Президент Садыр Жапаров Ош аймагына башталган сапарынын биринчи күнү, 10-апрелде Ош шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Калаадагы Ош улуттук драма театрынын имаратында уюштурулган иш-чарага жүздөгөн киши келип катышты.
500 кишилик залда эл жык толуп, президентке кайрылгысы келгендер суроолорун кезектешип берип жатышты.
"Азаттыктын" кабарчылары жеринен маалымдагандай, жолугушууга айрым журналисттер киргизилген жок.
Кире албай калганын айткан кээ бир тургундар да театрдын алдына чогулуп, нааразылыгын билдирип жатышты. Айрымдары ыйлап, президентке жолуга албай калабызбы деп кабатыр болушту.
Бирок акыры аларга залга кирүүгө мүмкүнчүлүк берилгени белгилүү болду.
Оштун тургуну Гүлжан Алдакулова мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаевдин эл оозунда “снос” деген атка калган өнөктүгү учурунда үйүнөн айрылганын “Азаттыкка” айтып берген:
"Үйүбүздү арзан баалап, калганын төлөгөнгө эч шартыбыз жок. "Энесайдан" үй берген. Аймактык милиция бир апта мурда паспортубузду алып, жолугушууга катыша тургандардын тизмесине киргенбиз. Анан чийип салганбы, азыр киргизбей койду. Ошол маселени айталы десек президентке киргизбей жатат. Карапайым элдин көйгөйүн чечпей, баягы эле байлар, колунда барларды киргизет".
Ошол учурда залда жолугушуу, суроо-жооп башталып калган.
Тургундардын бири "Сыртта турдук кире албай, бирок мүмкүнчүлүк болду" дегенде президент ага кайрылып "Неге кире албай жаттыңыз, киргизбей жаттыбы? Барбы дагы сыртта кире албай тургандар?" деп сурады. Андан соң күзөт кызматына кайрылып, сырттагылардын баарын киргизүүнү талап кылды.
Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу жалпы үч сааттай созулду. Жапаров көтөрүлгөн маселелер боюнча зарыл түшүндүрмөлөрдү берип, аларды чечүүнүн жолдорун айтканы, эл менен түз диалог жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилегени маалымдалды.
Жолугушуу ачык суроо-жооп форматында өтүп, жарандар президентке социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык актуалдуу маселелер боюнча түздөн-түз кайрылууга мүмкүнчүлүк алышканы белгиленди.
"Жолугушуунун жүрүшүндө тургундардын жеке маселелеринен тартып коом үчүн маанилүү болгон ар түрдүү кайрылуулары айтылды. Негизинен алар жер тилкелерине болгон укуктарга, анын ичинде үлүш жерлер боюнча талаштарга, ошондой эле шаарды көрктөндүрүү иштеринин алкагында турак үйлөрдү бузууга байланышкан жагдайлар боюнча болду. Жарандар муниципалдык органдардын аракеттерине укуктук баа берүүнү, кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун камсыз кылууну жана компенсация төлөө маселесин кароону өтүнүштү", - деп билдирди мамлекет башчынын маалымат кызматы.
Жолугушууда айтылган өтө курч маселелердин бири мурдагы мэрдин тушунда үйүнөн, жеринен айрылгандардын көйгөйү болду.
Жапаров өзү да Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди, имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.
Токторбаевдин бир катар жакшы иштери да бар экенин айткан мамлекет башчы, бирок, "снос" өнөктүгүнө байланыштуу мүчүлүштүктөрү соңку бир айда аныкталып жатканын кошумчалады:
"Азыркы учурга чейин 700дөй үйдүн маселесин Жанар мырза (Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев - ред.) айтып жатат. Анын баарын ордуна келтиребиз. Ал эми бийликтин кемчилиги. Менин да кемчилигим десем болот. Ишенип мэр кылып койсом ушундай туура эмес иштерди жасаптыр”, - деди Садыр Жапаров.
Оштун мэри катары Токторбаев жол жээгиндеги жана корголгон аймактардагы “кызыл сызыкка” чыгып кетти деген имараттарды жапырт буздурган “снос” деген өнөктүгү менен элдин эсинде калды. Жапаров былтыр август айында анын ишин мактап, жеке өзүнүн атынан унаа белек кылган эле.
Экс-мэр өзү мыйзам бузууга барбаганын билдирген.
Анын тушунда Ош мэриясынын карызы 12 млрд сомго жеткени жана эки муниципалдык ишкана банктарга күрөөгө коюлуп, 2 млрд сом насыя алынганы тууралуу маалымат чыкканда ал "Азаттыкка" курган маегинде карыз тууралуу маалыматты четке кагып, куру доомат деп атаган.
“Ош шаары боюнча 100 чакырымга чукул асфальт төшөдүк. Анын ичинен 70 чакырымын өзүбүздүн жергиликтүү бюджеттен каржыладык. Азыр коомчулукта айтып жатпайбы “12 млрд сом карыз болуп калды шаар” деп. Капиталдык курулуш башкармалыгы подрядчыларга 750 млн, Жол башкармалыгы 1 млрд 500 млн сом тегерегинде акча карызбыз. Жалпы карызды айта турган болсок, 2 млрд 300 млн сомдун тегерегинде”, - деген Жеңишбек Токторбаев.
Ош шаарын ал 2025-жылдын январь айынан быйылкы жылдын февралына чейин башкарды. Мэрликтен февраль айында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кызматынан кол жуугандан сегиз күн өтпөй бошотулгон.
Жапаров Ош облусун дээрлик беш күн кыдырары маалымдалды. Айрымдар анын бул сапарын шайлоо өнөктүгүнө алгачкы даярдык катары да сыпаттап жатышат.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев белгилегендей:
"Бир облуста беш күн жүрүп, ар бир районго барган учур президенттик шайлоо маалында болгон. Андан бери мындай көрүнүш боло элек. Ошондуктан ар бир районго барып, убадаларды берип, «мындан ары таза иштейбиз, биз билбей калыппыз, ката кетириппиз» деп жатышат. Бул — шайлоонун башталышы".
Мындай ойго "Интербилим" коомдук уюмунун мүчөсү, укук коргоочу Гүлгакы Мамасалиева да кошулат. Ал да Оштогу жолугушууга катышып, айрым көйгөйлүү маселелерди Жапаровдун өзүнө айтууга мүмкүнчүлүк алган.
Мамасалиева президент элдин маанайын билүү, проблемаларын угуу менен катар ошого жараша өзүнүн платформасын оңдоп-түздөө максатын да көздөгөн чыгар деп эсептейт:
"Өзү жолугушуу чакан отчет сыяктуу болду. Башында тасма көрсөтүлүп, мурунку убактан азыркыга чейин мамлекет канчалык деңгээлде өзгөрдү, өстү дегенден башталды, анан президент мамлекеттин саясаты 2030-жылга чейин дүйнөдөгү күчтүү, алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошулуу экенин айтты. Анан суроо-жоопко өттү. Биринчи жолу президенттикке аттанганда да ушинтип аймактарды кыдырган. Ошондон бери эл менен ушундай форматта жолуккан эмес да. Ташиев келип, Акылбек Жапаров келип жолугушуп жүрдү. Президент сырттагы маселелерди чечип жүрдү го. Эми шайлоо алдында элди өзүнө жакындатып, өзүнүн оюн, көз-карашын, колдоосун өз оозу менен айтайын деди го. Ортомчусуз, бетме-бет отуруп. Айтылган көйгөйлөрдүн көбү бийликтеги чиновниктердин иши жүрбөй калып жатканына далил болду. Бирок, мага жакканы – Ташиевге окшоп бир да чиновникти урушпады, агрессия көрсөтпөдү".
