Ош шаарында үйү сүрдүрүлүп, муниципалдык ипотекалык компаниянын үйүнө көчүрүлгөн 60тан ашуун үй-бүлө 24-мартта мэриянын алдына чогулуп, кенемте талап кылышты. Алар бузулган үйлөргө баалоо жүргүзүп, жаңы батирлердин суммасынан чыккан айырманы төлөө тууралуу буга чейин сөз болбогонун айтып жатышат.
Ипотекалык үйгө көчүрүлгөн 60тан ашуун үй-бүлө Жеңишбек Токторбаев мэр болуп турган учурда үйлөрдү башма-баш алмаштырып, эч кандай кошумча акча төлөө маселеси айтылбаганын билдирүүдө. Алардын бири Дилмурат Валиев кошумча каражат төлөөгө көчүп келгендердин чамасы жок экенин айтты.
"Баарыбыздын ашып-ташкан акчабыз жок да. Бизге документ, келишим берген жок. Мэрия биздин үйлөрдү мыйзамсыз бузуп, эми мыйзамдаштырабыз деп жатат. Бизге үйдү баалоо боюнча айткан эмес. Өзү негизи баалоо жүргүзүп, мыйзамдуу кылып сот аркылуу биздин үйлөрдү бузушу керек экен. Мурунку мэр кандай берген болсо башма-баш алмашууга макул болуп жатабыз" - дейт Валиев.
Ош шаарынын вице-мэри Шумкарбек Пайзиев жарандарга үйдү мыйзамдуу өткөрүп, документтерин берүү үчүн бул маселе Шаардык кеңештин сессиясына чыгарыларын белгиледи. Анын айтымында, Шаардык кеңеш бул маселени колдосо калганы экинчи этапта чечилет.
"Шаардык кеңештин жобосу боюнча Ош шаарында каттоодо турган, кезеги менен берилүүчү жарандарга ипотекалык шартта үй берилиши керек экен. Жобосуна сүрдүрүлгөн (снос), театрда иштегендерге берүү деген жок экен. Биз аларды чыккыла деп айткан жерибиз жок. Жашай беришсин. Биз Краснофлотскаядагы үйлөрдүн бир блогун үйү көчүрүлгөндөргө, театрда иштегендерге берүү боюнча Шаардык кеңештин кезектеги сессиясына сунуштайбыз. Шаардык кеңеш жобону карап берсе кийинки этапта кошумча акча берүү, башма-баш алмашуу деген маселелер ошондон кийин гана каралат", - деди вице-мэр.
Ош шаарына 2025-жылдын январында мэр болуп дайындалган Жеңишбек Токторбаев “кызыл сызыкка” чыгып кетти делген курулуштарды бузуу өнөктүгүн кызуу жүргүзүп, айрым учурда мунун мыйзамдуулугу дагы кызуу талкуу жараткан.
Нааразылык билдирген жарандар мэриядан кенемте да талап кылышкан.
Ош шаарында көчөлөрдү кеңейтүү үчүн бузулган турак жайлардын ээлери үчүн 520 тамдын курулушу 1-июлда башталган. Бул долбоор үчүн 54 гектарга жакын жер Кызыл-Кыштак айыл аймагынан бөлүнгөн. Үйлөрдүн курулушун кытайлык “Кунлун” компаниясы жүргүзөт.
Мэриянын айтымында, 1200дөй турак үй сүрдүрүлгөн. Алардын айрымдары толук көчүрүлсө, айрымдарынын жарымы, короосу, тосмосу көчүрүлгөн. (КЕ/NK)
Шерине