Акыйкатчынын өкүлдөрү арыздангандардан кабар алып, материалдарды Башкы прокуратурага жөнөтөрүн маалымдады. Кыйноолорду алдын алуу, жаза аткаруу тармагын жакшыртуу, реформалоо үчүн кандай иштер жасалууга тийиш? Ушул жана башка суроолорго Эл аралык адилеттүүлүк жана өнүктүрүү борборунун (CDJI) төрагасы Азамат Шамбилов жооп берди.
- Адатта абактагы кыйноолор жөнүндө сөз кылганда көбү уруп-сабоону, кол көтөрүүнү элестетишет. Моралдык-психологиялык басым канчалык кооптуу?
- Моралдык-психологиялык басым тууралуу кеп кылганда биринчи кезекте БУУнун кыйноолорго, башка ырайымсыз, адамдын ар-намысына шек келтирген, кемсинткен мамилеге жана жазалоочу чараларга каршы конвенциясын эске алуу зарыл. Конвенцияда ошондой адамгерчиликке жатпаган мамиле жана жазалоо так аныкталган. Борбор Азия өлкөлөрүндө кыйноо тууралуу сөз кылганда негизинен сурак учурундагы же жабык жайлардагы адамдын дене-боюна келтирилген залака-зомбулукка көңүл бурушат.
Ырайымсыз мамиле түрдүү болушу мүмкүн. Мисалы, медициналык жардам көрсөтпөй коюу, жашоо үчүн башка эң зарыл кызмат берүүдөн баш тартуу, аялдардын этек кири келгенде гигиеналык каражаттар менен камсыздалбай калышы да ошол топко кирет. Ошондой учурлар Казакстанда же башка өлкөлөрдө катталган жана адамгерчиликсиз мамиле деп сыпатталган.
Абактагы кызматкердин психологиялык басым-кысымына, стресске туш болуу да ырайымсыз, кемсинтүүчү мамиле деп саналат.
Алсак, Казакстанда бир нече жылдан бери катаал мамиле тууралуу берене иштеп жатат. Постсоветтик аймакта биринчилерден болуп кыйноо тууралуу беренеге адамгерчиликке жатпаган мамиле да киргизилген.
Кыргызстанда негизинен уруп-сабоо, ыдык көргөзүү өңдүү зомбулукка көңүл буруп келишкен жана азыр да ошондой. БУУнун нормаларына ылайык, адамды кордогон, ар-намысын тебелеген, кемсинткен мамиле жазалоонун бир түрү болуп саналат.
- Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) жогоруда сөз болгон кишилердин даттанууларын, айыптоолорун четке кагууда. Абак өзү жабык жай болгондуктан ал жерде отургандардын чыныгы абалын билүүнүн, кимиси чындыкты, кимиси калп айтып жатканын кантип аныктаса болот?
- Арыз-даттанууларды ошол окуя болгон жайдын кызматкерлери эмес, башка, өзүнчө орган жакшылап иликтеши абдан маанилүү. Себеби эгер алар өзүлөрү эле териштире турган болсо, анда көз карандысыздык жана айкындуулук принциби бузулат. Мисалы, Юстиция министрлигинин департаменти, Кыргызстанда Башкы прокуратура болушу мүмкүн.
Улуу Британияда жабык жайларда иштегендердин үстүнөн даттанууларды караган атайын комиссия иш алып барат. Катаал мамилеге арызданууларды, абактагы өлүм учурларын иликтеген өкмөттүк комиссиялар да бар. Алар окуяларды ачык-айкын териштирүүгө шарт түзөт.
Кыскасы, мыйзам бузууларды ЖАМК эмес, көз карандысыз орган иликтеши керек.
Текшерүүнү Коррупцияга каршы кызматынын, Башкы прокуратуранын атайын комиссиясы жүргүзүп, ага жарандык коомдун өкүлдөрүн, мисалы, бир кездери Кыргызстанда иш алып барган коомдук байкоочу кеңештерин тартуу эң жакшы жол болмок.