Саясат талдоочу Эмил Жороев белгилегендей, президенттин өлкөдөгү экинчи чоң шаарга барып, эл менен кенен жолугуп, түз суроолорго жооп берип сүйлөшкөнү туура кадам:
"Бул сапар буга чейинки мэрдин жасап кеткен иштерине байланыштуу талаш-талкуу болуп жаткан учурга туш келди. Ошондой эле бул президенттин мурдагы досунан ажырап кеткен убакыттан кийин болуп жатат. Ташиевди да, Токторбаевди да жактагандар бар. Мэр катары жакшы иш жасады дегендер да көп. Бирок мыйзамдан аша чапкан иштери да болгон. Ошол иштер боюнча президенттин өз оозунан эл укканы, анын иши туура эмес болгондугун жана мындан ары ал катачылыктарды мамлекет мойнуна алып, оңдой турганын айтканы өтө жакшы болду. Алдыда президент кандай иш жасабасын, шайлоого тиешелүүбү деген ой да келет. Бирок президенттин эл менен жолугуп, суроолорго түз жооп бергени туура нерсе".
Жапаров иш сапары менен Ош облусуна 10-апрелде барды. Анын басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун билдиришинче, сапардын алкагында президент бир катар өнөр жай жана социалдык объектилердин иши, инфратүзүмдүк долбоорлордун, анын ичинде билим берүү жана медициналык мекемелердин курулушунун, жол тармагын өнүктүрүүнүн, ошондой эле аймакты көрктөндүрүүнүн жүрүшү менен таанышат.
Мамлекет башчынын облустагы сапары 15-апрелге чейин уланат. Бул убакытта Ош облусунун Араван, Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн, Алай, Чоң-Алай жана Кара-Кулжа райондоруна барып, айрым имараттардын курулушу менен таанышып, кээ бирлеринин ачылышына катышары пландалган.
Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылы январда өтөт. Ал шайлоого азыркы башчы Садыр Жапаров да талапкер катары катыша алат деген бүтүмүн өлкөнүн Конституциялык соту быйыл 17-февралда чыгарган. Бул соттук мекемеге шайлоонун мөөнөтүн тактап берүү сунуштамасы менен Жапаров кайрылган. Ошол учурда өлкөдө «75 кишинин каты» деген маалымат чыгып, талкуу жаратып жаткан. Кийин ал каттын максаты президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү экени белгилүү болгон.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийин курган маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
Ташиевден кийин бир топ депутаттар, чиновниктер иштен алынды, айрымдарына жемкорлук боюнча айып тагылды. Атайын кызматтын мурдагы төрагасы өзү аны негизсиз каралоо жүрүп жатканын айтты.
Курулуш министри Нурдан Орунтаев быйыл 14-мартта Ош шаарында ишкерлер менен жолугушуу учурунда мэрия тиешелүү буйруктарды аткарбаганын, иштин баарын параллелдүү долбоорлоо менен кура бергенин ачыктаган.
Эми ишкерлерге төлөнүп берилүүчү каражат республикалык казынадан жана президенттин турукташтыруу фондунан бөлүнөрү белгилүү болгон.
17-мартта Орунтаев мэриядан каражатын ала албай жатканын айткан ишкерлер менен жолугуп, өкмөт буга чейин курулушка кеткен чыгымдарды төлөп берерин убада кылган. Ал мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаев калаадагы 30дан ашык долбоорду ишке ашырууда мыйзамды сактабаганын айткан.
Токторбаевди чек арадан сыртка чыгарбоо тууралуу Чек ара кызматына көрсөтмө түшкөнүн ушул айдын башында айрым басылмалар жазган. Мамлекеттик чек ара кызматы маалымат жашыруун экенин жүйө кылып, комментарий берүүдөн баш тарткан. Мунун алдында Токторбаев ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка чакырылганы белгилүү болгон, бирок бул маалымат да расмий тастыкталган эмес.
Ошту соңку бир жыл башкарган Токторбаев коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын досу экени айтылып жүрөт. Ташиев кызматтан кеткенден кийин ал да мэрликтен алынып, Ошту башкарып турган кездеги ишмердүүлүгүнө байланыштуу сын айтыла баштаган.
Шерине