Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:41

"Атам 2000 сом үчүн эки жылга камалды". Сот реформасынын беш жылы

Коллаж. Ширинбек Абдурахманов президент Садыр Жапаровго Жалал-Абаддагы эл менен жолугушуусунда кайрылган.
Коллаж. Ширинбек Абдурахманов президент Садыр Жапаровго Жалал-Абаддагы эл менен жолугушуусунда кайрылган.

Президент Садыр Жапаровдун жолугушууларында эл эң көп укук коргоо жана сот органдарынын үстүнөн даттанууда. Токмоктук тургундун "атасы жол инспекторуна 2000 сом пара берген деген айып менен эки жылга абакка кесилгенин" айтканы сот жана прокуратура системасына болгон талкууну күчөттү.

Өткөн аптада президент Жапаров алдыдагы беш жылдык боюнча планын жарыялап, элдин бийликке ишеними сот адилеттүүлүгүнөн башталарын, ачык-айкындуулукка өзгөчө көңүл буруларын жана укук коргоо механизмдери түп-тамырынан бери жаңыланарын айткан. Буга чейинки беш жылдыкта сот системасы кандай өзгөрдү?

"ГАИ кызматкерине эки миң сом пара бердиң деп атамды эки жылга эркинен ажыратып салышты. Бир жыл сот өкүлдөрү ары-бери сүйрөп жүрүп, 28-майда сот залынан эки жылга камады. Алты айдан бери барбаган жерибиз калган жок", - деди Ширинбек Абдурахманов президент Садыр Жапаровдун Тогуз-Торонун тургундары менен жолугушуусу учурунда.

Ал мамлекет башчыга арыз-муңун айтуу үчүн атайын Токмоктон барганын, атасы Додарбек Абдурахманов алты айдан бери камакта отурганын айтты.

Ширинбек Абдурахманов, Токмок шаарынын тургуну. 26-октябрь, 2026-жыл.
Ширинбек Абдурахманов, Токмок шаарынын тургуну. 26-октябрь, 2026-жыл.

"Атам райондук соттон акталды. Кийин прокуратура облустук сотко жазды, ал жерде иш жети ай каралды. Ары-бери сүйрөп, эки жылга эркинен ажыратып койду. Жогорку сотко кайрылдым, ал жакта облустук соттун чечимин күчүндө калтырып койду. Арзыбаган эки миң сом үчүн атам алты айдан бери камакта".

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бул иш үчүн сотторду уяткарып, жазалоонун камоодон башка түрлөрүн колдонсо болорун айтты.

"Ири көлөмдө пара алды деген болсо бир жөн, эки миң сом берген үчүн деп бул уят да. Логикалык жактан ойлонуш керек эле да чечим чыгарарда, прокурорлор баш болуп аркасынан түшүп алып жатса. Биринчиден, акталдыбы, айып пул менен чыгарса болот да, эки миң сом пара берсе, 20 миң сом айып пул салып чыгарып койгула. Мына жаза ошол болот".

Бүгүн, 27-октябрда президент абактагы Додарбек Абдурахмановдун уулу Ширинбек Абдурахмановду кабыл алганы белгилүү болду.

Адвокат Асыл Тагаеванын айтымында, сөз болуп жаткан Додарбек Абдурахмановдун үй-бүлөсү Тажикстандан Кыргызстанга 2025-жылы эле көчүп келген. Ага жашы жете элек уулу документи жок скутер айдаганы үчүн айып пул салынган. Протокол түзүлүп, эки миң сомдук айып пулду төлөө учурунда кармалганы айтылууда. Жактоочу протокол кечигип, окуядан беш күндөн кийин гана түзүлгөнүн белгиледи. Бул иш боюнча райондук сот кылмыштын курамы жок деген негизде Абдурахмановду актаган.

"Эң негизги мыйзам бузуулар тууралуу айтсам, биринчиден, Жогорку соттон бир барагын да ачып койгон жок. Кассациялык арызга, эмне мыйзам бузуулар болуп жатканына көңүл бурулган эмес. Протокол эмнеге өз убагында түзүлгөн эмес, ГАИ кызматкерлери видеого тартып жатышат, бирок аны кылмыш ишине далил катары бербей жатат, ал дагы мыйзам бузуу. Видеого шилтеме кылып жатышат, бирок анда "акчаны чөнтөгүңө салып ал" деп айткан жок да. Анда эки миң сом айып пул төлөйсүң десе, "макул, төлөйүн" деп ошол жерден чөнтөгүнөн чыгарып берип жатат. Карапайым адамга "протокол түзүлүп жатат, сиз банкка барып төлөйсүз" деп түшүндүрүш керек эле да. Баары эле юрист эмес да, беш күндөн кийин протокол түзүлүп, камап салышкан. Жогорку сот ошонун баарын карайт да, биринчи инстанциядагы же облустук соттун чечимин күчүндө калтырат. Же кайра кароого жөнөтүүгө дагы укугу бар. Ошону объективдүү карабай жатпайбы. Канча жерге кайрылдык, журналисттерге дагы чыкканбыз. Жогорку сот адам тагдыры менен ойноп жатат да. Маселе чечилиши үчүн сөзсүз эле президентке кайрылыш керек болуп жатат. Куудулдар айткандай, тоок кармасаң камаласың, адам өлтүрсөң чыгасың деген даана ушул тууралуу болуп жатат".