Учурда Борбор Азияда акыйкатчылар даттанууларды териштирбейт. Арызды карап туруп, жооп беришет, андан ары жөнөтүшөт. Ал эми европалык бир катар өлкөлөрдө омбудсмендер даттанууларды иликтөөгө катышат, бардык жабык жайларга кире алат, көзөмөл камераларынын видеолору менен таанышууга укуктуу. Зарыл болсо бир-эки ай ошол жакта иштешет, прокуратуранын иликтөөсүнөн тышкары ар бир окуяны өзүнчө аягына чейин териштиришет жана көз карандысыз иликтөөнүн отчетун жарыялашат.
- Мен жогоруда сөз кылган окуялардын таанымал адамдарга, саясатчыларга, активисттерге тиешеси бар. Алардын иштери эл оозуна алынгандыктан, медиада көп чагылдырылгандыктан абактагы катаал мамилеге кабылганын билип жатабыз. Башкача айтканда, жөнөкөй жарандардын ошондой мамилеге туш болгону көз жаздымда калып жаткан жокпу?
- Албетте, шартуу айтканда, Берик Берикович деген алыскы айылдан келген, камактагы катардагы киши тууралуу ким жазсын? Ал маалымат каражаттарына жете албайт. Жабык жайлардагы системалуу мыйзам бузууларды медиа аркылуу аныктаса болот. Абактагы абалга даттануу механизми үстүнөн иштөө да маанилүү. Ал жерлердеги арыз салчу кутучалардын эффективдүү эместигин баарыбыз жакшы түшүнөбүз. Эмне дегенде кызматкерлер аларды ачышы, каттарды окушу, цензуралашы ыктымал.
Арыз-даттанууларды жеткирүү, тапшыруу ыкмасын кайра карап чыгуу зарыл. Мисалы, Казакстанда пилоттук долбоордун алкагында электрондук даттануу системасы сыноодон өтүп жатат. Ошол кайрылуу-каттарды сканерден өткөрүп, Башкы прокуратурага, көчүрмөсүн акыйкатчыга жөнөтүшөт. Бул анча жайылбаган практика болгону менен айыпкер арыз-муңу жазылган катты эч кандай көзөмөлсүз жөнөтө алат, түп нускасын сактоонун да кереги жок, аны айрып салса болот.
- Кыргызстан буга чейин мыйзамдарды гумандаштырып, ошондой эле абак жайларын реформалоону баштаган. Эл аралык коомчулуктун колдоосу менен башталган долбоорго өзүңүз дагы катышкансыз. Бул реформа кандай ишке ашкан, жаза аткаруу системасы кандай өзгөрдү эле? Дагы кандай иштер жасалышы керек?
- Кыргызстан бул жагынан Борбор Азияда үлгү алчу, алдыңкы өлкөгө айланган. Аймакта гана эмес, Грузия менен да салыштырган учурларыбыз болгон. Себеби бул багытта мыйзам кабыл алууда, тиешелүү өзгөртүү киргизүүдө бир топ алга жылууга жетишилген, жазага тартуунун альтернативалуу жолдору киргизилген. Албетте, прогресс болгон, эч нерсе жасалган жок деген ойдон алысмын.
Бирок ошол прогрессти кармап калуу, улантуу маанилүү. Менимче, Кыргызстандын жаза аткаруу системасынын, жалпы эле кылмыш-жаза укук системасынын акыркы 30 жылдагы эң чоң жетишкендиги деп жазага тартуунун альтернативалуу жолу катары пробация кызматын киргизүүнү атаса болот.
2019-жылдан былтыркы жылга чейин түрмөдө отургандардын саны эки эсе азайды. 2024-жылдын статистикасына караганда, Кыргызстанда жабык жайларда 7 051 киши бар болчу. Алардын арасынан 3 326 киши эркинен ажыратылган. 2019-жылы 15 миң болгон. Башкача айтканда, пробация чегерилгендер көп.
Бирок тармакты реформалоодо көптөгөн чечиле элек маселелер кала берүүдө. Реформалар пландалгандай уланган жок.
