныктайт. Ушул тапта тергөө уланууда. Тергөө бүткөндөн кийин сотко жөнөтүлөт. Акыркы чечимди - ким күнөөлүү, ким күнөөлүү эмес, сот чечим кабыл алат”.

Жапаров “75чилердин каты” жана анын айланасындагы окуялар тууралуу кабардар болгонун жана кырдаалды көзөмөлдөп жатканын билдирди.

"Погонду көрсөтүп жатышты"

Депутат Элвира Сурабалдиева соңку маегинен кийинки реакциялар боюнча “Азаттыкка” мындай комментарий берди.

“Бул болуп жаткан нерселер боюнча менин расмий ой-пикирим. Ой-пикир дегенде саясатта аралашып жүргөн киши катары биз деле жөндөн-жөн жыйынтык чыгарбайбыз. Шайлоого бара турган кишилерден “эмне үчүн талапкер болбодуңар” деп сурасам, унчукпай эле погонду көрсөтүп коюп жатышты. УКМК тараптан жетекчисине ыңгайсыз болгон адамдарды четтеткенден башка да көп тоскоолдуктар болду. Өзүңө ыңгайлуу адамдарды парламентке алып келсең, бир убакыт келгенде мени колдоп бергиле десең, бул кандай болуп калат? Мамлекеттик төңкөрүшпү? Айрым талдоочулардын импичмент мыйзамдуу жол экени боюнча жазгандарын окуп калдым. Импичмент – мыйзамдуу жол менен, эл арасынан эркин тандалган, атаандаштыкты жеңип келгендердин маселеси”, - деди ал.

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 10-февралда кызматтан алынган. Бул чечим “75 кишинин каты” деп аталган кайрылуудан кийин кабыл алынганы айтылып келет. Анда коомдук, саясий ишмерлер президенттик шайлоону быйыл өткөрүүнү президентке сунуш кылган.

Бул кайрылуу боюнча Ички иштер министрлиги “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, беш кишини камакка алган.

Мандатын тапшырган он депутаттын ичинен “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык ишке байланыштуу Камчыбек Ташиевдин иниси, экс-депутат Шаирбек Ташиев, Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабындагы иштерге байланыштуу Кундузбек Сулайманов жана жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деген айып менен Куванычбек Конгантиев кармалды.

Кызматтан алынганын Германияда дарыланып жүрүп укканын айткан Ташиев президенттин мындай чечими күтүүсүз болгонун билдирген. Ал бир гана жолу комментарий берип, өзүнө каралоо жүрүп жатканын айткан. Андан башка үн ката элек.

10-февралдан кийин Ташиев жетектеген УКМКнын айрым кызматкерлеринин мыйзам бузуулары боюнча даттануулар көбөйүп, аны Башкы прокуратура иликтеп жатат.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG