Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:37

"Элдин үнүн угабыз". Жанар Акаев Ошко мэр болду

Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, кызматтан кеткен мэр Жеңишбек Токторбаев
Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, кызматтан кеткен мэр Жеңишбек Токторбаев

Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын мэри кылып Жанар Акаевди дайындады. Ага чейинки мэр Жеңишбек Токторбаевди өзү жазган арыздын негизинде деген жүйө менен иштен алды.

Акаев Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты болгон, соңку парламенттик шайлоодо Ош облусунан бир мандаттуу округдан шайланып келген жана "Ала-Тоо" депутаттык тобун жетектеп жаткан.

Жанар Акаевди мэрияда жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өзү тааныштырды. Өкмөттүн басма сөз кызматы буга байланыштуу учкай гана маалымат таратты.

"Касымалиев "мэриянын шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууда, жарандардын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдөгү негизги ролун белгиледи. Ошондой эле мэриянын түзүмдөрүнүн натыйжалуу жана ырааттуу иштешинин, мамлекеттик жана шаардык артыкчылыктуу программаларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн айтты. Жанар Акаевге жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады", - деп жазылган маалыматта.



Жанар Акаев андан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, бул кызматты президент Садыр Жапаров сунуштаганын, ага чоң жоопкерчилик артылганын сезип жатканын айтты. Ага "таза иште" деген талап коюлганын белгиледи.

"Ар бир мэрдин, ар бир жетекчинин өзүнүн иштөө ыкмасы бар. Мен шайлоодо Алай, Чоң-Алай, Кара-Сууда жакшы колдоо алгам. Бул дагы элдин ишеними. Бирок азыр бизди шайлаган адамдар бардыгы эле кубануу менен кабыл алып жатышат. Чынын айтканда мага чоң үмүт артып турушат. Анткени Жеңиш Токторбаевдин иштөө темпин билесиңер, андай болуп басуу анча-мынча адамга кыйыныраак. Кечээ өлкө жетекчилиги да айтты, жашыраак, энергиялуу, таза, буга чейинки баскан жолу таза, колу булганбаган болушу керек деген талаптарды койду. Ошон үчүн мен Ош шаарына келип отурам. Башында ойлондум, миңдеген добушту таштап кетеримди ойлондум. Бирок Ош шаары тарыхы терең байыркы шаар. Ош баарыбыздыкы, мени шайлагандар өкүнбөй тургандай иштешим керек. Мага азыр абдан чоң жоопкерчилик турат. Түндө деле чала-була уктадым, чынын айтайын. Өкүнбөй тургандай иштешим керек. Шаарда проблемалар жок эмес, жол тыгыны, инфраструктура, шаардын тазалыгы өңдүү миллион проблема бар. Ош шаары мага жат эмес. Буга чейин башталган ири долбоорлор бар. Шаардын карызы тууралуу дагы мага бир топ маалыматтарды беришти. Эми баарын убакыт көрсөтөт, мен азыр чынында мактана албайм. Мурда кандай план болсо ошол улантылат. Башталган иштерди токтотуп койбошубуз керек. Бузулган курулуштардын мыйзамдуулугун карап көрөбүз. Баарын чыркыратып киргенге жол бербейбиз. Биз элдин үнүн угабыз, эл менен иштешебиз".

Жанар Акаевдин мэр болуп дайындалышы коомчулукта талкуу жаратты. Аны колдогондор дагы, сындагандар дагы чыкты. Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев болсо буга байланыштуу санааркоосун Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

"Жанар Ошко мэр болду деп угуп бушайман болдум, мурда-кийин чарба иштерин башкарып көрбөсө, административдик жана каржылык иштерге аралашып жүрбөсө кандай болуп калат эми деп. Мурдагы мэр таянган тоосу бийик болгондон улам абдан эле өктөм иштеди, болбойт делген иштерди болтурам, толбойт делген жерлерди толтурам деди, өзү мыйзам, өзү сот болуп бузам деген жерин бузду, казам деген жерин казды... Албетте, аракети текке кеткен жок, далай ишти оңдоп-түзөп койду, шаарга жаңы түр берип бир далай радикалдуу өзгөрүүлөрдү жасай алды. Бирок, анын аракети менен жаралган чоң толкун эми кайра артка тебет да... орустар "откатная волна" дейт го... Ошого туруштук берүүгө Жанардын чама-чаркы жетеби, кайсы тоого таянат, кайсы күчкө ишенет деп бушайманмын. Жанарга саясатчы катары эмес, чабыты кенен журналист катары, инсан катары сыйым бар. Жаңы кызматында ийгилик каалайм, өзүнө аманчылык, ден соолук каалайм!", - деп жазды Каптагаев.

Жарандык активист Мирбек Маматкасымдын пикиринде, Жанар Акаев саясатчы катары бышып-жетилгенин көрсөттү.

Мирбек Маматкасым.
Мирбек Маматкасым.

"Биринчиден, биз уникалдуу жагдайды, уникалдуу мэрди, Жеңишбек Токторбаевди көрдүк. Ал кишинин тушунда биринчи жолу Ош шаарына ушундай суммадагы, мурда болуп көрбөгөндөй акча бөлүндү. Ошол акчаны жемиштүү колдонуп, шаардын көчөлөрүн кеңейтип, курулушту жандантып, шаардын болуп көрбөгөндөй өзгөрүшүнө өзүнүн эмгегин аябай, ошол акчаны өздөштүрүп, ишти уюштура алган Жеңишбек Токторбаев бир четинен уникалдуу мэр болду. Муну моюнга алабыз, аны сыйлайбыз, ага рахмат да айтышыбыз керек. Ошол эле кезде албетте бир топ жергиликтүү жарандардын, ишкерлердин нааразылыгын жараткан учурлар болду. Андайлар деле көп, аз эмес. Азыр эми Жанар Акаев чакан каражат менен иштеши керек. Албетте каражат аз бөлүнөт, буга чейинки мэрдикиндей жыйынтык көрсөтүү кыйын болушу мүмкүн. Азыр эми Жанар Акаев тууралуу соцтармактарда ар кандай нерселерди жазып жатышат, "парламентте отуруп алып эле сүйлөйт, чарбаны билбейт" дегендей пикирлер айтылып жатат. Мен ага кошулбайм. Мен аны менен бир ирет гана көрүшүп, бир сааттай маектешкенбиз. Жанар Акаев азыр бышкан саясатчы. Мэр деген саясий кызмат. Саясий кызмат болгондон кийин ал жерге саясатчы адам келиш керек. Келгенге жараша өлкө башчысы жүргүзгөн саясатты колдоп, аны уланта алган адам болууга тийиш. Жанар Акаевди жамаатка тааныштыргандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жаткан видеолорду көрдүм, суктандым. Ар бир сөзү салмактуу, ою ордунда. Бул кызмат анын колунан келет. Эми ал жалгыз иштебейт, вице-мэрлер болот, командасы болот".

Журналистикадан мэрликке чейинки жол

Жанар Акаев 40 жашта, кесиби журналист. Ал 2009-жылы Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. Эмгек жолун "Азаттык" радиосунда, 2008-жылы Оштогу кабарчысы болуудан баштаган жана "Ыңгайсыз суроолор" өңдүү телеберүүнү алып барып, бир катар саясий макалаларды жазган.

Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда, Акаев 2015-жылы февраль-август айларында анын басма сөз катчысы болгон. Ошол жылдагы парламенттик шайлоого бийликчил Социал-демократтар партиясынын тизмеси менен барган. Көп өтпөй эле ошол кездеги президент менен мамилеси келишпей калганы ачыкка чыккан.

Атамбаев Акаевди "балашка" деген каймана ат менен сындап келген. Акаев 2020-жылдагы парламенттик шайлоого оппозициячыл "Ата Мекен" партиясын жетектеп, бирок жетиштүү добуш алган эмес. Бул шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу калайман каршылык акциялар болуп, аягы бийлик алмашуу менен аяктаган. Жанар Акаев ошол митингдерде уюштуруучулардын бири болуп жүргөн.

2021-жылдагы шайлоодо Акаев өзү түптөгөн "Альянс" партиясы менен катышып, утуп келген. Жогорку Кеңеште пикирин ачык айткан, демократия жана сөз эркиндиги өңдүү маселелерди көтөргөн саналуу депутаттардын бири болгон. Былтыр парламенттин тарашын, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүшүн ачык колдогон.

"Интербилим" укук коргоо уюмунун Оштогу бөлүмүнүн жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева Оштун жаңы мэри көңүл бурушу керек деген айрым жагдайларга токтолду.

Гүлгаакы Мамасалиева.
Гүлгаакы Мамасалиева.

"Ош шаары, байыркы, эски шаарлардын бири. Ошондуктан, ким мэр болуп келбесин шаардын өзгөчөлүгүн сакташы керек, Ош шаарынын баалуулугу сакталууга тийиш. Мисалы, эски Ош базарынын бузулушу бизди аябай ойлондурду. Анткени, жолдор салынып, башка жактары оңдолгон сайын анын өзгөчөлүгү да бузулуп баратат. Өзүнүн тарыхый деген макамын жоготууда. Ошол себептен жаңы мэрге биздин суранычыбыз, өтүнүчүбүз Оштун өзгөчөлүгүн, тарыхый баалуулугун, мисалы Сулайман тоону, эски базар өңдүү жайлар сактаса болмок. Ошону менен бирге шаарда жашыл зона жетишсиз. Ош шаарында былтыр бак-дарактар көп кыйылды. Мыйзамсыз курулуштар деп бузулган жерлер менен кошо адам укуктары калыбына келип, кенемтелер толук жана адилеттүү төлөнүшү керек. Негизи эле шаарларды өнүктүрүү генпландын алкагында болууга тийиш. Канча жашыл зона керек, канчалык жол керек, суу маселеси, ошонун баары эсептелип чыгып, өнүгүү бир ыргакта жүрүшү керек. Ош шаарынын жашоочуларынын пикирин эске алуу менен жаңы планды кабыл алып, баарын камтыган урбанистика болсо жакшы болот эле".

Деген менен талдоочу Төлөгөн Келдибаев буга чейинки мэрдин тушунда жасалган бир катар иштер кайра оңдоого, калыбына келтирүүгө, нааразылардын маселесин чечүүгө муктаж экенин белгиледи.

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

"Токторбаев Ошко мэр болуп келгенден баштап, биртоп эми иштерди аткарды, жолдорду кеңейтти, шаарды көркүнө чыгарды, көчөлөрдү салып, кеңейтти, союздан калган генпланды калыбына келтирүүгө аракет кылды. Анын баары республикалык бюджеттен каржыланды. Токторбаев мэр болуп турганда шаардагы 40тай көчө оңдолду. Бирок анын кемчилиги - кайсы бир имараттарды, курулуштарды бузганда кенемте төлөп берүү, кайра калыбына келтирүү иштери жасалган жок. Анын баары соттун чечими жок курулду. Өзү архитектор, өзү прокурор, өзү сот аткаруучу, баары өзү болуп алган. Биз мыйзамдуу өлкөдө жашагандан кийин баары мыйзамдын алкагында болууга тийиш эле. Менден азыр күн сайын кеп-кеңеш сурагандар бар. Бизнесин, дүкөнүн кантип калыбына келтирсем болот, кантип кенемте алсам болот деген келишет. Алардын банкта насыялары бар, аны кантип төлөшөт? Бизнеси токтоп калгандан кийин ал адам эмне кылат? Мэр ушундай иштерди кыла берип элдин бийликке нааразылыгы күчөп кетти. Өкмөт башчы келип "бизнеске тийбегиле" деп кетти. Буга чейин алар кайда жүрдү эле?".

19-февралда Ош шаарынын үч вице-мэри тең өзү жазган арыздын негизинде деген жүйө менен кызматтан кетти. Алардын ордуна кимдер дайындалары, Жанар Акаев командасына кимдерди топтору, ишин эмнеден баштары азырынча белгисиз.

Шерине

XS
SM
MD
LG