Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:19

“Ийгиликсиз төңкөрүш”: Элчи Текебаевдин талкууга кабылган кеби

Өмүрбек Текебаев жана Марлен Маматалиев. Берлин, 18-апрель, 2026-жыл.
Өмүрбек Текебаев жана Марлен Маматалиев. Берлин, 18-апрель, 2026-жыл.

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев өлкөдөгү соңку окуяларды "ийгиликсиз мамлекеттик төңкөрүш" деп атаганын коомчулук кызуу талкуулады. Элчи бул тууралуу Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиевдин Германиядагы сапары тууралуу Фейсбуктагы постунда жазган.

Социалдык тармактагы талкуудан соң Текебаев билдирүүсү бурмаланганын жазып чыкты. Февраль айында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынып, президенттик шайлоону быйыл өткөрүүнү сунуштаган 75 адамдын кайрылуусу боюнча кылмыш иши козголгон. Мындан соң өкмөт, парламент, жергиликтүү бийликте кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Элчи Өмүрбек Текебаев Фейсбукка жазган постунда Маматалиев да, өзү да 45 жашында парламенттин башына келгенин, бирок экөөнүн бул кызматка келүү жагдайы ар башка экенин белгилеген.

“Курагыбыз бир болгон менен, биз эки башка тарыхый доордо, эки башка саясий кырдаалда шайландык. Мен «удачный госперевороттон» кийин шайлансам, Марлен «неудачный госперевороттон» кийин шайланды. Заманыбыз ар башка. Шарттар ар башка. Бирок миссия – бир”, - деп жазды Текебаев.

Өмүрбек Текебаевдин бул посту соцтармактарда кызуу талкууланууда. Айрымдар азыркы кырдаалды «туура сыпаттады» деп кубатташса, кээ бир интернет колдонуучулар Текебаевдин «ийгиликсиз төңкөрүш» дегенин сындашты.

Мындан улам Текебаев теманы улай кайра пикир жазып, анда Кыргызстандагы соңку айлардагы окуяларды “ийгиликсиз мамлекеттик төңкөрүш” дегени коомчулукта туура эмес кабылданганын айтып чыкты.

Ал "ийгиликтүү мамлекеттик төңкөрүш" же "ийгиликсиз мамлекеттик төңкөрүш" деген туюндурмалар фактыны түз констатациялоо эмес, татаал саясий кырдаалды кыскача жана түшүнүктүү жеткирүүгө жардам берген тамашалуу, жалпыланган формула" экенин белгилеген. Элчи жазган постунда кайсы бир саясий окуяга же конкреттүү адамдарга укуктук баа берилбегенин, айып тагылбаганын кошумчалаган.

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев элчинин сөзүнүн коомдун пикирин же тергөөнүн жүрүшүн башка нукка буруучу күчү жок экенин белгилейт. Текебаевдин кийинки түшүндүрмөсү да ушундай ойду бекемдерин айтат.

“Ал эми Марлен Маматалиев дагы Өмүрбек Чиркешовичтин өзүндөй эле мамлекетте чоң бир окуялар болуп кеткенден соң спикер болуп шайланды деген ойду акцент кылам деген ой менен өзү айткандай ирония, салыштырма сыяктуу берген. Мен, мисалы, ошондой эле кабыл алдым. Ал киши кичине акцент кылып коёюн деген максат менен айтты болуш керек”.

Конституциялык соттун мурунку судьясы Клара Сооронкулова Жогорку Кеңештин төрагасын алмаштырган соңку окуяларда, өзгөчө “жетимиш бешчилердин катында” мамлекеттик төңкөрүш аракетин көрө албаганын, кандай формада сүйлөбөсүн абайлоо керектигин айтат.

“Мен укук таануучу, юрист болгондон кийин, андай аракеттерде эч кандай далил, эч нерсе жок болуп аткандан кийин, кантип “мамлекеттик төңкөрүш” деп айта аласың? Күнөөсүздүк презумпциясы бар, ал нерсе сакталышы керек да. “Жетимиш бештин” катынан эле “төңкөрүш” болуп кетет дегенден алысмын. Анткени, ал учурда мен дагы “шайлоо өткөрүп коюшса болот, жаңы конституциядан кийин шайлоо өтүш керек болчу” деп айтпадым беле. Анан кийин “мунун да жетимиш бешке тиешеси бар” деп мени да жабыштырып жүрүштү. Бирок ал жерде жөн эле пикир сурамай болду да. Ал жерде “мамлекеттик төңкөрүш” кылып жиберет деген ойдон алысмын. Эч кандай далил жок болуп, ал каттын маани-маңызында деле төңкөрүш тууралуу эч нерсе көргөн, уккан же тапкан жокмун. Юристтер кандай кылып баа берип, кантип квалификация кылып атышат, билбейм аны. Бирок ошондой оор кылмышка айыптагандан абайлаш керек”.

10-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев күтүүсүздөн кызматынан алынган. Анын артынан Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу да кызматтан кетип, депутаттык мандатын тапшырган.

Ташиевдин отставкасынан кийинки саясий жүрүштөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:55:04 0:00

Бул окуялардын алдынан аттуу-баштуу аксакалдардын президент менен парламент төрагасына жазган кайрылуусу чыккан болчу. “Жетимиш бешчилердин каты” деп аталган ал кайрылууда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү демилгеси айтылган.

“Жетимиш бешчилердин каты”... Спикер ачкан сыр
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:53 0:00

Бирок кийин кайрылууга кол койгон жана аны уюштурган деген негиз менен беш адам кармалып, камакка алынган. Жогорку Кеңештин ондон ашык депутаты мандаттарын тапшырган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG