Президент Садыр Жапаров инвестициялык долбоорлор үчүн чет элдиктерге убактылуу берүү пландалып жаткан жер тилкелери боюнча экинчи ирет үн катты. Мамлекет башчы 21-июлда Фейсбуктагы баракчасында пост жазды.
Жапаров коңшу өлкөлөр менен чек араны тактоодон кийин Кыргызстандын аянты 20 миллион 9 миң 572 гектар деп аныкталганын белгилеп, мунун 18 миллион 698 миң гектар жер мамлекеттик жана муниципалдык менчикте, 1 миллион 82 миң гектары жеке менчикте экенин тактады.
Президент Кыргызстан эгемендик алгандан бери инвестициялык долбоорлор үчүн берилген жерлердин аянты өлкөнүн 0,1%ынан ашпай турганын кошумчалап, ошол эле жерлерге инвесторлор ишкана-заводдорду курбай, башка багытка пайдаланып кетишкенин билдирди.
“Тескерисинче, жерлерди 49 жылга ижарага алып алышып, бүгүнкү күнгө чейин эч нерсе курбай пайдалануу укугун колдон колго сатып же жерди башка багытка буруп колдонгондор көп болуп чыкканын акыркы беш жылда аныктадык. Ошондуктан ушундай жерлерди жөнгө салуу үчүн бул мыйзамды кайра карап чыгуу сунушталып жатат. Биринчиден, жерди кайсы багытка алса ошол багытта колдонсун. Экинчиден, 49 жылга алган жерди 36 жыл бою эч нерсе курбастан кармап жатпасын же экинчи жактарга сатпасын. Инвестор өзүнө алган милдеттенмелерин тез аткарууга, белгиленген мөөнөттө объектти курууга, инвестиция салууга жана жумуш орундарын түзүүгө милдеттүү. Милдеттенмесин аткарбаса, келишим токтотулуп, жер мамлекетке кайтарылып, тез кура турган инвесторго берилет. Ошондуктан завод, фабрика жана башка инвестициялык объектилерди куруу үчүн берилген жерлер өлкөбүздүн жалпы аймагынын 0,1 пайызына жетпеген жерлерди кара пиар кылып, "Кыргызстандын жерин сатып жатышат" деп элди дүрбөлөңгө салбагыла. Биз жерлерибизди сатпайбыз. Бирок инвестициясыз мамлекетти өнүктүрө албайбыз. Мына ушуну эстен чыгарбагыла. [...] Мыйзамды сактап, Кыргызстанга капитал, технология, өндүрүш жана жумуш орундарын алып келген инвесторлорго эшигибиз ачык болушу керек. Ошондуктан бул маселеде элдин сезими менен ойноп, ар бир инвестициялык долбоорду "жер сатылып жатат" деп манипуляция кылууну токтоткула! Кыргызстандын бир сантиметр дагы жери башка мамлекетке өтпөйт. Бирок Кыргызстандын ар бир метри элибиздин бакубат жашоосу жана мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн иштеши керек. Ушул жерден бул маселе боюнча чекит коёлу. Бизге бүгүн куру дүрбөлөң эмес, заводдор, жумуш орундары, инвестиция жана күчтүү экономика керек”, – деп жазды президент.
Мамлекет башчы чет элдиктерге берилчү жер тилкелерине заводдор, фабрикалар, логистикалык борборлор, туристтик объектилер, электр станциялары жана башка нерселер куруларын ачыктады.
Садыр Жапаров 17-июлда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, Жер кодексине сунушталган өзгөртүүлөр боюнча коомдогу кооптонууларга жооп берген. Ал чет элдик инвесторлорго жерди 49-50 жылга чейин ижарага берүү механизми Кыргызстанда көп жылдан бери колдонулуп келгенин белгилеп, инвестор жерге менчик укугуна ээ боло албай турганын, белгилүү мөөнөткө гана пайдалана ала турганын айткан.
Министрлер кабинети 14-июлда Мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизип, “президенттин чечими (тапшырмасы) менен улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн капиталдык объектилерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет өлкөлүктөргө 50 жылга чейинки мөөнөткө бир жолку төлөмдүн негизинде убактылуу пайдаланууга берүүнү” караган токтом долбоорун сунуштаган. Бул коомдо ар кандай талкууга жем таштаган. (ErN)
Шерине