- Жеңишбек мырза, сиздин кызматтан кетишиңизге бийлик кандай түшүндүрмө берди?
- Мени урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич, урматтуу генерал Камчыбек Кыдыршаевич ишеним көрсөтүп, Ош шаарына мэр кылып жиберди. Бир жыл, эки айга төрт күн жетпей калды. Ошол бир жыл, эки айдын ичинде бизге жүктөлгөн тапшырманы 100% аткардык. Кыргызстандыктардын алдында, Ош шаарынын элинин алдында, жүзүбүз жарык. Ден соолукту карайын деп өз каалоом менен арыз жазып, кызматтан кеттим”.
- Социалдык тармактарда шаар 12 млрд сомдук карыз болгону айтылып жатат. Дооматтар ушунун тегерегинде болууда. Чынында эле сиздин досуңуз Ташиевдин калкалоосу менен миллиардаган каражаттарды бөлдүрүп, жыйынтык көрсөтүү аракети болду беле?
- Жок, бардыгы куру доомат, калп! А мен коомчулукка айтып эле келгем, дагы эле айтам. Камчыбек Кыдыршаевич менен тууганым, классташым, айылдашым болот. Ал киши жөнүндө эч кандай жаман сөз айта албайм. Ошону менен бирге президент Садыр Нургожоевич менен мамилем жакшы. Ал кишини деле көптөн бери тааныйм. Ош шаары боюнча 100 чакырымга чукул асфальт төшөдүк. Анын ичинен 70 чакырымын өзүбүздүн жергиликтүү бюджеттен каржыладык. Азыр коомчулукта айтып жатпайбы “12 млрд сом карыз болуп калды шаар” деп. Капиталдык курулуш башкармалыгы подрядчиктерге 750 млн, Жолдор башкармалыгы 1 млрд 500 млн сом тегерегинде акча карызбыз. Жалпы карызды айта турган болсок, 2 млрд 300 млн сомдун тегерегинде.
- Сиз иштеп турган учурда ишкерлерге менчиктин кол тийбестигине шек туудурган жагдайлар болду деп эсептейсизби? Инвестиция кандай себеп менен кыскарып кетти?
- Биз шаарды аралап өткөн каналдардын баарынын жээктерин тазалап, мыйзамсыз чыгып жаткан курулуштардын баарын буздук. Андан сырткары, көбүрөөк "снос" иштери Алишер Навои көчөсүндө болду. Ал жерде дагы кээде 87–90% чейин мыйзамсыз курулуштарды алдык. Бир дагы бирөөнүн жеке менчигине барып, мыйзамсыз "снос" болгон жок. Инвестиция да кыскарган жок.
- Сиздин учуруңузда салынып жаткан курулуштарда эки тараптуу келишимдер бар беле? Мисалы, медициналык борборду оңдоп-түзөөдө, мэриянын имаратын оңдоодо келишимдер жок экени айтылды. Мэриянын имаратына келе турган болсок, сиз кеткенден кийин ал жерде иштеп жаткан усталардын бири дагы калбаганы айтылып жатат. Эмне себеп менен кетип калышты?
- Мэриянын имараты боюнча кээ бир журналисттер айтып чыгышты, "ошол керек беле" деген сөздөр айтылды. Мэриянын имараты абдан эскилиги жеткен. 1973-жылы курулуп салынган, 55 жыл болуптур. Чатырларынан суу кирип, суу түтүктөрү, канализация, жылытуу системасы абдан эскирген болчу. Бирок аны оңдоп-түзөбөй коюуга болбойт эле. Анткени бул биздин муниципалдык имарат. Ошонун негизинде биз толук оңдоого бел байлаганбыз. Чатыры, сырты, ичи — баарына 600 млн сом тегерегиндеги каражат кетсе керек эле. Мен сизге келишимдерди жиберейин.
Ал эми поликлиниканын курулушу боюнча каражат жетиштүү бөлүнбөй калды. Эми анын калганын азыркы жаңы келген мэрибиз Жанар Кубанычович (Жанарбек Акаев) толук бойдон бүтүрөт деген ойдомун. Убакыт жетишпей калды, мен кызматтан кетип калдым”.
- Сиздин дарегиңизге айтылып жаткан дагы бир сын-пикирлерге токтолсок. Оштогу долбоорлорду ишке ашырууда Жалал-Абадда жана башка жактагы кыш заводдордун курулуш материалдарын алуу менен “өз көмөчүнө күл тартты” деген да маалыматтар чыгып жатат. Сизди көпчүлүк ишкер катары дагы айтып жүрөт.
- Менин кыш заводум жок, бетон заводум жок, эч нерсем жок. Ошол кышты кыш заводдордон, бетондорду бетон заводдорунан алып жатабыз.
- Жеңиш мырза, сиз иштеп турган учурда Эне-Сай конушу түптөлгөн. 17 гектар суулуу жер трансформация болду беле?
- Ал жер трансформация болбой туруп башталган. Биз арыз жазып, уруксат алып, өкмөттүн тескемеси чыккан. Курулуш министрлигинен да уруксат алганбыз. Анткени бизде убакыт жок болчу, батыраак ошол жерге үйлөрдү куруп, үйү бузулган бүлөлөрдү ошол жакка көчүрүш керек болчу.
- Манас шаарында сизге тиешелүү делген “Дастан” жана “Дастан Гранд” мейманканалары жабылгандыгы тууралуу маалыматтарды дагы угуп калдык. Ал жердин курулушунда же документ иштеринде кандай мандем бар? Ошол ишканалар боюнча эмне айта аласыз?
- Мен 58ге чыктым. Буга чейин бир күн дагы мамлекеттик кызматта иштеген эмесмин. Туура, менин “Дастан”, “Дастан Гранд” деген мейманканаларым бар. Ал ишканалар толук бойдон иштеп жатат. Мамлекет тарабынан эч кандай тоскоолдуктар болгон жок. Мыйзамсыз курулуш деген куру доомат, жалган, калп”.
- Сиздин жогоруда айткан тууганыңыз, досуңуз Камчыбек Ташиевдин отставкасы боюнча көз карашыңыз кандай? Ал башкарып турган учурдагы УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери ашкере болуп жатат. Чынында эле аша чабуу болгонбу?
- Мен аны билбейм. Мен андай саясатка аралашпай эле коёюнчу. Мен өзүмдүн жумушум менен жүрөйүн. Биз жеке Камчыбек Кыдыршаевичтин же Садыр Нургожоевичтин кадры эмеспиз. Биз жалпы мамлекеттин кадрыбыз.
Шерине