Жабык жайлардагы тобокелдиктерди аныктоо, баа берүү маанилүү. Мисалы, абактагы тополоң, тергөө абагынан качып чыгуу өңдүү чуулгандуу окуяларга күбө болбодукпу. Темир тор артындагы ар бир кишинин муктаждыктарын эске алуу зарыл. Себеби алар бири-биринен айырмаланат, 7 миң киши бирдей боло албайт. Муктаждыктары да, тобокелдиктер да ар башка. Экстремисттик жана террордук кылмыштар үчүн кесилгендер бар. Алардын жанында башка, зордукчул эмес кылмыштар үчүн соттолгондор отурат. Чөлкөмдө радикалдашуу маселеси өтө курч турат, ага көңүл бурулууга тийиш.
- Эл аралык долбоорлор, анын ичинде абактардагы адам укуктарынын сакталышына көз салган программалар да токтоду. Жарандык коом, жергиликтүү уюмдар бул тармакка кантип таасир эте алат?
- Албетте, долбоорлордун саны, эл аралык коомчулуктун, донорлордун колдоосу сезилерлик азайды. Жабык жайларды башкаруу, тескөө багытында, мен билгенден, буга чейинкидей ири программалар учурда жок. ЕККУ кандайдыр бир техникалык жардам берип жатат, бирок ал мурдагы жардамдын 0,01% түзөт. Колдоону көбөйтүү керек. Бул үчүн саясий эрк зарыл. Реформалар качан болду эле? Өлкө «биз реформаларды жүргүзүүнү каалайбыз, системаны жакшыртууну көздөйбүз», - деп саясий эркин билдирген кезде болгон. Мындай саясий эркти азыр Тажикстанда көрүп отурабыз. Ал жактагы түрмөлөр азыр ачыгыраак болуп калды, чоң-чоң программалар менен долбоорлор ишке ашууда. Бир эле өлкөнү мактай албайбыз. Бирок тажик абактары Өзбекстан жана Кыргызстан менен салыштырганда алда канча ачыгыраак деп белгилегим келет. Өзбекстанда жабык жайларга кирүү азыркыга чейин кыйын. Тажикстанда жазасын өтөп чыккандан кийинки реабилитация, реинтеграция программалары бар, кызматкерлерди окутуу, жаңы системаларды киргизүү багытында иштеп жатышат.
Кыргызстандагы реформалар, тилекке каршы, токтоп калды, алар жандандырылбаса эртең эле түрмө системасы көйгөйлөргө учурашы мүмкүн. Анын артынан кризис жаралып, аны жөнгө салуу абдан кыйын болуп калат. Алдын алуу, реформа жүргүзүү, тартип орнотуу мүмкүн болгон жерде эмне үчүн андайга жеткириш керек?
Жаза аткаруу системасы советтик замандан калган, эскирген. Канчалаган жабык жайлар оңдоп-түзөөгө муктаж. Акыркы жылдарда канча түрмө салынды? Мен билгенден Кызыл чырым уюму кургак учукка чалдыккандар үчүн колония салган. Мамлекет өзү кандай иштерди бүтүрдү? Канча жерде ремонт жасалды? Соттолгондор өз-өзүнчө камераларда кармалабы же 30, 40, 50 же 100дөн киши барактарда жатабы?
Ушундай өзгөрүүлөр үчүн реформаларды жандандыруу жана реформага кризис-менежердин көз карашы менен кароо маанилүү.
- Кыйноолор көйгөйүнө кайтсак. Мындай терс көрүнүштү алдын алуу, толугу менен жоюу үчүн эмнелер жасалууга тийиш?
- Кыргызстанда бул багытта жасалган оң жылыш деп кыйноолор боюнча берененин катаалдаштырылганын айтсак болот. Асыресе жоопкерчилик жүктөлгөндөрдүн чөйрөсү кеңейтилген. Быйыл мартта кол коюлган документте айтылгандай, кыйноо деп күнөөнү моюнга алдыруу, маалымат алуу, коркутуу, күчкө салуу же жазалоо, дискриминация кылуу максатында физикалык же психикалык азап чектирүү сыпатталат.
Берене ишке кирсе, анда абактын кызматкерлери гана эмес, мисалы, алардын тапшырмасы менен жанында отургандарды сабаган айыпкерлер да кыйноо үчүн жоопко тартылат.
Муну менен катар тергөө амалдары жакшыртылууга, сурак жүргүзүүнүн жаңы ыкмалары киргизилүүгө тийиш.
"Мендес принциптери" деп аталган эрежелер ушу тапта бүт дүйнөдө колдонулуп жатат. Ага ылайык, сурак интервью түрүндө жүрөт. Бул ыкма 1980-жылдары Британияда киргизиле баштаган. Ал жакшы натыйжага алып келип, ошондо кыйноолор 99 пайызга азайган. Британиянын артынан ал ыкма Канадада, Скандинавиядагы өлкөлөрдө кеңири тараган. Дүйнөнүн ар кайсы жеринде бул модель киргизилген.
Күч түзүмдөрүнүн реформасы маанилүү деген себебим, кыйноого кабылганын айткан адамдар ошондой мыйзам бузууга камакка алуу, тергөө амалдарынын жүрүшүндө туш болдук деп даттанышат.
Андан тышкары сот системасын да унутпоо зарыл. Эмне себептен далилдер базасы бекем эмес иштерди өндүрүшкө кабыл алышат? Бул жерден соттордун көз карандысыздыгын белгилейт элем. Алар кармалгандардын айткан сөзүнө, көрсөтмөлөрүнө гана эмес, ДНК, башка анализдерге, башкача айтканда, реалдуу далилдерге таянышы керек
- Тигил же бул өлкөнүн саясий-экономикалык абалы менен кыйноолордун байланышы барбы? Мисалы жакыр, авторитардык өлкөлөрдө андай мыйзам бузуулар көбүрөөк жолугат деп айтуу канчалык жүйөлүү?
- Түздөн-түз байланыш бар деп айтса болот. Кыйноолор экономикага, өкмөткө залакасын тийгизет. Биз Казакстан БУУнун кыйноолорго каршы факультативдик протоколун ратификациядан өткөргөн маалда анализ кылганбыз. Казакстан үчүн экономикалык пайда табуу, инвестиция тартуу, экономикасы өнүккөн 30 өлкөнүн катарына - Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмуна кирүү маанилүү болчу. Кыйноолор маселеси инвесторлордун мамилесине чоң таасир этет. Өлкөгө келебиз, акча салабыз дегендер биринчи кезекте укуктук базага, адам укуктарынын сакталышына көңүл бурушат.
Дүйнөлүк банктын, башка эл аралык институттардын атайын көрсөткүчтөрү бар. Мисалы, Казакстанда англо-саксон укуктук моделиндеги соттор түзүлгөн. Жараян жүрүп жатканда инвесторлор өлкөдө кыйноолордон коргогон механизмдер болушу керек деген принципти карманган.
Бүгүнкү күндө Тажикстанда да ошондойго күбө болуудабыз. Англиядагы соттордун үлгүсүндөгү экономикалык соттор түзүлүүдө. Инвестициялык механизмдерди киргизүү, алардын талаптарына жооп берүү азыр ал өлкөдө кызуу талкууланып жатат.
Ар бир өлкөнүн инвестицияларды кабыл алуу жөндөмүн текшерүү жолдору бар. Албетте, экономика төмөндөсө кылмыштуулук өсөт эмеспи. Алардын бетин тезирээк ачуу муктаждыгы келип чыгат. Мындай абалда тартип коргоо системасы жакшы жолго коюлушу керек. Күч түзүмдөрү бат-баттан кылмыштардын бетин ачууга, сандарга эмес, сапатка басым жасоого тийиш. Себеби аймактагы көп өлкөлөрдө эски советтик система кала берүүдө. Канчалык көп кылмыштын бетин ачсаң, сен азыраак, бирок сапаттуураак иштеген кесиптешиңден жакшы кызматкерсиң деген түшүнүк калыптанып калган.
Шерине