Жогорку сот жактоочунун бул айткандары боюнча азырынча комментарий бере элек.

Жакында акыйкатчы Жамиля Жаманбаева парламентте 2025-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча баяндамасында кайрылуулардын басымдуу бөлүгү, 10 миңдей кайрылуунун 36%, сот органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болорун айткан. Кийинки орунда 21% менен укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу арыздангандар турат.

Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев Кыргызстанда сот бийлиги реформага муктаж экенин билдирген.

Медербек Алиев
Медербек Алиев

“Биз соттордун көбү адискөй эмес, сабатсыз жана коррупцияга батканын моюнга алышыбыз керек. Муну маалымат каражаттарына чыккан тергөө иштери, камакка алуулар көрсөтүп турат”, - деди ал.

Жогорку сот президент менен болгон жолугушууларда өз дарегине айтылган сындарга комментарий бере элек.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы Замирбек Базарбеков реформа тууралуу буларга токтолду:

Замирбек Базарбеков
Замирбек Базарбеков

"Соттук-укуктук реформаны жүргүзүү керек. Жалаң эле соттук реформа деп айтсак туура эмес, жаңылыш болуп калат. Соттук-укуктук реформа деген жалаң сотторго эле эмес, бүтүндөй укук коргоо органдарына, көзөмөл жүргүзгөн прокуратурага тийиштүү болот. Ошонун эле ичинде айыл өкмөтү, аткаруу бийлигине чейин реформа жүргүзүү керек. Ошондо сот адилеттүүлүгүнө, көз карандысыздыгына кандайдыр бир деңгээлде жетебиз деп ойлойм. Бирок сөз менен эмес, иш жүзүндө соттордун көз карандысыздыгын бериш керек. Мунун ичинде прокуратураны, тергөө органдарын, ошол эле УКМКны тартипке келтириш керек, мыйзамсыз иштерди сотко алып келбегиле деп. Бул адвокатурага дагы тийиштүү. Ал жакта да таза реформа жүргүзүү керек. Тыйынга кызыкпай, мыйзамдын талабын так аткарып, карапайым адам болобу, интеллигенция болобу, так, толук ынандырып түшүндүрүү зарыл. Кемчиликтерди моюнга алып, анан иштесек ийгиликке жетишебиз. Кыйынбыз дей берсек, кантип жетишебиз? Реформа кылууга убакыт жетти деп айтканга дагы болбойт, убакыт өтүп кетти".

Президент Садыр Жапаров 21-октябрда республикалык кеңешмеде Кыргызстанда сот адилеттиги боюнча маселе бар экенин, ал аймактарды кыдырып жүрүп элдин арасында ушул нерсени байкаганын, жарандарда адилеттик жок деген түшүнүк бар экенин белгилеген. Президент коррупцияга, кызыкчылыктардын кагылышына, кызматтык ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдаланууга жана соттук этиканы бузууга аёосуз чара көрүлөрүн эскерткен.

Президент 11-мартта депутаттарга жооп берип жатып, өлкөдө сотторго кийлигишүү жок экенин да айткан.

Соттордун көз карандысыздыгы, бул тармакты реформалоо маселеси дээрлик ар бир бийлик келгенде көтөрүлөт. Буга чейин президент өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулук жана мыйзамдуулук соттордун, укук коргоо кызматкерлеринин ишинен көз каранды экенин белгилеген жана сот тутуму татаал реформалардан өтүп, барган сайын өркүндөп жатканын айткан.

Ошондой эле сот тармагын реформалоодогу чечкиндүү кадамдардын бири катары судьялардын ротациясын атап келет. Анын башкы максаты бир жерде жылдап отурган судьяларды алмаштыруу, аймактардагы иштин сапатын жогорулатуу болгону белгиленип жүрөт.

Садыр Жапаров бийликке келгенден бери сот системасын реформалай турганын айтып, атайын кеңеш түзгөн. Бирок Кыргызстанда сот тармагына байланыштуу нааразылык дагы эле бар. Буга чейин үч ыңкылаптын негизги себептеринин бири катары сот адилетсиздиги аталып келген.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG