Сооронкулова: Ташиев саясий куугунтук болгонун мойнуна алды
“Кемпир-Абад иши” деп аталып калган сот жараяны Кыргызстандын соңку тарыхындагы чуулгандуу саясий жараяндардын бири болуп калды. Жакында Бишкек шаардык соту бул иш боюнча айыпталгандарды актаган райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Ошентип таанымал саясатчы, журналист, активисттерден турган 21 киши 3,5 жыл дегенде акталды. Алардын бири Конституциялык соттун мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова сот өкүмүнө таасир эткен жагдайлар, саясий куугунтуктун кесепеттери, сөз эркиндиги, күч түзүмдөрүнүн реформасы, өлкөдөгү соңку саясий окуялардын мааниси тууралуу “Азаттыкка” маек курду.
Шерине